Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

 Ушуну айтып жардамчы Дей Лама Цунун жообун күтүп турду. Лама Цу иш бөлмөсүнө барбай, бир жумадан бери төшөгүндө жаткан. Бир эле аптада начарлап кетти. Өйдө турууга шайманы жок. Оозуна наар албай калганына бүгүн мына туура үч күн. Же бир Дейге айтып койбойт, эмне болуп атканын. Оорудум десе дары апкелет эле. Айтпайт эч нерсе. Болгону, бир гана тапшырма берген жардамчысына. «Жыгач устага барып арча тактайдан бир үкөк жасат. Бир киши лотос порумда отурганда баткыдай болсун. Тез бүтүрүп берсин да баасын айтсын. Дароо төлөп берем» деген болчу бир апта мурун. Ошондон бери жыгач устанын иши чачтан көп белем, бир үкөктү жасап бүтпөйт. Эми мынакей, бүгүн бүтөбү десе дагы бир шылтоосу чыга калыптыр. Арча тактайы түгөнүп, бир капталына жетпей аткан имиш. Жооп күткөн Дей кыйлага устатын тиктеп турду да, жаман ойлорго түштү. Өнү аябай эле начарлап кетиптир устатынын. Бетинде кан-сөлү жок. Жардамчысы айткан эмелеки сөздү укпай да калды окшойт.

- Урматтуу Лама, - деп Дей устатынын билегин аяр кармап көрдү эле.

- Ойлонуп атам, – деди ошондо Лама Цу үнүн араң кирилдетип.

-Бир капталын жөнөкөй тактай менен урбай эле койсун. Чирип калат бат эле. Андан көрө акчасын төлө, а үкөк болсо устаканада тура турсун. Сааты келгенде аласыңар. Уулум, Дей сен да менин баламдайсың Айырмаң жок. Мани Ясодон кем көрбөйм сени. Менин жердеги бакытым ушул – жакшы кишилер менен чогуу жашап, чогуу иштедим. Ыйык атабыз кайра жаралып менин колума келди. Бактым ушунда. Эми болсо аны бийликтин ченгелинен куткаруу керек. Тез....

Лама Цунун жумулуу көздөрүнүн кычыктарынан жаш сызылып, мукактанып калды. Дей түшүндү, устаты бир шумдукту айткан атканын. Ошон үчүн жүүртө басып жанына жакын отурду.

- Ойлой берип эч амал таппадым. Далай-ламага кимдин алы жетет? Аны Мани Ясо өзү гана теске салып коёт эле, бирок антүүгө болбостур... Ошон үчүн бир гана жол калды, уулум Дей. Мани Ясону туткундан бошотуш үчүн мен эч токтолбой, тезирээк бул дүйнөдөн кетейин. Абдан кечигип калдым. Эгер мындан тогуз жыл мурун Мани Ясону жолуктурбаганда кете бермекмин. Ошондо эле даяр болчумун кетишке. Анда жетимиш жашта элем. Алдуу-күчтүү кезимде кетип калайын деп тургам. Кийин, кайра жаралганымда деле мага күч-кайрат керек эмеспи. Ошон үчүн өтө карып, шалдырай элегимде кетип калайын деп турсам, Жараткан бир жылдыздай баланы өзүң мага апкелип колума салып бердиң Анан кантип мен Сага ыраазы болбоюн! Ыраазымын Жараткан! Уулум, Дей. Мобул үч катты бекем катып ал. Ичин ачпа. Менин сөөгүмдү коюуга Мани Ясо келиш керек. Панчен лама ага кабар жеткирсин. Панченге өзүм да айтам. Ошондо мынабул үч катты өз колуна тапшыргын. Башка бир адамдын колуна тийбесин. Уктунбу, Дей?!

- Мани Ясонунбу?

- Ооба. Бирок түшүндүр. Биринчи гана катты ачсын. Калган экөөнү качан ачыш керек экенин ошондо өзү түшүнөт. Уктунбу, Дей?

 - Уктум, ата. Тамак апкелеймби?

- Кой антпе. Мен жолдон калбайын. Ошон үчүн жакшылап угуп ал. Алиги арча үкөктү терең чуңкур казып туруп орноткула да ичине сөөгүмдү лотос порумунда отургузуп туруп үстүнө толтура туз төгүп, капкагын жапкыла. Анан тактай жетпей калган капталына таштан кынап туруп бышыктап көөмп, үстүмө бир белги коюп койгула. Калганын Мани Ясо каттан окуйт.

 

***

 

Ошондон туура үч күн өткөндө Жохан храмынын сары чапан монахы дем алуусун токтотуп, мемиреп тынч жаткан Лама Цунун аяк жагына келип отуруп «Бардо Тедол» келмесин келтирип, адамдын жанын аркы дүйнөгө узатуу ишаратын жасап атты.

 Сапарга кетип аткан адам «Өмүр айлампасындагы» жашоосун үчүнчү жолукайталап, жүрүм-турумун, кылган иштерин, ойлогон ойлорун, бүткүл рух касиетин Будданыкына тете өнүктүрүп, ошону менен Адам деген бийик атка жетүүгө умтулган жан эле. Бүткүл индокытай дүйнөсү Цунун ушундай улуу максаты бар инсан экенин билишчү. Ал түгүл момундай максатты кубалаган ламанын бул дүйнөдөн качан өз ыктыяры менен өтүп кетээрин астейдил күтүп да жүрүшчү. Лама Цу бир чети ушул үчүн да шашылды аркы дүйнөгө.

Дагы бир күндөн кийин маркумдун сөөгүн коюу расмысы аткарылды.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.