Казат Акматов: Архат
БИРИНЧИ КИТЕП
– Эмне каалайсыздар. Меню мынакей.
– Менин кардым ач.
– Меники андан бетер.
– Мен лагман заказ берем.
– Мен дагы.
– Мен коньяк ичем.
– Мен дагы.
– Мен бүгүн бактылуумун.
– Мен андан бетер!
Таштан нур төгүлгөн каректерин жалжылдатып Жылдыздан көзүн албайт. Жылдыз болсо ээгин кол учу менен таянып, ууртунан күлкүсү кетпей назданып, маңдайындагы жигиттин нес болуп, өзүн тиктегенинен улам зор рахат алып отурду. Ресторандагы ал экөөнү ушул түнү Жылдыздын көп кабат үйдөгү айнектей жаркыраган, тыкан жыйылган, куш жаздыктуу бир бөлмө квартирасы чыдамсыз күтүп жатты…
* * *
Эртең акыркы сабак. Түштөн кийин лицейдин короосунда салтанаттуу тизилиш болуп, окуу жылынын жыйынтыгы чыгарылат деген күнү Анри Брудный Жылдызды кабинетине чакыртып алды.
– Кириңиз, айым. Маанайыңыз өтө жакшы экен. Көзүңүз мынча эмне нурданат? Албетте мен кубанычтамын. Бирок бүгүн колуңуздан өбө албайм, кечирип коюңуз.
– Эмне үчүн? – деп Жылдыз ажарлана күлдү.
– Себеби сиз менен көзкарашыбызды такташа турган күн келди.
– Анри Абрамович, жүрөгүмдү түшүрбөңүзчү. Акыркы күнү!
– Ооба, тилекке каршы окуу жылынын акыркы күнү ушундай болуп калды. Мынабул сочинение Нарбаевдикиби?
– Ооба! – деди Жылдыз көздөрүн бакырайтып.
Буга сиз эң жогорку баа койдуңуз беле?
– Сөзсүз!
– Нарбаевди отличнике чыгарып, лицейдин сыйлыгына көрсөттүңүз беле?
– Ал татыктуу!
– Анда бул окуучуга кылган өзгөчө аракетиңиз талаага кетти деп эсептеңиз.
Сочинениеси таптакыр жараксыз. Берилген тема боюнча жазылбаптыр. Ушундай деп чечишти.
– Ким?!
– Жюри. Олимпиаданын жюриси.
– Кайдагы жюри, Анри Абрамович? Бул лицейде менден башка эч ким кыргызча билбейт. Сочинение кыргыз тилинде болуп турбайбы.
– Во-во-во. Именно кыргызчаны эч ким түшүнбөйт деп өз билгениңизди жасап коюпсуз. Жюринин мага берген жыйынтыгында сиздин аракетиңиз дал ошондой бааланган.
– Көрсөтүңүзчү?
– Жюринин жыйынтыгынбы? Мынаңыз, айым. Бирок колуңузга бере албайм.
Ушул жерден окуңуз.
– Ушул бир эле абзацбы? Колдору да жок экен, – деди Жылдыз бир барак кагазга көз жүгүртүп, таңкалып.
– А сизге эмне, том керекпи? Хе-хе-хе.
– Мында сочинениенин темасы жөнүндө гана бир ооз сөз экен. Мазмуну, сапаты жөнүндө эч нерсе жок.
– Пардон-пардон. Эң негизгиси – темасы жок болгондон кийин сапаты жөнүндө сөз кылууга мүмкүнбү?
– Сочинениеде темасы да ачылган. Болгону каармандардын аттары өзгөрүп калган.
– Кыскасы мындай, Жылдыз айым. Мен жетекчимин, жюри эмесмин. Ар бир сочинениени текшерип отура албайм. Мен жыйынтык гана чыгарышым керек.
– Кандай?
– Ойлонуп атам. Дегинкиси калыстыктан тайгансыз го. Начар окуучуну биринчи орунга чыгарам дегенсиз. Мунуңузду бүт коллектив билип калды. Бул өтө начар белги…
– Нарбаев башында гана жетишчүү эмес. Азыр класстын эң мыктысы. Мугалимдердин бардыгы буга макул деп ойлойм. Анри Абрамович, сиз мени капа кылбаңызчы. Суранам.
Жылдыз мурдагыдай эле жаркылдап күлдү.
– О бали! Сизди капа кылбайын деп дагы көп нерсени атайын айтпай жатам, айым.
– Дагы эмнеңиз бар, Анри Абрамович?!
– Четин чыгарайынбы? Бул өзү опурталдуу, чоң саясий маселе.
– Бүт эле айтыңыз, эгер андай болсо.
– Болбогон нерсени айткыдай мен бала белем, Жылдыз айым. Биздин лицей аты эле айтып турбайбы – еврей лицейи. Кыргызстанда антисемитизм биртоп экенин билесиз. Кээ бир депутаттарыңар ачык эле чыгып атпайбы. Мына ушунун фонунда сиздин Ной пайгамбар жөнүндөгү бүткүл дүйнөгө белгилүү легенданы жокко чыгарган окуучуну олимпке көтөрүп атканыңыз эмнеден шек берет? Түшүнөсүзбү?
– Анри Абрамович, кудай жалгагыр, саясат менен менин башымды оорутпаңыз! Бешинчи класстын окуучусу жазган иште кайдагы саясат?!
– Факт, Жылдыз айым. Кеп бешинчи класстын баласында эмес. Кеп мугалимде, анын көз карашында. Кеп, окуучу ошол көз карашта тарбия алып жаткандыгында.