Касым Каимов: Атай
Зарыктырган үмүт
- Эмне дедиң? Жылкы керекпи? Энчи доолап жүрөсүңбү?
Ал аялынын бышактаганын көрдү.
- Бир үйүр жылкы жок...
Бул жолу уккан кулагына ишене албады.
- Эмне деп күңкүлдөйсүң, канчык? Жылкы жок дейсиңби?
- Ал жаңылыш уккай элем деп тиледи.
- Ооба. Жибек жалдын үйүрү жок.
Тыныбек эстен тангандай эки катынын элеңдей карап, отуруп калды. Угулган сөздүн биринен бири катуу тийип, кантээрин билбей, айласы түгөнүп баратты.
Бир маалда отурган байдын айкырыгы чыкты:
- Алымбай!
Жалаңдаган жаш жигит бакырыкты күтүп тургандай үйгө шып кирип келди. Үмүтүн дале үзө албагандай бай андан сурана үн катты:
- Жылкы аманбы?
Жигит шыдыр жооп бере албай карбаластады.
- Камчы! - Бай ордунан турду.
Алымбай керегеде илинген кызыл табылгы саптуу бөрү тил камчыны алып берди.
- Мына сага! - Камчы жигиттин башына, жонуна ойноду. Кезек Бурулчага келди... Анан көрөркөзгө жетти. Ал жаалына келгенде кимиси жакыны, кимиси алысы түгүл, кимиси малайы, кимиси аялы экенин да эске албады. Баары тегиз жазаланды. Камчы баарыдан да ич көйнөкчөн Айсалкынга көбүрөөк өттү. Тыштагыларга камчынын тарсылдаганы, катындардын чыңырганы угулуп турду. Бир маалда бай көйнөк, дамбалчан эшикке чыгып, жыңайлак бутуна кепичин салган бойдон атка минди...
Дөңдө отурган кишилер Тыныбекти көргөндө козголуп калышты. Бай аларга караган да жок. Ооба, жер тоборсуй баштаганда биерге Тоймат бий Атабекти ээрчите келген. Жулма сакал Тоймат белин бүкүрөйтүп, чокчоюп отурганда анын көзүнүн чекири өзгөчө таасын көрүнчү. Бир аздан кийин аларга чоң сакал Айтыке кошулду. Дөбөгө үстөмдүк кылган ушул эки чал. Калгандары аларды жандоочулар, жөн эле сөз тыңшап, кулактын курчун кандыруу үчүн келишкен карыялар. Бүгүн чалдардын арасында чоочун үч киши отурушат. Алар саяк Дыйканбай манаптын тууганы Борош менен анын жолдоштору. Борош тектүү жерден чыгып, өзү Талас элине жээн болгондуктан, Тоймат бийдин оң жагынан орун алган.
Кимдин ким экендиги отурушунан эле байкалып турат. Төбө жагында Тоймат бий менен Борош, алардан төмөнүрөөк берки эки мейман. Калган айыл кишилери аларды курчап отурушат.
Күндө аксакалдар айыл арасындагы жана Талас ичиндеги жаңылыктарды козгошчу, алыска каттаган кишилерди ушул жерге чакыртып алып, башка элдердеги нарк жөнүндө, аш жана той жөнүндөгү кабарларды угушчу.
Бүгүн кадырлуу меймандардын келишине байланыштуу Кетмен-Төбө менен Таластын жаңылыктарын сурашты.
Кепке коноктор ынтаалуу, бирок айылдын ээлери эмнегедир алагды болуп, аңгемеге ынтаасыз катышкандыктан сөз кызыган жок. Демейде сөзмөр Тойчу бий эрдин жаланып жамбаштап жата калып, тынч ала албай отурат. Ал сөзгө кызыганда гана көчүгү жай алат. Меймандар менен сөз жалгаштырган жалгыз гана Айтыке чоң сакал. Меймандарды ал сөзү гана эмес, эртеден бери ордунан козголуп койбой, бир калыпта отурушу менен да ыраазы кылууда.
Кара жоргого камчы урган, ак көйнөк, ак дамбалчан киши Субандын самтыраган боз үйүнүн жанына жеткенде гана токтолду.
-Субан! А, сумурай, кайдасың? Өлүүсүңбү, тирүүсүңбү?
Эски күрмөсүнүн этек, жеңин түрүнүп, жылаңаяк бутары ылай болгон, маңдайы кууш аял эшикке чыга калып, акырын жооп берди.
- Таңында аттанып кеткен... - Аял жылаңаяктыгына, жүн жоолугу мойнуна кетип, жылаңбаш жүргөнүн байкап, үйгө кире качууга ыңгайланганда байдын өкүмдүү дабышы аны селейтти.
- Абдыракман жубарымбек кайда? Көзүмө көрсөтчү!
- Түндөгү бойдон жок... Дайынсыз....
Ачуулуу үндү угуп, апамды урганы жатабы дегенсип, эшикке чуркап чыккан кичинекей кыз Тыныбектин алагыр көзүнөн коркуп, апасынын аркасына далдаланып, ийинден башбактаган чычканча башын кылтыйтып карап коёт.
- Силер тоюнуп калган экенсиңер! Кутурган экенсинер! - Шашпагыла, көзүңөрдү ачармын...
Тыныбек кара жоргону ыргыштаткан бойдон тоону көздөй жөнөдү. Жибек жалдын үйүрү жок дегенде ачуусу кайнап, жылаңач буттары үзөнгүгө согулганын да капарына албады. Жорго чимириктей учуп жөнөгөндө чепкендин этектери желге далбалактап, ак дамбалы булактап, дөңдөгү отурган кишилер түгүл, бүткүл айылдагыларга өөн көрүндү.
Миң жылкылуу адам бир үйүрү жоголгонго меймандардын көзүнчө итетайы тутулуп, жоо тийгенсип, дамбалчан чабышынан уялышты. Ар иштин жайын билген Тоймат анын жоругун жымсалдатып актоого аргасыз болду.