Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
Ошол чала болуп, бүтпөй калган беттеште Адилет мүрүсүнө кастет жеген болчу. Азыркыга дейре басылбай ооруйт. Бирок, эң негизгиси Адилет беттештен качпады, калыстар тобу болсо аны эми «чөгөрүүгө» акысы жок. Эч ким аны «чыккынчы» же «бок жүрөк» деп кемсинте албайт.
– Бул лицейде болгону дагы жарым жыл окуйт экенсиң, мушташка катышпай эле койчу, – деди Таштан. – Андан көрө билимиңди күчөт.
Машинада Жылдыз эжейи да бар эле. Бала эжейин суроолуу карады.
– Үйгө айтпай эле коёлучу, эже.
– Эмнени? Мушташканыңардыбы?
Адилет башын ийкеди.
– Билбей турам,– деди Жылдыз эжейи.
– Менимче айтпай койсо болот ко. Мушташ үзгүлтүк болду да, – Таштан рулдан колун албай артка, Жылдызга карады.
Дал ошол тушта сары дарбаза шак ачылып, баланын атасы Саламат сыртка чыга келди. Машинедегилер үндөбөй, аны тиктеп калышты.
– Адилет! – деди Саламат болгон окуяны билип койгон сыяктуу шектүү үн менен. Бала сыртка чыга жөнөдү. Таштан болсо Жылдызды үйүнө жеткизип коймоко «Маздасын» дароо буруп кетти. Машина Саламаттыкы эле…
* * *
«Күн кыпкызыл болуп батып баратат. А мен болсо дагы эле эч нерсе жаза албай отурам. Жылдыз эжей берген дилбаяндын темасы туура эмес. Ошон үчүн жаза албай атат окшойм. Ной же Нух пайгамбар эмес Яйсувду жөнүндө жазгым келет. Яйсувду деген ат байыркы шумер тилинде «жай аккан суу» дегенди билгизет. Муну мага Таштан досум айтып берген. Эгер ушуну жазсам Жылдыз эжей балким каршы болбойт…
Адам ата менен Обо эненин кичүү баласы Хаблдын өлүмүнөн кийин жердеги адамдардын көңүлү бузулуп калды. Биринен бири шек санап, биртуугандан да ишенич кетти. Акыры жер үстүндө көбүнчө адилетсиздик өкүм сүрө баштады. Жакшылыкты бардык жерде жамандык кубалады, кемсинтти, шылдыңдады. Буга кайгыргандар өтө аз болду. Бир гана адам — Яйсувду деген кырктар чамасындагы киши күндүр-түндүр ыйлай берди. Кишилер ага да күлүп, атын «Ыйлаак» деп өзгөртүп, шылдыңдашты. Ыйлак кишинин үч баласы бар эле. Ал үчөө да атасындай ыйман күтүшкөн. Яйсувду акыры Кудайга үнү жете озондоду: «О, Алла, пенделериң бузуку жолго түштү. Алар кылган кылмышты санап да бүтө албайм. Сенин улуктугуң чын болсо булардын бирин да жер үстүнө калтырба. Анткени булардан жалаң бузуку тукум тарай турган болду». Ушинтип жети күн, жети түн зарлагандан кийин Алла таала «Ыйлаактын» тилегин кабыл кылды. Бат эле асмандан буйрук келди: «Пендем Яйсувду, сен эми көз жашыңды тый. Ыймансыздар бүтүндөй топон сууга чөгүп жок болот. Ошон үчүн балдарың менен саж жыгач тигип өстүрүп, ошондон кеме жаса!» дейт. Яйсувду үч баласы менен саж жыгачын тигип өстүргөн соң зор кеме баштайт. Ыймандуумун деген адамдарга кабар айтып кеме жасагыла, топон суу каптайт десе, алар ишенишпейт, Яйсувдуну шылдыңдашат.
– Көп жылдан бери тамчы жаан жок, жер кургап атса кайдагы топон сууну айтасың, келесоо, – деп күлүшөт.
– Кеме жасап бүттүм, о Алла сууң качан пайда болот? – дегенде асмандан жооп келет:
– Мен белги берем, алоолоп от күйгөн жерден суу чыга баштайт!
Аны уккандан кийин Яйсувду тамак-ашын, иче турган суусун камдап кемеге салды. Кеме үч кабат эле. Үстүңкү кабатына Яйсувду өзү тандап атайын киргизген канаттуулар жайгашты. Ортоңкусуна аялы, балдары, келиндери менен өзү кирди. Эң төмөнкү кабатын болсо калган жаныбарларга берди.
Ошол күнү Яйсувдунун аялы жүгүрүп келди:
– Яйсувду мырзам, тандырга от жагып атсам чоктун астынан суу чыга баштады! – деди бир күнү аялы энтеңдеп чочуп.
– Анда тезинен кемеге киргиле! – деди Яйсувду баарына шашылыш буйрук берип. Бирок ал чочулап Алладан сурады:
– О, жараткан, айбандар бири-бирине кас эмеспи, кемеге киргенде кандай болоор экен?
– Яйсувду пендем, сен санаа тартпа, аларды кас кылган да мен, дос кылган да мен өзүм болом.
Ошондон кийин кемеде тынчтык өкүм сүрдү, арстан, жолборстор жоош болду, жыландын уу тиши түшүп чакпай калды. Карышкыр болсо коркуп бир бурчка тыгылды.