Казат Акматов: Архат

ЭКИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

Дей ошондогу бүт кыймыл-аракетин, баскан-турганын, өзгөчө Лама Цунун эң акыркы көрүнүшүн көп ирет көз алдынан өткөрө бере турган болуп алды. Бир күндө нечен жолу кино көргөн сыяктуу көрөт.

Дей акырын кыймылдап, дабышсыз кийинип, жуунуп, тамак ичимиш болду да кайда бараарын, эмне кылаарын билбей биртопко отурду. Иш жок. Шашке ченде, саат ондордо гана бир кыжалат жумушу бар, ошону бүтүрсө болду, андан кийин бекер. Таптакыр эле бекер. Ошону ойлогондо Лама Цудан айрылганын дагы бир мерте эстеп алды. Ичи-боору дагы бир сыйра аңтарылып кетти.

А бирок, саат ондогу жумушу аны катуу чыйралтып турду. Мани Ясого керэ эз кылып багыштаган Лама Цунун үч катын Потала ордосарайында иштеген бир ишенимдүү, болгондо да устатынын окуучуларынын бирине алпарып бермек, Ошондой деп сүйлөшүшкөн. А тигил болсо каттарды Лама Ясого эптеп жеткирмек. Ырас, Лама Ясо жашап-иштеген жогорку кабаттарга жөнөкөй кызматкерлердин өтүп барышы оңой иш эмес, ал кабаттар Далай-ламага, жана анын үй-бүлөсүнө гана тийешелүү, ошентсе да аракет кылуу керек болчу.

Дей аракетти бир нече мерте жасап да көргөн. Мындан мурун ал башка бир, Поталага кирип-чыгып жүргөн таанышынан берип жиберсе анысы каттарды эки күн жанына салып жүрүп кайра апкелди. «Лама Ясоң өтө катуу кайтарууда турбайбы. Ал жака чычкан жөргөлөп өтө ала турган эмес» деген анысы, Кийин Жакан храмынын ректору бир сапар аракет кылып көрдү да дароо жалтактап качып калды. Далай-Ламанын бир жардамчысынын айтымында Мани Ясого кимде-ким жолугам же сүйлөшөм десе ал Далай-Ламанын балээсине калат деген экен. Ошол сөз сыртка тарагандан кийин Дейдин өтүнчүнөн ким эле болсо жаа бою качып калган. Ошентип керээз катты эле ээсине тапшырыш чоң тозокко айланып турган.

Катты жеткирип берем деген бүгүнкү монах болсо Лама Цуга бир чети тууган, бир чети колунда окуп чоңойгон. Өзү болсо он экинчи кабатта сакчылыкта турган бир полицай менен жатындаш эле. Дей ошого бел байлап мелжешкен маалда сүрү жүрөктү түшүргөн Тибеттин Ордосарайына жакындап келди. Кечээки жаандан чоң көлчүк калган экен. Бийик аскадай шаңкайган Поталанын элеси ошол көлчүктө жатат жыбыр-жыбыр этип. Дей ошону карап саамга тура калды да кайрадан алдыга жылды. Анын чочулап, өз көлөкөсүнөн өзү коркуп баратканын ким деле болсо байкамак. Анткени көзү өтүп кеткен Лама Цунун өзүбү же анын Мани Ясого жазган каттарыбы, атүгүл Дей бечарабы, айтору баары тең Далай-Ламага жакпай калышканын ал билет. Бирок эмне үчүн экенин түшүнбөйт. Кат ташыйм деп жүрүп колго түшсөм катуу жаза алып каламбы деп да саруулайт.

Туристтер оңбогондой көбөйгөн. Кытайда «атипичная пневмония» деген жу гуштуу оору чыкканда турист дегендин Тибетте да изи сууган болчу. Анан кытай бийликтери бат эле ал оорунун айласын таап, дүйнөгө жар салды да, туристтер үчүн бүткүл өлкө боюнча эки эсе жеңилдик берип, чыгымдарын арзандатты. Ошондо Тибетте да, өзгөчө Ордосарай Поталага кирип чыгуу акысы элүү пайызга ылдый түшкөн болчу. Ошентип айлакер кытай бийлиги тез эле бөксөсүн толтуруп кирген.

Туристтердин арасында жылып баратып да, Дей чочулай баштады. Анткени анын эч кандай турист эмес экени көзүн таңып алган кишиге деле көрүнүп турбайбы. Ошон үчүн каптал-капталда турган дубинкачан полицайлар аны теше тиктеп атпайбы.

 Денесин саал калтырак баскан Дей акыры жетчү жерине жетип турду да, өзүн караган көздөрдөн жалтанып, кокус бирөө жакындаса эле кайра артын көздөй кач чудай. Бирок ондой берди болду. Баягы айткан монах дал убагында чыга калды да, Дейден үч кат салынган бир чоң пакетти алган бойдон кайра кирип кетти. «Катты бердим деп жообунду айтып кой!» дегиче болбой кирип кеткенин кара!

Бирок, жообун алды Дей. Болгондо да эртеси эле алды. Жооп эмес, баягы пакеттин өзүн кайра алды. Түз эле Потала храмына, Дей жаткан бөлмөгө бир бейтааныш полицай апкелип таштап кетти. «Лама Ясо Ордосарайда жок. Кайда экени белгисиз» деп жооп айтты келген неме.

Эч нерсе түшүнбөй оозун ачкан Дей бирдеме сурайын деди эле тигил полицай андан озунуп, алаканын жая ийнин куушурду да кетип калды. Мына ошентип лама илими менен билимине бүт өмүрүн берген Лама Цунун кыргыз шакиртине арнаган бир үкөк толтура «Калачакра» тексттери, анан дагы табышмактуу үч каты кайрадан Дейдин көптөн бери жуула элек, тапталган бозчаңгыл жаздыгынын астында жатты...

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.