Казат Акматов: Архат

БИРИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

Бир кезде дарбаза капыстан кайч этип Адилет жапжалгыз сыртка чыга түштү.

Өспүрүмдүн өңү бозоруп, кебетеси катуу чочугандай.

- Апа, - деди ал Айзаданын кучагына кирип барып.

-Балакетинди алайын. Жалгыз каралдым. Кантип эле сенден ажырап калалы. Ажырабайбызбы?!

Айзада уулун эки ийинден түртүп жүзүнө тике карады. Көздөрүн толо жаш чалып даана көрбөсө да уулун тиктеп турду.

Адилеттен эмнегедир жооп болгон жок. Айзаданын корккону дал ушул эле. Жүрөгү кабынан чыгып кайдадыр жетип кеткендей болду.

- Жүрү, атаңа баралы, -дегенге араң жарады.

Мейманкананын бөлмөсүн Саламат түтүнгө ыштап ийген экен, тимеле өзү көрүнбөйт.

- Кел, уулум! -деди ал тумандын ичинен үн чыгарып.

- Сөздүн кыскасы, мындай, Адилет. Сен үйгө барасыңбы же жокпу? Ачыгыңды айт. Качан барасың? Энең экөбүздү бүдөмүк кылба. Так сүйлө

-Окуумду бүтөйүн.

- Качан бүтөсүң? Даанасын айт.

- Билбейм качан экенин.

- Ой! Э кокуй! Ушундай да шумдук болобу?!

 - Чын эле билбейм.

-Бас, андай болсо, үйгө! Мен сени мындай кеңкелес окууга жиберген эмесмин!

-Мен быяктын кишисимин, ата.

 - Эмне - эмне?

 - Мен буларга керекмин. Силерге керегим жок.

- Кой, балам! Андай сүйлөбө. Мына, мен - энең турам го маңдайыңда!, -деп жанатан бери эси ооп отурган Айзада сөзгө аралашты.

-Керегим жок деген да болчу беле! Керек болгондо да кандай керексиң Мал-жанга каралаша турган киши жок. Кол жетпейт. Атаң экөбүз дедек болуп бүттүк. Чочколорду көбөйткөнбүз. Уйлар жалаң колду карайт! Мына азыр ушу кезде музоолоп атат, биринин артынан бири тууп. Сен керек эмей анан!

-Мен булардын кишисимин апа! Балким кырк жыл окуйм. Саламат чыдабай кетип ордунан ызырынып тура калды:

- Бас, дейм азыр! Тапкан экенсиң шылдың кылганды! Тур ай, катын! Кеттик. Ал жүгүңдү!

- Кийим кечесин албайбы, э кокуй?

- Албайт. Ушу бойдон кетет. Бас! Саламат сумкасын ийнине ыргытты да Адилетти колдон силке жетелеп жөнөдү. Сыртка жулунуп чыккан атасын Адилет секин токтотту, өзүнө тике каратып туруп гипноздун ыкмасы менен бир аз жоошутуп, андан соң жыгылып кетпесин деп бир аз дубалга сүйөп турду.

- Апа, - деди Мани Ясо, - атам экөөң бара бергиле. Таарынбагыла, мен бардыгынан кечишим керек....

 

***

 

Лама Цу Мани Ясону көпкө абайлап карап турду:

- Мынча эмне кабатыр болуп алгансың уулум. Бул кейпиң менен сынакка барууга болбойт. Тигил кабинетке өтчү, мен сени бир аз эс алдырайын.

Лама Цу өспүрүмдү тахтага чалкасынан жаткырды:

 - Сен өзүңдү бийик секиден кулап түшкөн сыяктуу элестет. Эсиң ооп калган, эч нерсе сезбейсиң бүт денең өлүк, былк этүүгө дарманың жок. Буту-колдорунду серпкенге да алың жок. Мээңдин иштешин токтотуп кой.

 Медитация сабагында мындай көнүгүүлөргө маш болгон Мани Ясо устаты айткандарды дароо аткарды да, жүрөгүнүн кагышын кырк согушка дейре азайтты.

Акырын тамырын чыгып кармап көргөн Лама Цу балага ыраазы болгон тейде бөлмөдөн дабышсыз басып кетти.

- Мына эми өңүң оңолду. Сынагыңа бара бер, Мани Ясо, - деди жарым сааттан кийин туруп келген өспүрүмгө устаты.

Сынак берүүчү кабиналар чоң залдын ортосунда кыркалекей орнотулган. Тегерете коюлган орундуктарда байкоочулар отурат. Эшиктерде болсо экиден монах полицай. Залга кире электе, ооздогу класста балдарды чечиндирип, тула боюн текшерип туруп ар бирине жаңы чапан кийгизишет. Бул - бийик даражага талапкер окуучулар татыксыз иштерге барып, өз наамын булгап албасын деген чара. Андан соң сынак комиссиясынын коштоосу менен ар бир бала бирден кабинага кирет, эшиги сыртынан дароо печатталат. Ал жерде калем, атайын белгиси бар актай кагаздар даяр. Суроолорду болсо кабинага апкелип тегерек тешиктен беришет. Бир күндө бир гана предметтен сынак бермей.

Суроолордун көптүгүнөн окуучулар кабинанын ичинде 10-12 саатка дейре отурган учурлары көп. Ошондуктан аларга үч маал цампа, чай менен суусундуктарды болсо каалашынча апкелип берип турушат.

Дал ушундай режимде он күнгө чейин созулган сынак азабын көтөрө албай, кабинанын эшигин мөөнөтүнөн мурда «ачкыла» деп ургулаган окуучулар аз эмес.

Суроолордун жарымынан оогон кезде Мани Ясо орундукта отурган бойдон 10-15 - мүнөт уктап алганга жетишет. Ошону менен күүгүмгө дейре сергек иштеп отуруп, бирок сынак ишин мугалимге тапшыргандан кийин бөлмөсүнө жетээр менен ырп эте албай төшөгүнө кулайт.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.