Казат Акматов: Архат

БИРИНЧИ КИТЕП

Казат Акматов: Архат

Мани Ясо ортоңку катардагы эң четки орунга барып орун алды.

- Бүгүнчө сиз менен иштей албайм. Тим гана угуп отуруңуз. Эмне түшүнгөнүңүздү эртең айтып бересиз.

Ушинтип айткандан кийин мугалим Мани Ясодон алыстап кетти да, экинчи жанына келген жок. Сабак астролатриянын негиздери боюнча эле.

 

***

 

Жахан храмынын иш күнү түн ортосунда башталат. Мани Ясо окуган классты «англистер» деп коюшат экен, ошол алты бала чогуусу менен бир бөлмөгө жата турган болушкан. Билген балдардын айтымында бул жер храмдагы эң суук бөлмө, себеби дубалдары таш, асты да таш, шыбы гана эмне экени белгисиз. Кытайдын аскери жата турган темир керебеттин үстүнө үч жаздыкты катар тизип туруп жеңил төшөк жамынып жаткан адам чынында эле оңойлук менен жылый турган эмес. Ошентсе да Мани Ясо качан уктап кеткени эсинде жок, бир маалда, капкараңгы түндө капталына тийген муштан улам ойгонуп кетти.

 - Тез тургун, табынуу залына! - деди класстын эң улуусу сыяктанган индус баланын үнү чайылдап. Андан ары кимди-ким көрдү, дүбүр-дабыр болушуп алтоо алты жерде уйкулуу көздөрү менен кийине башташты.

Берки балдардын айтуусу менен Мани Ясо да ич кийимсиз жылаңач жаткан. Анткени ошондо гана денеге жыт-жыбыр жолобой таза болот экен. Тибеттин таза, кургак авасынын касиети мына ушунда. Балдар үчүнчүдөн биринчи кабатка дабырап түшүп бараткан элдерге кошулуп чоң табынуу залына киришти. Залдын жыты аңкып, жүздөгөн табын чөйчөктөрдөгү күйгөн жыпар чөптөрдүн түтүнү шыпка көтөрүлүп, дубалды бойлой катар турган ыйыктардын айкелдери билинээр-билинбес ыргалып тургансыйт.

Мани Ясонун аракети эле өз балдарынан адашып калбоодо. Монахтар менен окуучулар болсо ар ким өз-өз ордун мурдатан билгендиктен шарт-шарт өтүп барып жаздыктарга малдаш уруп отурууда. Узун залдын башынан аягына созулган беш алты катар эл бетме-бет болушуп жайгашууда.

Ошол тушта Мани Ясонун жанында индус мугалими Гуру Тилак капыстан пайда болду да, чыканактан жөлөдү.

- «Адегенде табын, андан кийин билим ал» дейт бизде. Бирок, сиз азырынча классташтарыңыздын катарында унчукпай отура бериңиз. Кулагыңыз көнсүн. Гимндердин жана табын тексттерин жаттаган соң ырга кошуласыз. Мани Ясо Гуру айткандай үнсүз отуруп, залдагы өтө сүрдүү гүүлдөгөн биринчи табынуу Гимнин угуп, денеси дүркүрөдү. Көбүнесе кырмызы кызыл чапанчан жүздөгөн эркектердин күчтүү добушу табынуу залын титиретип, айнек терезелерди жарып кетчүдөй. Музыкалык аспаптар менен барабандын коштоосундагы Гимндин сүрү, анын жалгыз бир адамдын ички дүйнөсүнө жасаган зор басымы түндүн бир оокумунда ого бетер сыйкыр чалып, ого бетер жүрөктөрдү толкундатат.

Түнкү табын бир саатча созулду, андан соң бардыгы жай-жайына тарап кетишти. Англис классы болсо чогуусу менен келди да, ар ким өз төшөгүнө кулады. Эми таңкы саат төрткө дейре уйку, андан кийин кайрадан ыргып турмай. Таңкы табынуу саат төрт он беште, ал эми саат таңкы беште эртең мененки тамак.

Мани Ясо таңкы табынуу убагында курсагы ушунчалык ачкандыктан эки колу менен ичин кучактап отурду. Орто арада көзү илинип уктап да кетти. Эгер малдаш уруп отурбаганда сөзсүз кулап түшмөк. Бала чочуп ойгонгондо жыгылбай калганына сүйүндү. Акырын байкаса индус балдар деле жыргатып ырдашпай, үргүлөп отурушат.

Бирок мунун баары көздөн жаздым калбайт экен. Кийин Гуру Тилак уктаган балдар храмдан чыгарылат деп катуу эскертти. Азыр болсо Мани Ясо сыяктуу эле залдагылардын баарысы тамактанчу жайга ат коюп баратышты. «Англистер» үчүн бөлүнгөн чоң залдагы бир бурч кудая шүгүр алыс эмес экен. Алты бала тез эле жайгашып, тамакка киришти. Баягы эле арпа ундан жасалган цампа, май кошулган ысык чай, нан деген ыйык нерсе көздөн учат, ал майрам гана күндөрү берилет имиш.

Тамак жеп жаткан учурда ашкананын ичинде үн күчөткүч менен окулган лектордун добушу жаңырып турду. Көрсө дал ушул үч маал тамак учурунда Тибеттин ыйык китеби «Танжурдан» үзүндү ар дайым окулат экен. Тибет билим эрежеси боюнча бул китептин мазмуну жана маңызы адамдын рух дүйнөсүнө дал ушул тамак ичип аткан кезде эң жакшы сиңет. Ошондуктан залдагы адамдар, өзгөчө «шела» деп аталчу кенже окуучулар оозундагысын жай чайнап, бирок тамак жөнүндө таптакыр ойлонбой лектордун сөзүнө кулак төшөшү абзел.

17.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.