Казат Акматов: Архат

БИРИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

- Анжелачы, байке?

- Анжела эмне? Мени сүйөм деп ал байкуш бүт өмүрүн тозокко салды, баарынан ажырады. Акыры менден да ажырады. Ата-энесинен, күлгүндөй өмүрүнөн, жарык дүйнөдөн ажырады. Ушундай да сүйүү болобу?!

Бирок иним, мен ичээр суум түгөнгөн кезде каниет кылар бир нерсем бар. Аны сенден башка эч кимге айтпайм. Сени бул жердегилер «касиеттүү Миларепа» дешет экен. Ошон үчүн тозокко барардагы кымындай кубанычымды айтып кетейин.

Бир жылча сандалып, Кытай чегиндеги топоз баккан кыргыздардын ирегесинде күн көрүп жүргөндөн кийин Тибетке келдим. Кандайдыр бир сезимге жетеленип отуруп акыры ушул Жахан храмга жетип токтодум.

Храмга келгенден кийин гана Анжелам менин түшүмө кире баштады. Ага чейин эмнегедир кирчү эмес. Түшүмдө эми мен аны кадимки өңүмдөгүдөй көрчү болдум. Тимеле жүрөктөрүбүз эзилишет, колдорун кармайм, колдору ысык, чачынан сылайм, каректерине тигилем... Ал да мени ушунчалык төгүлүп тиктейт, кээде ойгонсом жалгыз көзүмөн жаш куюлуп жаткан болот.

Анан, бул Тибетке келгени Анжела экөөбүз дайыма бирге жашайбыз. Асманга учабыз. Булуттарды аралап, кол кармашып учабыз. Ал мага мындай дейт, иним «Жүрү, башка планетага учуп кетели», - дейт. «Кайда, кайсы планетага?» - десем, «Сириуска» - дейт. Мен андай планетаны, кудай акы билбейт экем. Мен бар болгону жерде жашаган макулукмун.

- Мен билем, байке, Сириусту. Ал асмандагы эң жаркырак жылдыз! — деди Адилет Барластын колун кармап. - Бирок аякка жетиш үчүн жылдыздар аралык гравитациялык коридор менен учууга жетишиш керек!

- Биз, Анжела экөөбүз жөн эле уча беребиз, иним.

- Түшүңөрдө да.

- Анан кандай дейсиң? Эгерде өңүбүздө уча турган болсок бир мүнөткө да калбайт элек, ушул ырайымсыз жердин үстүндө. Адамды кудай канатсыз жараткан турбайбы.

- Адам уча алат, байке.

- Техниканы айтасыңбы?

- Жок. Адам өзү уча алат!..

- Болуптур. Эгер сен ошону тилесең, тилегинди кудай берсин.

- Эч кандай кудай жок, байке. Адам өзү алдына улуу максат коюп ошого жетиш керек.

- Эге-гее, таң калып атам. Сен бул жакка келип алып кудайсыз болуп калгансыңбы?! Же Буддабы сенин кудайың?

- Будда кудай эмес, Олуя.

- Олуя? Олуя деген эмне?

- Бул жашоого, же болбосо бул жарык дүйнөгө, анан тигил дүйнөгө да көзү ачылган адам.

Болгону элеби? Хе-хе-хе. А мен Будданы кудай деп жүрбөйүмбү.

- Байке, мен кетейин. Издеп атышат.

- Кетсең эми кармабайм, иним. Бирок акыркы сөзүм ушул. Бул жакта сөөктү көр казып көмбөйт турбайбы. Жер катуу, көр казылбайт дейт. Өрттөп ийет экен.

Тигине, мен өзүмө отун жыйып койдум. Эл катарлуу денемди өрттөп ийгиле. Жаным асманга учуп кетээр. Эгер булардын айтканы чын болсо жаным Анжеламдын жанына барып кошулаар. Ошон үчүн бул жарыктан тезирээк кетким келет.

Сен өлүк ээси болуп бер иним, Адилет. Акыркы өтүнүчүм ушул.

- Кабатыр болбонуз, байке. Жаныңыз Сириус жылдызына учуп кеткиче дагы далай жолугушабыз.

- Сириусту эле көп айтат экенсиң иним. Бар эми, кош.

- Эмкиде келип качан өлөөрүңүздү айтып берем. Бирок кийин кайра жараласыз, ошону билип коюунуз.

-Ха-ха-ха!

 

 

 

БЕШИНЧИ БӨЛҮМ

_____________________________________________________________

 

Тибеттеги окуунун бешинчи жылында Мани Ясонун ата-энеси күтүүсүздөн Лхасага келип калышты. Келебиз, коёбуз деп эч кандай кабар беришкен эмес.

Таңкы саат алтыда Мани Ясо кезектеги сабагын алмака Лама Цунун илим бөлмөсүнө барган.

- Атаңыз менен энеңизди сагындыңызбы, уулум? - деди Лама сынагандай жылмайып.

- Жок. Сагынган жокмун.

- Бирок көрүшүп койсоңуз болот. Алар эми сиздин тилиңизди түшүнүшпөйт. Айткан сөздөрүңүздүн бирине да макул болбойт. Бирок сиз капа болбоңуз. Акылэси толгон чоң киши үч жашар бала менен талашып-тартышпайт да.

- Мен сизге түшүнбөй турам, улуу Лама. Мени Кыргызстанга, ата-энеме жиберген турасызбы?

- Ата-энеңиз бул жерде, мейманканада сизди күтүп отурушат.

- Ата-энемби? Кызык!

- Алдыңызда беш жылдык окууңузду жыйынтыктоочу татаал сынак турат. Андан соң үчүнчү көзүңүздү ачабыз, уулум. Ата-энеңиз дал ушул чоң сыноолор болоор алдында беймаал келген экен. Сиз менен көрүштүрбөй койсок да болбос. Бирок эч бир толкунданбай, көңүлүңүздү дүрбөлөңгө түшүрбөй, бир сааттан кийин кайра келишиңизди күтөм.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.