Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
- Таратсаң таратчы, сообу тийээр.
- Биздегиден көп ко, бул иттериң ыя?
- Мегиле, кайыр-садака алгыла! Келгиле!
Саламат сумкадагы тамактарды жүгүрүп келгендерге бүт таратып берди да үшкүрүп отуруп калды.
-Бирок артыман кууган жок, инендиурайындар, - деп койду анан ал тээ артта калган Жахан храмын ызалуу карап терин сүртө:
- Куубаганы абийир болбодубу. Камалып калсаң эмне болот элек?!
Катмандуга кетчү «бусик» бош эле экен. Эки-үч киши отурат. Айзадалар ошол экөөнүн артына жашынгансып барып орун алышты эле Саламат эле болбойт, улам үшкүрүп сыртка чыгып, кайта кирет. Аңгыча бусик жөнөп берди.
- Отурчу-ай ордуна, ойдолобой! — деди Айзада эрин этектен тартып.
Ошондон аз өтпөй, автобус автобекеттен узап чоң жолго бурула бергенде Саламат капысынан эле айгай салып кирсе болобу.
- Эй, браток! Останови! Останови, свою машину! - дейт ал орусча кыйкырып.
- Ой, сага эмне болду! - деп Айзада жеңден тартса кайра анын колун силкет.
- Останови, говорю!
Бети ыштаган саба түстөнгөн айдоочу Саламатты карап алып же эчтеме түшүнбөйт.
- Токтот! - деди Саламат ошондо автобустун эшигине жетип барып каалганы муштады. Бусик акыры токтоду.
- Бас, түш инендиурайын! - деди Саламат аялына айкырып. - Биз балабыздан биротоло айрылып кетип баратабыз! Сен ушуну түшүнөсүңбү?!
Айзада эмне дээрин билбей турган ордунда селейет.
- Бас дейм, түш!
- Сени кармап алсачы.
Айзада эриндерин кыбыратып сумкасын ийнине сала баштады.
Аңгыча бусиктин айдоочусу бирдеме деп ачуулана кетти. Кыязы акчаңарды кайтарып бербейм деп атты окшойт.
- Не надо! - деди Саламат ага кол силкип,
- Не надо!
Ошентип эрди-катын кайрадан автобекетте, кайрадан жогору кетчү машине издеп убара.
- Кудай шерменде кылып сени кармап албагай эле, - деди Айзада баягы мейманканадагы бөлмөгө кайра киришкенде сумкасын ийнинен алып.
- Кармаса инесин урайын, түрмөсүнө жатып берем! Булар кармайт деп балабызды таштай качабызбы? Айрылабыз баладан! Көрдүңбү анын башын кандай айлантышкан! Сүйлөгөн сөздөрүн карабайсыңбы, тантыратып салышыптыр такыр. Имне адис болоорун өзү билбейт! Калп булардын окуусу!
Саламат тар бөлмөнүн ичин сасыта бир сигаретти жарымына чейин тартып ийген соң аялын сүзө карап мындай деди:
- Сен баргын дарбазага. Аялсын Энесиң Ыйла керек болсо. Шолокто! Деректириңерге арызданам де. Кыскасы, алып чык бери баланы. Анан аны менен өзүм сүйлөшөм!
***
Дөңдөгү Жахан храмынын темир дарбазасы өтө эле бийик болгондуктан түбүнө келген бейкүнөө адамды да үстүнөн ныгыра басып, чүнчүтүп жиберет. Ушундай сезим чочулап араң барган Айзаданын дароо жүрөгүн өлтүрдү. Ошентсе да аял, электр кнопка таппаган соң темирди муштуму менен секин түкүлдөттү эле эмнегедир ошону эле күтүп тургансып кулпулары дароо шарактай кетти.
Каалганы ачкан узун бойлуу арык полицай экен. Анын жаагына жабышкан марлини көрө сала Айзаданын жүрөгү шуу этти. Бая Саламат эринен муш жеген кокуйдун дал өзү ушул болсо керек! Азыр Айзаданы билектен алып кишен сала калчудай.
- Кечириңиз, кечириңиз, деди аял англисче чала-була.
- Кимге келдиңиз?
-Ректорунарга келдим эле.
- Бүгүн кабылдабайт. Эмне маселе боюнча?
- Балам окуйт ушул жерде. Кыргыз бала. Адилет!
-Аа, Миларепабы? Кыргыз, кыргыз. Сиз кимиси болосуз?
- Апасымын. Мамасы!
- Мама-ми! Мен киргизе албайм. Уруксат жок!
Айзада бир паста дүлөй, муздак темир дарбазанын артына калды. «Саламаттан өчүн алып кийирбей атат» деди аялдын биринчи ою. Бирок тигил полицай өзүн туткундап албаганга бир чети тобо кылды.
Анан, дагы бир пастан кийин гана Айзаданын аялдык сезимдери дуу козголуп, өз карачечекей баласына жете албаганы үчүн, тагдыр эч күнөөсүз аны минтип жазалагандыгы үчүн каңырыгы түтөп, ушунчалык бактысыз болгонуна өзүн аяп, аяп жиберди. Улам бир бетин алаканы менен жаныса, экинчи бети ылдый ысык жаш шоролойт. Ал адегенде үнсүз эле өрөпкүп, буулуга берген. Бирок деми улам барган сайын көкүрөгүнө батпай солуктап, ыйлаган доошу дарбазанын ары жагына эрксизден угула баштады.
Демейде эненин жүрөгү деген жамандыкты огеле биринчи сезчү эле го. Бул сапар андай болбой, эмнегедир ушул мүнөткө дейре, мына бул каргыш тийген темир дарбаза бет алдында тарс жабылганга дейре Айзада өз кан-жанынан чыккан баласынан ажырамак түгүл кандайдыр бир алыстайм деп да ойлобоптур. Бу түбүң түшкөн аласал дүйнө ал үчүн үстү-асты болуп көмкөрүлүп кетээрин дегеле бир ойлобоптур. Ошол алааматты энеси эмес, атасы Саламат тигинтип жолго чыгып жөнөгөн автобусту токтотуп, айкырып: «Ой, инендиурайын, биз балабыздан биротоло айрылып кетип баратабыз!» деп отурбайбы. Эринин бакырган үнү Айзаданын кулагына кайра-кайра угулган сайын аял өрөпкүп ыйлайт. Мына мындай ачуу шорду эркек Саламат эмес Айзада өзү, эне болуп туруп өзү биринчи сезбегенине ичи өрттөнүп ыйлайт.