Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
Лама Цу балага жакын басып келди:
- Бу маселе азыр талаш. Мен сиз менен сүйлөшүшүм керек. Көп нерсени тактайлы. Андан кийин чечебиз. А бүгүн туруп баскыңыз келсе бөлмөнүн ичинде баса бериңиз. Бирок сыртка чыкпаңыз. Жылаанды өлтүргөнүңүз үчүн сизди дагы да жазалайбыз деп күтүп жүргөндөр болушу мүмкүн...
Мани Ясону адегенде Лама Цу жалгыз өзү гана дарылачу, экинчи жумага кеткенде бул ишке Дейди койду. Дей балага досундай болуп калган болчу. Бирок жылаан өлтүргөндөн кийин ал дагы чочуркагансып, Мани Ясону шектүү карап калды.
- Силерде топозду же жылкыны атайылап өлтүрүп, анан этин жейби? – деди ал бир жолу Мани Ясону алая карап?
Мани Ясо жооп бере албай такалып турду. Анткени кокусунан жылаан өлтүргөн үчүн эле мыкаачы атка конуп, храмдан куулганы араң турса, анан топоз менен жылкыны союп жейбиз дегени кандай болоор эле? Оңбой калмак!
Ошондуктан бала жаратына шылтап онтолоду, аңгыча башына бир ой келе түштү.
- Бизде жылаан үйгө кирип келсе алдына сүт, айран чачат, - деди кыргыз эл жомокторунан окуганын эстей коюп, Дей буга абдан таңыркады.
- Бизде да ошондой. Окшош турбайбы. Анан өлтүрбөй эле койсоң болмок.
- Коркуп кеттим. Жылаан кайра келип мени чагып алат ко деп. Эми мени храмдан чыгарышабы?
- Аны билбейм. Лама Цуга айт. Эгер күнөөң жок болсо ал кечирет. Күнөөн болсо эч качан кечирбейт. Бул храмда Лама Цукандай айтса бардыгы ошондой болот.
Эртеси эле Дей аны Лама Цунун илимий иш бөлмөсүнө ээрчитип барды.
Мурда Мани Ясо кирип жүргөндөн башка бөлмө экен. Лама Цу өзүнүн табынуу жайынан чыга элек болгондуктан Мани Ясо бөлмөнүн дубалдарына боёк менен тартылган, кээси жибек полотнолорго түшүрүлгөн сүрөттөрдү карап турду. Жапыз айнек столдордун үстү толо журналдар, китептер, жалтылдаган статуэткалар, жазылган кагаздар.
Айнек графинде барпайган гүлдесте. Мани Ясо акырын кол тийгизип көрсө гүлдөр кагаз экен, Мани Ясонун көз алдына Шоола кыз келди. Анын колундагы гүл кагаз эмес эле....
- Мен кечээ күнү сиздин агаңыз менен сүйлөштүм, - деген Лама Цунун үнү балага капыстан угулду. Ал артына жалт бурулуп устатына кол куушурду. Агаңыз сизди көрүүгө улуксат сурады эле бере алган жокмун. Эгер баары жакшы болсо эмдиги жумада көрүшөсүңөр.
-Рахмат, ата. Таштан байкеме мен өзүм барып жолуксам болобу?
- Болот.
- Рахмат, ата.
-Таштан байкеңиз терең ойлонгон илимпоз адам экен. Анын айтуусунда сиз эч убакта жылаан өлтүрмөк эмессиз. Демек, чочуп кетип, корккондон бул ишке барганыңызга ишенгим келди. Атайылап эмес, капилет болгон ишке кечирим. Бирок «Танжур» китебинин онунчу главасында жан-жаныбарларга кандай мамиле кылуунун эрежелери жазылган. Ал жерде ант берүүнүн тексти да бар. Ошолорду жакшылап окуп туруп, анттын эрежесин жаттап, анан мага айтып берсеңиз деген өтүнүчүм бар. Ошондон кийин сүйлөшөлү.
Лама Цу таптакыр мурдакыдай эмес. Мани Ясого жылдызын төкпей, сустайып турду. Мунун өзү Мани Ясого онбогондой катуу тийип атты. Кечээ эле, атүгүл жанжал окуядан кийин деле устаты ата мээримин төгүп турбады беле, а бүгүн кара!
Дей тупатуура билет экен. Бардыгы Лама Цу айткандай болду - Мани Ясо «Танжур» китебиндеги эрежелердин англисчете кыскартып которулганын окуп келип, андан кийин анттын мазмунун кайталап айтып берген соң, улуу Лама балага мунапыз берди.
- Мындан ары да баскан жолуңуздун бардыгы татаал болот, уулум. Мына ушул жерден мен сизге өтө олутту бир ачылышты угузайын. Өткөндө сиздин үнүңүздү уккандан баштап храмдын атайын илимий тобу сиздин астрологиялык таржымалыңызды кайрадан терең изилдеп чыгышты. Ошонун жыйынтыгын угузайын - сиз мындан он кылым мурда жашап өткөн улуу Тибет йогу акын жана төкмө ырчы Миларепанын кайра жаралган реинкарнациясы деп табылдыңыз.
Жан дүйнөңүз, үнүңүз, каныңыз, акылыңыз, сезимдериңиз, эң кызыгы сырткы келбетиңиз бүт ошол улуу адамдыкы, бирок, тилекке каршы тарбияңыз гана башка болуп калган.
Ошон үчүн мен сизге эскерттим он жашка дейре башка чөйрөдө өсүп калганыңыз үчүн мындан аркы ар бир баскан кадамыңыз кыйын болот деп. Бирок кыйынчылыкты жеңүү -лама жолундагы жаш жигиттин эң негизги максаты экенин сиз түшүндүңүз да, туурабы?