Касым Каимов: Атай
Зарыктырган үмүт
-Сабыр кыл, бай! - Сөзү талаага кетти. Ал жулкунган немени билектен тартып өзүнө каратты.
– Сабыр керек...
- Эмне сабыр? Кокуй-ой, эмненин башын оорутасың! Мен күйүп баратпаймынбы? Жибек жалым! Кайран гана асылым!..
- Жибек жал табылат...
- Табылат? - Тыныбек азга тына калды.
- Буйруса табылат.
- Катыгүн ой, мен сени билет экен десем.
Тыныбек кайрадан бакырды.
- Мен буларды кырам! Жибек жалдын артынан жоготом.
Аны бий дагы өзүнө каратып:
- Табылат?
- Ооба, сөзсүз табылат.
- Оозуна май! Аксарбашыл! - Тыныбек бакырыгын токтотуп, оор үшкүрүндү. Ушул учурдан пайдаланып бий аны эшикти көздөй жетеледи. Сонун эшик ачты. Субан бүжүрөп, аларды аткарганча шашты.
***
Бай менен бий аттанышып кеткенден кийин баласынын абалы оор болсо да, эрди-катын бир балаадан кутулгансып, жеңилденишти. Май биликти үлпүлдөтүшүп, таң атканча кирпик какпай уулунун жанында отурушту.
Абдыракман таңында гана тынчып, уйкуга көшүлдү...
Күн эбак көтөрүлгөн.
Оорунун көңүлүн сурайлы — деп келген кишилер тегиз уктап жаткан үй-бүлөнү көрүшөт. Абдыракман баягы калыбында. Кыз чапанчан чачын сербейтип бир бурчта. Субан менен Зуура кийимчен, оорулуу баланын аяк жагына куланышкан.
Кишилердин киргенинен чыкканы бат болуп, унчукпай келип, унчукпай кетишет. Үйдүн тегерегинде айланчыктап жүргөн буттары ичке, иймейген кызылдуу бала кишилердин жүрүшүнө жана тиги боз үйдүн көрүнүшүнө таң калгандай, тышта көпкө турду. Үйгө шыр кирип баруудан ийменди. Ийменген себеби - оорулуу үйгө баланын киргенин жактырышпайт. Элдин аягы суюлган кезде бала акырын басып келип, эшикти ачты.
Боз үйдүн ичи жарык эле. Өңчөй кийимчен жаткан кишилерге түшүнө албады. Тиктеп тура берди. Бир убакта төшөгүндө чалкалап жаткан Абдыракман көзүн ачты.
Бир нерсени эстегендей бери жагына башын кыйшайтып, көз чаптырды. Анан кыңкыстап жатып күч менен башын көтөрдү. Бир нерсени издегенсиди. Анын көзүнө бала урунду. Абдыракман аны көпкө тиктеп турду. Иреңинде жылмаюу пайда болду. Балада «мени куубайт экен го» деген ишеним пайда болуп, босогону аттап үйгө кирди.
Абдыракмандын алсыз үнү чыкты:
- Эшикти... түрчү!
Бала боз үйдүн эшигин түрүп, улагада тура берди.
Жазгы гүл жыттуу салкын желдин илеби келди.
Субандын үйү тектирчеде эле. Өрөөндүн бир бети суйкайып көрүнүп турду. Мал жайылган жашыл талаа. Көк жашыл токой.
Абдыракман талааны ойлуу тиктеп турду да, анан балага төргө өт дегендей белги берди. Беркилер дале уйкуда.
Үйдүн ичинде кийим-кече, казан-аяк - баары чачылган. Абдыракмандын тушунда керегеге илинген комуз гана баштагыдай. Бирок ал да далай күндөн бери чертилбей калган. Баланын көзү комуздан өтүп баратты.
Баятан бери баланын көз карашын байкап жаткан Абдыракман кереге тарапка ээк кагып, көзүн кысып койду. Бала ордунан чуркап туруп, комузду алып, ээсине сунду. Абдыракман кош колдоп жер таянып, башын көтөрүп, калтыраган колуна комузун алды. Буроого шайманы жетпей тиштенип, чертмек болду.
Колу анын эркине көнбөдү, титирейт, эпке келбей, жыгачтан жасалгансып шалкылдайт. Ал төшөгүнүн үстүндө бир аз калчылдап отурду да, комузду балага түртүп, төшөгүнө кайра жыгылды. Бала да мелтиреп олтура берди.
- Чертпейсиңби? – Өкүнүчтүү үн угулганда гана бала комузду колго алды. Дыңгыратып көрүп, комуздун кулагын башкача толгой баштады. Комуз анын эркине көндү, колдору да эп менен шилтенгенин Абдыракман байкап жатты...
Комуздан чыккан күү ажайып көрүнүштү көз алдыга тартты. Көбүктөнгөн тоо суусу. Керкейген көк серке сакалын сеңселтип, көзүн тикирейтип, атырылган ак көбүктү тиктеп тура калганда калың кой жээкке шыкала түшөт. Ошондо койчу айтат:
Ай, көк серке жаныбар,
Сен кечпеген суу барбы,
Сен чыкпаган зоо барбы,
Кыйыктанбай жол башта!
Серке тура берет. Койчу жемелей баштайт:
Сени улагында сойбой,
Сорпоңду ичип тойбой.
Арам өлгөн көк серке,
Териңди талпак кылып койбой!
Серке акырында «тиги өйүздүн кекиреси жайнап, бетегеси буралып турган экен, кечиксең куру каласың» дегенде гана башын ийсеңдетип, калың койду баштап, сууну шатырата кечип жөнөйт.