Казат Акматов: Архат

БИРИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

Эки көзүм тең кан толуп көрбөйт, улам сүртсөм улам кан толот. Көзүмдүн, бети-башымдын териси сыйрылып самсаалап жүргөнсүйт. Ага да болбой Анжеланын үнүн көздөй чуркай бердим эле, бир кезде терең ангекке бүткөн боюм менен согулдум. Эсим ооп көпкө жатыпмын. Бир маалда көзүмдү ачсам асман да, айланам да кыпкызыл жошо. Адегенде эч нерсе түшүнбөй жатып анан боолгодум - көздөрүмө дагы эле кан толуп жаткан экем.

Адам ит жандуу деген туура, эки-үч күн ошол жыгылган жерде жатып акырында сендириктеп туруп кеттим. Бычагым жамбашымдын астында, балчыкта жатыптыр. Аны качан колума алганымды да билбейм.

Жакын эле турган палаткага жетиш мен үчүн тозок болду. Башымды такыр эле көтөрө албайм, көтөрсөм эле оң жаккы чечекейим кайра ылдый тартат, ооруганы болсо жан чыдагыс. Акыры төрт аяктап отуруп палаткага жетип жыгылдым. Ал жерде канча жатканым белгисиз, акыры бир шектүү дабыштардан улам ойгонсом баягы киши кийиктер палатканын ичин аңтарып, колуна тийгендерин бүт ташып кетип атышыптыр. Мен эмнегедир аларды даана көрө албайм. Көрсө оң көзүм агып түшүп калган экен. Бардык нерселер эле мага кыйшык көрүнгөнсүйт. Киши кийиктерге кол салгым келди, бычагым уучумда экен. Мен бүт күчүмдү жыйнап туруп оордуман серпилдим эле, рюкзактарды аңтарып аткан немелер шабыр-шубур качып жок болушту.

Эртеси сендиректеп туруп тамак издедим. Кудай жалгап консервалар аман калыптыр. Кыязы киши кийиктерге жыты жакпайт окшойт. Дагы бир эки күн ирденген соң, сокур көзүмдү чүпөрөк менен бекем таңып алып Анжеланы издеп жөнөдүм. Бычакты таякка байлап найза кылып алгам. Кокту ылдый кетсем кайра өйдө чыга албасыма көзүм жетти, - деп Барлас Адилетке күлүп койду.

Киши кийиктер эч жерде көрүнбөйт. Же алар мени аңдып жатып жайлаган атышабы, же коркуп качыштыбы, айтор белгисиз. Негизи бул айбандар өтө сак, анан коркок болооруна ынандым. Эпадам катуу чочуп кетпесе, же болбосо жырткыч сезими капыстан козголуп кетпесе булар адамга оңой менен өзүлөрү катылгыдай эмес.

Анжела тирүүбү же жокпу? Тирүү болсо эмне үчүн бир белги бербейт? Менин элес-булас сезимим ушундан башка эч нерсе ойлоого жараксыз. Бир аз жылгандан кийин башым айланып отуруп калдым.

Жарым айча убакыт өттү. Мен күн сайын коктуга жарык түшкөн кезде Анжеланы издеп чыгам да, кайтып эптеп палаткага келем. Бат эле кеч кирет. Кийин байкасам гейзер коктунун ичине болгону эки эле саатча жарык түшөт экен.

Акыры тамагым түгөнүп ачкадан өлө турган кез да келди. Менимче ошол аймакта эчки-теке болуш керек эле, бирок алар ысыкка жолобосо керек. Ошон үчүн мен гейзердин аймагынан чыгып, муздактан бир нерсе издей баштадым.

Мына ошондо, иним Адилет, алдагы теринин ээси менен жолугуштум. Ок жеген илбирс экен. Болбосо араң жан басып жүргөн мен буга чак келемби? Бир серпкенде күкүм болбоймунбу?

Мен найзама ишенип жанына жакындасам ордунан турбайт. Жатып алып эле айбат кылат. Экөөбүз тең окшошкон чала жан экенбиз, көпкө дейре тиктешип отурдук да, акырында мен ага мындай дедим: «Же сен, же мен аман калайын». Десем ал ордунан козголбойт. Ошондо чукул басып бардым да күрөө тамырына бычак уруп койдум. Анан кансыраганын күтүп көпкө отурушка туура келди. Акыры терисин сыйрып, этин бышырып жедим. Илбирстин эти курусун, өтө катуу болот экен, даамы жүрөктү айлантат, ташка корумдап коюп аны көпкө дейре оокат кылдым.

Ошентип, иним Адилет, Анжеламды таппай калдым. Анын тирүү эмес экенине көзүм жеткен соң чынын айтайын, мен анын сөөгү сөпөт болуп жаткан өлүгүн көрсөм эмне болот элем? А көрөкчө тирүү кезиндеги элесин өмүр бою жүрөгүмдө сактап калганды артык көрдүм окшойт. Акыркы күндөрү аны издегенден заарканып, качып калдым. Кудай өзү кечирсин.

- Анан кетип калдыңызбы?

- Анжелам өлүп жаткан жерге кантип жашайм?

- Гейзерди да таштадыңызбы?

-Ал жер мага таптакыр жакпай калды. Ал бейиш деген алдамчы гана сөз экен.

Киши кийиктерче чөп менен тамырын кошо жей албаган соң кете бердим.

Ошол иним, андан берки өмүрүмдү аркы өмүрүмө кошкум келбейт. Айткым да келбейт. Эч качан жолбун иттин турмушун көрүп калам деп ойлогон эмесмин.

Бир кездеги эл суктанган чемпион! Мынакей эми, өзүң көрүп турбайсыңбы.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.