Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
- Бешинчи курска дейре эмнеге окуп атканын билбесе, анан кандай адис болот? Өзүң ойлочу!
– Быйылдан кийин акча жибербе, ата. Быйылдан кийин силерге көп акча салып турам.
Саламат уулунун сөзүнө кызыга түштү:
- Кайдагы акчаны саласың? Өзүң окуп атсаң?
- Табам. Болгону сен апамды урушпа, ата. Бүткүл акчаңды кайтарып берем.
- Жо, мен сени карызсың деп аткан жокмун. Кандай сүйлөйсүң өзүң! Мен сени билим ал деп атам, адис бол деп атам. Адилеттиктин окуусу дейсиң Ошондой да окуу болчу беле? Андай окуу жок бу дүйнөдө! Адилеттик өзү жок болсо, анан анын окуусу болчу беле?!
- Тамактан алчы, каралдым. Атаң бир чети туура айтат, уулум. Мен бул жагына кошулам атаңа. Адилеттик деген жок нерсе го! Билесиң да баягы мыкаачы агаңдычы. Үч уйубузду тирүүлөй кескилеп көтөрүп кеткеничи. Ошону атаң сотко кестире албай койбодубу. Туура төрт жыл кармашты. Акыр аягында күнөөсү жок деп актап ийди сотчу. Атаң нерв жинди болуп кала таштады тимелечи. Туура бир ай төшөктөн турбай жатып калды. Карабайсыңбы, ошондон кийин колдору, беттери ала болуп кетти.
Адилет атасын эми көргөнсүп таңыркай карады. Чынында эле капкара колдорунда, мойнунда, кулак түптөрүндө аланын тагы пайда болуп калыптыр.
- Мен дары чөп берем, ата. Үч жолу айдын жарыгында сүйкөсөң айыгасың.
Саламат өмүрүндө биринчи жолу жылмайып аткансып бети-башын араңдан зорго тыржыйтты.
- Ошондой десең! Биздин эсти оодарбай
- Анда мен жүгүрүп барып апкеле коёюн чөптү. Убактым бүтүп калды.
- Ой, биз менен болбойсуңбу жок дегенде бир сотке?
- Андай болбойт, ата. Бир гана саатка улуксат берген. Адилет жүгүрүп кетти.
-О, иненди урайын. Түрмөгө түшкөнсүп.
Баласы кетээр менен Айзада үшкүрүп полго отура калды:
– «Көзүмдү ачат» дейт, «учам» дейт. Бул эмне деген окуу, ыя кокуй, Саламат.
- Аны мен сенден сурайын! Таштан экөөңөн!
- Ал деле жаман болсун деген жок го...
- Ошол мунун башын тескер айланткан. Тээ кичинесинде эле!
- Балам такыр эле өгөй болуп калганбы. Үй-жайды, мал-салды бир сурап
койгон жок.
- Молдонун окуусу да. Кийген кийимин карабайсыңбы.
- Молдо болбой эле койсо болмок, каралдым.
- Болгондо да тибеттин молдосу! Анын бизге эмне кереги бар? Алып кетели баланы! Сен ортого түшпөгүн, айтып коёюн. Мен өзүм алып кетем! деп Саламат жакшы эле комдонуп, керек болсо баласын билектен алып коё бербей койчудай болуп турган. Аңгыча каалга ачылып башка бир жапкак көз неме кирип келди.
- Мына бу дары сизге, - деди ал кагазга оролгон чөптү Саламатка сунуп
англисче. А мына бул записка сизге.
Айзада тиги берген кагазды окуса баласы минтип жазып койуптур: «Апа, ата, мага таарынбагыла. Келсем мугалимим күтүп атыптыр. Сабакка кирип кеттим. Кошкула».
Эненин шаа-бою муздай түштү, унчукпай кагазды столдун үстүнө таштап койду.
Саламат болсо аны окуур менен желкеси дүгдүйүп, көздөрү чанагынан чыгып, өңү кыпкызыл!
- Мен деректерине барам! - деди ал сыртты көздөй бой уруп
Ошентип Саламат жарым күн бою храмга кире албай, дарбаза кайтарган монах-полицай менен мушташа кетип, кечке жуук мейманканасына качып келип дароо эшигин ичинен илди.
- Инеңди урайындар, камап салчудай! - деди бүткөн бою калчылдап.
- Кимди, кокуй?!
Кечке саруулап жатып көздөрү шишиген Айзада эчтеме түшүнгөн жок.
- Ал мени төшкө түртөт, инендурайын. Мен дагы беттен ары бир койдум да баса бердим.
- Кимди дейм?!
- Киргизбей атпайбы! Жанагы дарбаза кайтарган сволоч!
- Кимди камап салчудай анан. Сениби?
- Анан кимди камамак эле!
Иштин баары ойрон болгонун түшүнгөн Айзада дароо чемоданын чогулта баштады.
- Бол тез! Батыраак кетели бул жерден! - деди ал асынма сумкасын ийнине салып атып.
Автобекетке чейин бир чакырымча жолду экөө энтеңдеп жөө чуркады. Мындайда деле кашайып унаа чыкпай калат. Дагы жакшы - жол эңкейиш.
- Апкелген тамагыбызды кайра апкетип баратканыбызды кара! - деди качып кутулдум го дегенсип, биртике жүрөгү ордуна келген Саламат эки ийниндеги зылыйган эки сумканын оордугуна ызаланып.
- Анан эмне, талаага таштайт белек?
- Тетиги кайырчыларга таратам, инендурайын!