Касым Каимов: Атай

Зарыктырган үмүт

Касым Каимов: Атай

Абдыракмандын окуясы жана өлүмү ага катуу таасир берген эле. Баарынан да анын өлүм астында күү тыңшаганы, эл менен коштошкону баланын көз астынан кетпеди. Болгон ишти өз көзү менен көрүп, кулагы менен укса да, Абдыракмандын өмүрү мынча эмне кайгылуу болгонун түшүнө албады. Анын ачык түшүнгөнү — Абдыракман комузун ага атайын арнап бергени. Бир жагы кубаныч, бир жагы өкүнүч. Бала өзү кожоюну болуп, колунда кармап жүргөн комузун чертүүгө жүрөгү даабады. Абдыракманды мүрзөгө койгон күнү кечинде Султаналынын үй-бүлөсү кайгырып отурганда бала чертмек болот.

- Коё турчу, каңгыратпай. - Энеси аны токтотуп коёт.

- Субан укса каңырыгы түтөйт.

Андан бери бир нече күн өтөт. Абдыракмандын атаэнесинин жаралуу жүрөгүн сыздатпоо үчүн бала дале черте албайт.

Баланын ичи бышып баратты. Ошондо да каякка басса, аны колунан түшүрбөйт, кээде каңгыратып барып, кайра эсине бир нерсе түшкөндөй токтоло калат.

Мына ал теректин түбүндө үпүптүн үнүнө көңүлкош, мойнун кыйшайтып, өзүнчө кыялга батып турду.

13.01.2026

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.