Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
Мани Ясо бүгүн эч нерсе түшүнгөн жок. Анын сыңарындай эле берки беш «англис» да эрежени бузуп, бу маалда жеп аткан тамактары жөнүндө ойлоп отурушту. 112 томдук «Канжур» жана «Танжур» ыйык китептерин башка тилге которууга тыюу салынгандыктан, алардагы лама дин уламалары жөнүндө Гуру Тилак атайын сабакта айтып түшүндүрмөкчү.
Саат туура таңкы алты дегенде бардык «шелалар» өз класстарында, өз жаздыктарында тыпыйып отурушту. Расписание боюнча саат тогузда бир танапис. Андан соң дагы бир жолу таңкы, же болбосо шашке тамак. Ошону менен түшкү саат бирге дейре сабак. Бирден экиге дейре дене тарбия жана түшкө чейин берилген үй тапшырмаларын аткаруу.
Саат үчтөн баштап бир саатка тыныгуу. Бу кезде сүйлөшүүгө, ойноого, ал түгүл кыймылдоого тыюу салынат. Ар ким өз төшөгүндө былк этпей укташ керек. Мани Ясо биринчи күнү уктай алган жок, анткени баланын эсин дүргүткөн таң калычтуу нерселер ал күнү өтө көп эле. Бирок баары бир көздү жуумп жатыш керек болду.
Саат төрттөн баштап кайрадан сабак. Мына ушул беш саатка тынбай созулган мөөнөттү англис тилинде «hell» (тозок) деп атап алгандарын Мани Ясого классташтары айтып беришти. Себеби бул учурда танапис да, тыныгуу да, ал түгүл дааратка чыгып келүүгө да улуксат жок. Кимде-ким бул тартипке көнбөсө, бузса катуу жазаланат. Оор жазаны ошол эле өтө жумшак, сылык деген Гуру Тилак өзү соп- сонун берип коёт экен. Андайда ал жумшак эмес таштан катуу, сылык эмес, кадимкидей орой боло калып, досканын жанында турган бамбук таякчаны колуна ала кандайдыр бир циркачтык ыкма менен тентекти жон талаштыра берип-берип калганын Мани Ясо бир эмес бир нече жолу көрдү. Ошол эле замат ал жаза алган балага «сиз» деп, урмат менен мамиле жасоого өтөт.
Андай жазадан Мани Ясо да куру калган жок. Чыдабай баратканда дааратканага жүгүрүп барып келди да, Гуру Тилактан дароо кечирим сурады. Гуру болсо
- Биринчи жолу, албетте кечирим кылууга болот. Бирок жазаны баары бир аласыз, - деди да өз ордун көздөй бурула берген баланы жондон ары эки тартты.
Башкаларды чапканда мындайды өмүрүндө биринчи көргөн Мани Ясо таңкалган, бирок ичке эле көрүнгөн солкулдак таякча этти канчалык оорутаарын билген эмес, а качан өз башына келгенде, жонун темир менен тиле чапкандай көзүнөн чачырап, катуу онтоп жиберди да, Гуруну карап аябай таңыркады. Көздөрү алайып, болгон ишке эч ишене албай далайга сенейип турду. «Чын эле чаптыңызбы? Чаппай койсоңуз болбойбу? Мен кылмыш кылган жокмун го?», - деген көз караш эле. Гуру ошону айттырбай билет көрүнөт:
- Туура, кылмыш кылган жоксуз. Эгер кылмыш кылсаңыз анда жаза таптакыр башка болмок, - деди Мани Ясого сүйкүмдүү жылмайып,
Башын чайкап, жонун сыйпалаган Мани Ясо ордуна отурган кезде ага жанындагы бала ачулуу шыбырады:
- Кылмыш кылсаң да экинчи кечирим сурабай жүр, келесоо! Мани Ясо ко шунасын карап үн дей албады.
Бир күнү, дене тарбия убагында, бейтааныш монах басып келди да, Мани Ясону чакырып алды. Сиз жөнүндө Лама Цу мага көп нерсе айтып берди. Бул жердеги адистер астрологиялык төлгөңүздү толук ачып бүтүшкөн окшойт. Ошондуктан тезинен үнүңүздү текшерүүнү мага тапшырышты. Монах баланы музыкалык аспаптар турган бөлмөгө ээрчитип келди да алаканын жайды:
- Карап көрүңүзчү. Өз мекениңизде кайсыл аспапта ойночу элеңиз?
- Ойночу эмесмин.
- Анда ырдайсызбы?
- Хордо ырдачумун.
- О, бизге дал ошол керек. Бул жердеги табынуу убагында ырдай баштадынызбы?
- Ырдай элекмин.
- Анда эмесе мен аспапта обон ойноюн, сиз кошулуп ырдаңыз.
-Жалгыз ырдай албайм го, – деди Мани Ясо онтойсузданып.
- Хе-хе! Мени менен кошо ырдаңыз анда.
Бөлмөдө кыл кыяктын коштоосу менен эки үн жаңыра баштады. Монахтын адегенде көзү жумулуу эле, акырындап ачыла баштады. Бир кезде Мани Ясого ал акырайып карап калды.
- Сиздин үнүңүздү бул храмда менден башка эч ким уга элек беле?
- Жок.
- Анда дагы ырдайбыз. Катуураак. Кана, кеттик! Мани Ясонун жалгыз өзүн калтырды.
Дал ошол кезде монах терезедеги гүлдөрдү, стол үстүндөгү буюмдарды карап жүзү албырып, өзү аябай толкунданып чыкты. Бир маалда кыягын токтотуп: