Касым Каимов: Атай

Зарыктырган үмүт

Касым Каимов: Атай

ЗАРЫКТЫРГАН ҮМҮТ

Мобу, жүк тактайдай тептегиз болуп, кырка тарткан жепирекей дөңсөөнүн алдындагы алакандай жайык Көк Кашат деп аталат. Мунун дарегин балким ушул айылдан башка жактагылар билишпес. Мындай көз жаздымында калып, учуру келгенде гана эске алынчу жайлар дүйнөдө мол го.

Ага бет маңдайлаш күңгөй тарапта, атактуу Кең Колдун оозундагы дарбазадай кызыл таш, айкөл Манастын күмбөзү тарыхтын күбөсүнө окшоп, бул кай жер экенин өзү эле айкындайт.

Өрөөндүн ортосунда күкүктөп агып жаткан чоң сууну бойлой өскөн чытырман токой да арстандын жалына окшоп дүпүйүп, баатырдын жеринин элесин көз алдыга тартат. Күңгөй-тескей жактары ажыдаардын азуусундай арсак тоолор менен курчалган кең мейкин чыгыштан батышты көздөй тасырайып созулуп жатат. Бул жер эзелден кең Талас деп аталат.

Кең Талас жомокко бай. Жада калса, тепкедей кашаттын да сыры бар экенине ким шектенет? Ушул жерди жарып өткөн арык суусунун бирде алабармандап шаркырап, бирде жылаажындуу шылдырап агышына кулак салгылачы... Кыялды окторулган агымына ээрчитип, далай жерге сүрөп барып таштайт.

Бул туура арыктын башы Талас суусунан бурулган. Анын арыктын кырынан аша чаап, кара кочкул тартып атырылып агышы көрөнгөсүнүн күчүнөн.

Ой-тоонун баары суу каптагандай көлбүп, какшып калган эски арыктардын нугу ылай аралаш кумга, какыр-чикир агындыларга шиленип, чуңкурлар майда-майда көлчүктөргө айланганына караганда түнү менен кара жамгыр төгүп, күн таңга маал гана ачылгандай. Жаратылыштын ушул алааматы тынч жаткан чоң өзөндү ээлендирип, ташкындатып жиберген. Эми ал кирген буурадай чамынып, теректерди түбү менен агызып, казандай таштарды калдыратып, эпсиз күрүлдөйт. Өйүзбүйүздөгүлөр бири-бири менен каттай алышпай калган.

Бирин-серин көпүрөлөр капкачан жуулуп кеткен. Анткени менен жаңы чымыраган көктүн суусуну канып, кубат алгандай бой жазып, кадыресе жабалактай түшкөн. Арыктын боюндагы ак теректер чайырлуу бүрчүктөрүн жарып чыккан көк мончокторуна сыймыктанышып, жаңырып, кайра жашарган өмүрлөрүнө мас болгондой бой тиреше теңселишет. Белсене келген сулуу жаз бейкут айылдарга да өз таасирин тийгизди.

Ушул эле кашаттагы чачкын айыл Тыныбек байдыкы.

Күн көтөрүлүп калган.

Түнкү жамгыр айылга өз белгисин калтырган. Ийненин көзүндөй жылчыгы жок ак өргөөлөр эч нерсени сезбегендей даңкайышат. Ал эми ышка жана күндүн табына чирип, сансыз тешик болуп, жабуусунан жылдыз саналган үйлөрдүн бүлөлөрү таң атканча уйку көрбөй, жаандан кийин тыным албай, шөмтүрөгөн төшөнчүлөрдү жана кийимдерди күнгө жаюу менен алек. Очоктор сууга толуп, кемегелер көлчүккө айланып, көп кишилер алиге эртең мененки тамагын ичише элек.

Түнкү жамгырдын таасири ошону менен гана бүтпөгөндөй. Малчы менен жалчы аттуулардын баары өзүнө тиешелүү малдарын айылдын четине түгөлдөшүп коюп, жылкычылардын соңунан тоону көздөй самсып кетип жатышат. Айылдын орто чениндеги дөбөдө чоогулушкан оп киши тарп аңдыган жорудан бетер моюндарын созушуп, нары-бери чапкан малчыларды тиктешип, суз отурушу да бекеринен эместей.

Бүт айыл боюнча Тыныбектин көрөркөзү Айсалкын токолдун өргөөсүнө гана кыймыл кире элек. Түндүгү ачылуу, бирок эшиги желп этпейт. Балким, сулуунун уйкусу канбаган чыгар. Жо-жок. Бул магдыроо бүгүн бай эрке токолунун үйүнө түнөгөндүктүн белгиси эле.

Тыштагы дүрбөлөң өргөөгө жетпеди. Тыныбек таттуу уйкуда жатканда аны жылуу төшөгүнөн ким козгойт?

«Бакпай балааңдан сакта» - дешип, жалчылары алыстан эле жүрөктөрү титиреп, өз алдынча күбүрөшөт.

Бай жайчылык убакта токолунун төшөгүндө түшкө чейин уктаса да, байбичеси менен ортончу катынынан башкалар тардык кылбас эле. Бирок бүгүнкү карайлаткан түндө байдын бир үйүр жылкысы малайы менен кошулуп дайынсыз жоголуп отурса, анын үстүнө кетментөбөлүк жек-жааттары аттанганы жатышса, айылдаштары чебелектебей кантишсин?

Бул кордуктан улам берки эки катыны өзгөчө ачуулуу. Бирок, алар каарын отун алып, мал баккан жалчылардан гана чыгарууда. Байбичеси элүүдөн ашып, кудая шүгүр деп, балпайып от боюна отуруп калгандыктан, күйөөсүн анчалык талашпайт, жөн эле намысынан өлүп баратат. Ортончу катыны Бурулча өзүн кара торунун сулуусумун деп ишенген, толмочунан келген, антсе да сымбатынан ажырабаган, өңүнө да, тегине да сыйынган өткүр жана тилдүү неме. Кыргыздан чыккан кыйын аялдарды уламадан улап, көргөндөрүн, билгендерин териштире келгенде, өзүн жалгыз гана Каныкейге теңейт. Мунун да жөнү бар. Бурулча колунан көөрү төгүлгөн уз болбосо да, сарамжалы айтарлык - эл ичиндеги өнөрлүү келин-кыздарды чогултуп, ишин бүтүрүп алууга ыктуу.

13.01.2026

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.