Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
– Э, чиркей, ошол кандын даамы тилиңде калгандыр. Мен да билейинчи, тилиңди сунчу. Чиркей мактанып тилин сунганда чабалекей тилинин жарымын жулуп, жеп коёт. Экөө чырылдашып, бирин-бири кууп отуруп Яйсувдунун алдына келишет. Тилинин жартысынан ажыраган чиркей сүйлөй албай «ыз-ыз-ыз» дей бергенде, Яйсувду түшүнбөй чабалекейден сурайт. Анда чабалекей:
– Досум Яйсувду, чиркей мага жолдо келатканда мындай деди: «Дүйнөдө жан-жаныбар өтө көп экен. Ошолордун баарынын канын сордум эле, эң ширини бака балчактыкы экен. Андан артык кан болбойт деди».
– А чиркей эмне муну мага өзү айтпайт?
– Ал баканын досу, ошон үчүн анткорлонуп, айткысы келбей, калп эле ызылдап атат.
– Анда эмесе жылан чеберим, сенин эмгегиң зор. Айтканыңды эки кылбайын. Сага өмүр бою, укум-тукумуң менен баканын каны, эти насип болсун. Ушуну Кудайдан тилейм, – дейт.
Жыландын чабалекейге жини келип кетет. Себеби, ал баканыкы эмес, адамдын каны эң таттуу экенин мурда эле билчү. Ошон үчүн чабалекейди качырып барып чагайын дегенде, ал уча качат. Жылан аны куйруктан гана тиштеп калган экен. Чабалекейдин куйругу эки ача болгону ошондон…
Ошентип жер бети тазарат. Анда Яйсувдунун гана тукуму көбөйө баштайт. Бирок алар менен Ибилис дайыма бирге. Ал улам кийинкилерге зулумдукту үйрөтө берет. Сегиз жүз жыл жер үстүндө жашаган соң Яйсувдуга Азезил келет. Жанын алмак болот. Ошондо ал Кудайга кайрадан ыйлап кайрылат: «О, кудай! Адам баласын аясаң, анда Улукту Кайлаш тоодон чыгарып, ордуна Ибилисти чынжырлап бер! Сен өзүң жараткан Адам пендең ошондо оңолот».
«Оңолбойт!» – деген жооп келген экен асмандан».
Адилет
* * *
Тагдыр экен, жашы отузга такап келгенге дейре Таштан үйлөнө алган жок. Университетте окуп жүргөндөгү, андан кийин шаардын мектептеринде мугалим болуп жүргөндөгү, жөн деле көп жерлерден таанышып ынак болгон кыздары, келиндери салаадан аккан кумдай мезгил менен кошо изи өчүп кетип атты. Көбүнүн аттарын да унутту. Карт бойдок атанды. «Моссоветке, түнкү көпөлөктөргө барат экен» – деген жаманатты сөзгө да калды. Анын достору «Таштанды үйлөнтүү боюнча комитет» түзүштү. Комитеттеги мүчөлөр жалаң досторунун аялдары. Күн алыс бир кыз же келин менен тааныштырышат. Ал түгүл үйүнө барышып, тамак-ашын ичип, шараптан шыңгытышат. Таштанга жагам деген «талапкер» күнү менен даярданып, жасанып-түзөнүп, акырын сүйлөп, аяр басып отуруп, акыр аягы жыйынтыксыз кала берет. Бара-бара комитетчилердин тааныштыра турган кишиси калбай, өздөрү да жадап бүткөн кезде:
– Сага деги ким жагат, айтчы?! — дешти.
– Баары эле жакты, бирок бири да чекеме жазылбаптыр.
– Андай болсо бар! Алдагы бырышкан чекеңдеги жазууңду окуп алып, анан кел!
Аяштары дал ошентип оюн эмес, чындап эле таарынычын айткан күнү Адилет инисинин айынан «Иэзабель» эврей лицейинде Жылдыз менен биринчи ирет капыстан көрүшкөн. Ошол көрүшүүдө экөөнүн тең көз карашында сыйкырдуу бир ирмем жылт этип өткөн. Бара-жүрө ошол, түпкүлүгү Асмандан, илгеркиче айтканда, ашык болгондорго Көкө теңирден келе турган, табышмактуу көз ирмем өз ишин кылбай койбойт экен. Таштан менен Жылдыз экөө капыстан эле, бирисиз бири тура албай калышты. Экөө жолугуп бир басса телегейлери тегиз, кабактары ачык, жүрөктөрү экөөнүкү бирдей өрөпкүйт, айтарга сөз да бар, күлөөргө күлкү да бар, бу жалган жалаң ушул экөө үчүн гана жаралган сыяктуу. Башка эч нерсенин кереги жок, бардыгы унут, бардыгы тең экөөнөн төмөн, экөөнөн алыс, экөөнө эч тиешеси жоктой. Экөө бардык дүйнөдөн таза жана бийик!
Дал ошондой маанайда Таштан менен Жылдыз «Алтын ажыдаар» ресторанына кол кармаша шайдоот кирип келишти. Теңир күбө, бул асмандан түшө калгансыган бирине бири опокшош эки жашты көрө салган ресторандын кызматкерлери дапдаарып тосуп алышты.
– Куш келиңиздер, – деди жетип келген официант жигит өзгөчө жадырап. Жигитке жооп катары Таштан менен Жылдыз бири-бирине ысык жылмайды.