Касым Каимов: Атай

Зарыктырган үмүт

Касым Каимов: Атай

Манас баатыр башы менен Каныкейдин үстүнө нике жаңыртпагандан кийин Тыныбекке окшогон сасыган бай үч катын алышына нааразы. Кээде кептин кезеги келип калганда Бурулча ушул оюн эрине тайманбай айтат. Бирок Тыныбек өзүн кудуреттүү адамдардын ичиндеги нысаптуусумун деп далилдеп, «жети катын алгым келсе ким токтотот» дегенде Бурулчада токолго ызырынуудан башка арга калбайт.

Бурулчанын туталанганы ушунчалык – Айсалкын токолдун өргөсүнө буркулдап кирип келди. Минтип кирип келиши жосунга сыябы, аны үчүн эринин каарына калабы – ушул учур капарында жок. Эки көзү сол капшытта, керегенин кап ортосуна чейин кат-кат болуп салынган жумшак төшөктө. Бурулчанын сурданган иренинде, алайган көзүндө «топон салган кара каптай болгон чочко, итирейген жаман токолуң менен моюндашып жаткандырсың ээ!» — деген кээр бар.

Уйкусу чала кангансып, назданып, боюн түзөп, төшөгүнүн четинде ич көйнөкчөн отурган токол – жаш келин Айсалкын эч нерсе менен иши жоктой, ал турсун, улуу күндөшүн да киши келдиби, ит келдиби дегенсип, билмексен болуп, өз алдынча керилип-чоюлат. Күйөөсү өз жаздыгынан жылып келип, жаш катынынын жылуусу тарай элек жаздыгына жаагын жөлөп мемирөөдө. Бурулчанын күйбөгөн жери күл болду.

- Итирейген өлүгүңдү көрөйүн! - Ал ызалыктын, ачуунун, өкүнүчтүн чогуна бышып-күйүп, Айсалкынга чукул келип, карысынын жумшак этинен аткып алып, үнүн басаңдатуу үчүн кызыл өңгөчүнөн сүйлөдү.

- Тиги өлүгүндү өлгөндүн үстүнө көмгөн кылбай ордунан козгобойсуңбу?

Айсалкын бакырайып ийе жаздап, колун тартып алды:

-                Өзүңдүн жаның жокпу? Козгоп көр! – Күйөөсүнө жөлөнгөн токол күндөшүнүн кээрине кээр менен жооп кайтарды.

- Тигини! Жарыбаган гана өлүгүңдү көрөйүн! Сени минтип эле...

Ал жерде жаткан кыпчыкейди алууга умтулганда баятан бери күндөш катындар кантээр экен дегенсип, каракүчкө уктамыш болуп жаткан Тыныбек көрөркөзүн аяп, чукуранымыш болгондо Бурулча диртилдеп токтой калды.

Эки катын бири-бирин жеп жиберишчүдөй тиктешти да турду. Катындарынын күнүлөштүк жоруктарын көргөндө мооку канып, чери жазылчу бай дагы эмне болор экен дегенсип, кайрадан мемиреди. Ал минтип жатканда ашык үн чыгарып, уйкуну бузууга батына турган ким? Бурулчанын кыпчыкейди кармаган бойдон селейгенине табасы кангансып, Айсалкындын жүзүндө салкын жылмаюу пайда болду. Бурулчанын таноолору кыпчылып, намысы үчүн өлүмгө башын байлагысы келди.

Аны токол да түшүндү. Ага улуу күндөшүнүн ушинтип безгек болгонсуп титиреши, өз акылын токтото албай ачууга жеңдирип, чатак чыгарып, эринен өлөрчө таяк жеши керек эле.

- Кыпчыкейге келдиң беле? - Айсалкын шыңк этти.

- Ала кой, керек болсо.

Ансыз да өзүн күч менен токтотуп турган Бурулча кыпчыкейди кош колдой кармап, аны төбөгө салмакчы болуп обдулганда, байкап жаткан Тыныбек жаздыктан башын көтөрдү. Тамаша көрүү үчүн дагы бир көз ирмем сулк жатса, жакшы көргөн токолунан ажырап калууга мүмкүн эле.

Эки катын тең көнүмүш боюнча сыр бербөө үчүн, башкача айтканда, жанжалды баштабагансып көрүнүү үчүн жер карап, тымпыйышып калышты. Мындайда кимиси шек чыгарса, токмок ошонун төбөсүндө ойной турган.

Бирок бу жолу Бурулча айыптуу экенин жашырууга алсыздык кылса да, Тыныбек өз адатын карматып, чекилик кылганын тапкысы келгендей жасакерсинген эки катынды алмак-салмак тиктейт. Мына анын алагыр көзү ортончу катынына такалды. Тирүүлөй союлаарын түшүнгөн Бурулчанын колунан кыпчыкей түшүп, эрин тиктеди. Анын көз карашында айбыгуу, жалооруу, боорукерлик күтүү жок, ачуунун жана өкүнүчтүн кээри бар эле. Өмүрүндө эрине тике карабаган Бурулчанын азыркы көрүнүшү аны таңкалтты, күндөштүктүн азабынан улам ушунчалык адепсиздикке түшкөн экен - деп ойлоду. Демек аны эч убакта болуп көрбөгөндөй жазалоо керек. Бай ашыкпады.

- Кош, эмне келдиң? - Тыныбек кереге тараптагы камчы менен ноктону издегендей көз жүгүртө сүйлөдү.

- Бай! - Бурулча өңгөчүн тартып жашып кетти.

-Бир үйүр жылкы жок....

Дили башкага оогон Тыныбектин кулагы сөздү чала укту.

13.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.