Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
Сүйлөп жаткан Брудныйдын өңү бузулган сайын Жылдыздын ууртунан күлкү кетпей туруп алды.
– Мага саясий айып тагып атасызбы?!
– Мен айтпайм десем болбойсуз. Ашыкча сөздүн эмне кереги бар? Менин табиятым ушундай, ашыкча сөздү эч каалабайм. Анын үстүнө баары беш колдой түшүнүктүү болуп турбайбы, айым. Туурабы?
– Билбейм, мен эч нерсе түшүнгөн жокмун. Бирок эмне кыл дейсиз мени? Жылдыз кабагын чытып сүйлөдү эле, аны байкаган Брудный заматта бөйпүлдөй түштү.
– Эч нерсе кылбаңыз, Жылдыз айым. Мен ойлонуп атам. Эч нерсе кылбаңыз. Бар болгону, сиз дагы ойлонуңуз… Баса, баса!
Брудный ордунан тура чуркап, кабинеттен чыгып бараткан Жылдызга визиткасын сунду.
– Ойлонуп туруп, кайсыл убакта болсо да телефон чалсаңыз болот. Күнү да, түнү да. Контрагыңыздын мөөнөтү…
Жылдыз аны укпастан кылак этип эшиктен чыгып кетти. Жүрөгү алып учуп, аны Таштанды көздөй шаштырып бараткан. Сыртка чыга сала чөнтөк телефону менен издей баштады. «Обонент недоступен». Номерди кайра кайталаса кайрадан: «Абонент недоступен». Жылдыздын жүрөгү туйлап кетти. «Эмне үчүн недоступен? Кайда жүрөт болду экен?»
Ошол эле учурда Улуттук китепкананын архивинде кагаз тиктеп отурган Таштан кайсыл бир туюму менен Жылдызды издеп, экөөнүн баскан-турганын, өткөргөн таттуу түндөрүн көз алдынан чуурутуп, ишинен алагды.
Таштандын телефон номери ал архивден чыккандан кийин гана алынды.
– Таштан, мен сени издеп атам. Шашылыш сөз бар.
– Каердесиң, Жылдыз?
– Үйдөмүн. Күтүп атам.
– Баратам. Кола? Апельсин?
– Мандарин!
Андан кийин экөө мандариндин ширесин ууртап, тиктешип отурушту. Биринен бири көзүн алгысы келбейт.
– Карап көзүм тойбой атат, – деди Таштан күлүп.
– А мен сени эмнеге тиктеп отурам билесиңби?
– Билсем буюрбасын.
– Ушундай сулуу, бойлуу, күчтүү, акылдуу жигитти Кудай мага чын буюрдубу, же калппы деп тиктеп отурам.
– Бойлуу болсо болгондур, бирок акылында шегим бар ошонун.
– Ха-ха! Сенин акылың Адилетке жугушуп, ошонун азабын дагы тарта турган болдук окшойт. Мен чындап кайгырып атам, Таштан. Биздин «абрамдын» бүгүнкү мага айтканын эмне кылабыз эми?
– Мен түшүндүм, Жылдыз. Ал еврейчиктин ою такыр башкада окшойт. Би ринчиден: Адилет отличник деген күбөлүк албаса кейибе. Тибетте ага карабайт.
Баланын билимин алар өзүлөрүнүн тести менен башкача текшеришет. Экинчиден: Абрамовичти мен жок кылам.
– Кой! – деп Жылдыз чын дилинен күлдү.
– Ал бечарада эмне жазык.
– Бечара эмес ал. Лицей ачкан кожоюн да бечара болчу беле. Эгер менин тилимди алсаң, азыр аны текшерип көрөлүбү?
– Кантип?
– Сага визиткасын берген турбайбы. Телефон чалып көрсөң.
– Эмне деп?
– Ойлондум де. Жолугушалы деп көр. Эмне дээр экен ал моромой.
– Макул дейт да. Ал ошону күтүп атпайбы.
– Макул десе баралы. Көрөлү.
– О, бул коркунучтуу вариант. Мен андай авантюрага бара албайм. Андан көрө мындай, Таштан. Эртең лицейге баралы да, Адилет бешинчини бүттү деген документ алалы. Жылдык баалары ансыз деле жаман болбойт. А мен болсо лицейде иштебейм деп арыз таштап кетем Брудныйга. Ансыз деле контрагымдын мөөнөтү бүтөт.
– Адилет экөөбүздүн айыбыздан дагы бир жолу кызматсыз каласыңбы?
– Табылат.
– Контрагың качан бүтөт?
– Бүттү уже. Бир эле окуу жылына болчу.
– А Брудныйды эмне кылабыз?
– Ал жашай берсин.
– Ага бираз муштум жыттатып койсомбу деп турам.
– Кикбоксингчилер муштумсуз сүйлөшө албайсыңар ээ?
– Муштум эркектердин эң түшүнүктүү тили. Котормочунун кереги жок. Унчукпай бир эле урганда бардыгы тең, еврей да, негр да, папуасың да дароо «түшүндүм» дейт. «Дагы сурооң барбы» десең, жок, бардыгы «окей» дейт. Кыска жана нуска тил!
– Еврейлер мушташпайт болуш керек. Интеллигенттер да.
– Аның чын. Алар көбүнчө «башы» менен мушташышат. Бирок мобул «эл аралык тилди» да жакшы түшүнүшөт. Акыл бар да.