Касым Каимов: Атай

Зарыктырган үмүт

Касым Каимов: Атай

Зуура жашылданган көзүн баласы жакка бурат. Ал жакта тилсиз, сулк жаткан Абдыракман.

Субан баласынын бут жагына чөгөлөп отура калып, камчысын мойнуна салып, алаканын жайып, тилегин айтты:

- О, кудай! Мен сенден өмүрүмдө эч нерсе сураганым жок: ден соолукту да, байлыкты да, дөөлөттү да... Аны азыр да сурабайм. Сенден сурарым бирөө гана: жалгыз баламдын жанын аман калтыра гөр? Мен сенин кулуңмун, көзүм өткөнчө кулуң болом...

Анын үнү каргылданып, жасакерленип, уккан кишинин муунун бошотчудай. Аялы да алакан жайып, анын жанына отура калды.

Ушул учурда сырттан аттын дүбүртү угулду. Топураган дабыштар үйгө кирди. Дүйнө, эртеңки тиричилик эстен чыгып, жалгыз баласынын өмүрүн тилеп турган эрди-катын башка эч нерсеге көңүл бурушпады.

Көздөрүнөн аккан жаш беттен ылдый салалоодо...

Келгендер Тыныбек бай менен Тоймат бий эле. Ардактуу адамдарды көзгө илбегендерге Тыныбектин ачуусу келип, камчысын кармалады эле, бий анысын жактырбагансып, кашын үрпөйтүп, төргө өтүп отурду. Байда аны ээрчий, жанына барып, мандаш урунду.

Субан менен Зуура «оомийин!» — деп, бата кылып, баш көтөргөндө гана асмандан түшө калгансып, төрдө отурушкан кадырлуу кишилерди көрүштү. Зуура шашылып турду. «Менин көзүмө эмне көрүндү? Буларды кудай өзү жибердиби?» — дегенсип, Субан аларга жалдырады да калды.

- Куу сакал, тааныбай турасыңбы? - Тыныбек аны мыскылдуу карады.

- Оо, байым тура! Өзү. Өзү. – Субан ордунан туруп, колун бооруна алды. – Ассалом-алейкум!

Муруттары түктүйүп, кыжыры келип турган байдан мурда озунуп, Тоймат тамагын жасап:

- Алейкима-ассалом! Кандай, уулуң жакшыбы?

- Кудайга шүгүр!

Мындай шаани ого бетер Тыныбектин кыжырын келтирди.

- Ай, куу сакал! Балаң эмне дейт? Айтпайсыңбы? Абышка шылк этип ылдый карады, байдын сөзү анын жаралуу жерине таамай тийди.

- Балаң Жибек жалды кай тараптагы шериктерине узаттым дейт? Мага ошону айт. Мага ошо керек.

Чай кайнатмак болуп, толтура суу куюлган бастекти көтөрүп турган Зуура отура калды.

Булар мынча эмне тымпыйышат. Ооз ачпаса эле менден кутулуп кетишмекпи - деген ой менен Тыныбек төшөктө кыймылсыз жаткан оорунун жанына келди:

- Ай, бала!

Оору былк этпеди. Ал жанагыдан каардуу чаңырды:

«Ой, кулагың барбы?» анда да жооп болбогон соң, жуурканды камчысынын сабы менен кайрыды, эми камчы анын ээгине такалды:

- Көзүңү ач, жоону сайып келип, доомат кылгансыбай!

«Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет» дегендей, сулк жаткан немеге кыймыл кирди. Көздөрү ачылды. Бирок ал бетмаңдайында ким турганын жана эмне дегенин биле албады. Чоң кара тебетейчен дөө аскадан ылдый баштанып тургансып көрүндү...

Бала көзүн ачканга ата-эне жетине албай аксарбашыл айтышты. Акжолтойлорум деп, эки мейманга жалбарышты. Бай менен жаш жылкычы тиктешип калышты. Аска да, төбөсүнөн ылдыйланган киши да жоголуп, эми оорунун бет мандайында Тыныбек турду. Абдыракман анын жанындагыларга көз жүгүртүп, баарын бир баштан абайлап карап чыкты. Жаңы дүйнөнү, жакын кишилерди көргөнсүп, анын алсыз көз карашы кубанычтын нурлары менен бажыраят.

- Жылкы кайда? - деген үндү укту. Түшүнө албады.

Тыныбек да аны менен арбашып турууну каалабады:

- Тилиң байланып калганбы? Жибек жал кана дейм?

Ачуулу күпүлдөгөн дабыш, Тыныбек, Жибек жал деген сөздөрдү туйганда оорулуу жигиттин кабагы чытылып, көөдөнү керилип барып, анан көзү жумулду. Зуура бакырып ийди....

Байдын андан кийинки кыйкырыктары, каары, камчысы менен түрткүлөгөнү, чөгөлөй калып, ооруну жулкулаганы тилге киргизе албады. Бала кайрадан жөөлүй баштады.

Томаяк! Кески! Кара жолтой... - Байдын жер чапчыган букадай бакырыгын угуп, жинди болгондой жулкунганын көргөндө Зууранын ыйы өзүнөн өзү басылды.

Бир алетте жаткан баланын жүрөгү чыкпагай эле дегенсип коркту.

Тыныбектин ачуусу жаман экенин, анын каарына калган киши оңбосун бардыгын билишчү. Бирок өлүм менен өмүрдүн ортосунда жаткан кишиге да мынчалык ырайымсыздык кылары, тургандардын эч кимисинин оюна келген эмес. Анын иреңи кара көк тартып, көзүнүн чары чыгып, кутургандай ажаанданып баратты. Кабагын чүрчүйтүп коюп, көз кырын салган бий анын ачуусу өзүнчө тарабасын түшүнгөн соң ордунан турду:

13.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.