Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
- Сиз эч кайда кетпей мени күтүп туруңуз, - деди да, сыртка жүгүрүп чыгып кетти.
Аздан кийин ал Лама Цуну жана дагы эки монахты ээрчитип келди. Лама Цу өтө жайдары экен, ал Мани Ясонун кол куушуруп берген саламын алды да, баланы ийинден кучактады.
- Үнүңүздү угалычы, - деди ал калгандарга баш ийкеп. Монахтар, өзгөчө устаты Лама Цу эмне үчүн мынчалык кызыга түшкөнүн Мани Ясо түшүнгөн жок, бирок үнүнүн болушунча табын гимнинин баш жагын созуп берди. Ал өзү деле билчү үнү каргылыраак, өтө деле кооз эмес, кээде кандайдыр бир каз-өрдөктүн үнүнө окшоп каакылдап кетчү. «Аңыр үн» деп хордогу балдарага ат коюп шылдыңдашчу.
Эми ошол «аңыр үнгө» Жахан храмынын эң зобололуу ламасы Цу өзү баш болуп кызыгып, таңыркап атышканын бала таптакыр түшүнгөн жок.
- Гүлдөр, буюмдар ыргалып атат сиз ырдаганда. Демек сиздин үндү кабыл алып тосуп атышат. Мурунку өткөн өмүрүңүздө бул храмда болгон экенсиз. Үнүңүз бул храмга тааныш тура. Демек сиз, урматтуу Мани Ясо, мурда жашап өткөн бир касиеттүү адамдын кайра жаралган реинкарнациясы экенсиз. Балким мурда эле белгилүү лама болгонсуз!
Муну сүйлөп аткан музыка сабагын берген адис, сары чапанчан монах эле. Лама Цу акырын кол көтөрүп анын сөзүн токтотту да, мындай деди:
-Уулум Ясо, Гимнди толук үйрөнгүчө сиз мына ушул класска түшкү бир саат убактыңызды сарп кылыңыз. Мына бул музыкант сиз менен жекече иштейт.
***
Мани Ясонун храмдагы алгачкы күндөрү түш сыяктуу эле өтүп атты. Азырынча ал толук бойдон жетекте. Ким кай жака бас десе басат, отур десе отурат, бирок дагы эле сабактардын көбүндө угуучу гана, үй тапшырма ала элек, эң негизгиси - алдыга чыгып мугалимдин суроосуна жооп бере элек. Анткен менен ал башка балдардын окуу түйшүгүн көрүп атты. Бир тыным алган окуучу жок. Бардыгы тең балалык ойноок мүнөздөн ажырап, түбөлүк түйшүктү башына үйгөн чоң кишилерден бетер кабактары салыңкы, мүнөздөрү токтоо, жүздөрү кабатыр. Бардыгы тең үй тапшырмаларын аткаруу азабында. Анткени үй тапшырма деген ар бир балага өзүнчө берилет. Бири-бириникине окшобойт.
Ошого карабай кээ-кээде ойной кеткен, түртүшө кеткен, ал түгүл чекелеше кеткен учурлар болбой койбойт экен. Музыка сабагынан чыгып келатып Мани Ясо бир сапар тентек кылып аткан балдарга туш болду. Өзү курду беш-алты шеле бир кичинекей окуучуну ортого алып, мазактап атканын байкады. Дал даараткананын чыга беришинде. Кичинекей бала ак сөөк тукумунан экени билинип, өтө эле назик, сылык сыяктанды. Өзүн муштаган, кулагынан чойгон, бутка тепкендерге эч жооп кыла албай, колдору менен жазганымыш болгондон башка айласы жок. Баланын кантип ошого чыдап атканы белгисиз. Же качып кетпейт кичинекей макулук. Бул жердеги эң бир маанилүү эрежелердин бири кыйынчылыкка чыдоо! Бирок мына мындай тепкилөөгө, мазактоого чыдаш кантип болсун. Ким билет. Балким бул чемелдей өзү башынан ошондой тарбия алгандыр. «Сени бирөөлөр бейкүнөө уруп-согуп атса деле чыдап тура бер, акыры күнөөлүүлөр өз жазасын алат», - деген лама насаатында тарбияланган немедир. Айтор бала бир кезде эти ооруганына чыдабай ыйлай турган болду. Ага да карабай чоң немелер:
- Бай өрдөк турбайбы!
- Куйругун жулуп коёлучу! - дешип тигини кордой беришти эле
- Эй, ымтыраган чимкирик! Жооп бербейсиңби буларга! Өзүңдү коргой албасаң кийин сен кимге адилеттик алпераласың! - деген бир монахтын үнү чыкты арка жактан. Көрсө ал Дей экен. Ошондо бир күтүлбөгөн окуя болду.
Дейди бир карап алды да, кичинекей шеле чыйрала түштү, боксёрдун турпатын ала коюп, өзүн аябай мазактап аткан ортодогу балага бир секирип, колунун сырты менен моюнга чаап жыкты. Калгандары ооз ачпай далдырап калышты. Болгону бир гана бала кете баштаган кичинекей шелеге катылмак болгондо ал дагы кокого бирди жеп, жерге кулады.
- Эй, бала, сен адам турбайсыңбы! - деп Дей кыйкырып жиберди аңгыча. Көрдүңбү, кандай азамат экен! -деди ал карап эле турган Мани Ясого кичинекейди көрсөтүп. Аңгыча чоң балдар качып жок болушту.
- Уулум! Сенин акылың канча экенин билбейм, бирок кол күрөшкө мыкты өнөрүң бар экен. Сен эми ушул өнөрүңдү жамандыкка эмес, дайыма жакшылыкка жумшап жүр. Мына бул балдар өтө тентек эле, эми сага эч убакта катылбайт. Бирок булар башкаларды кордошу мүмкүн. Эгер ошентсе сен сазайын бере бер. Адилеттик сен жагында болот.