Сулайман Кайыпов

Жок жерден жомок жаралбайт

Сулайман Кайыпов

І. ЖОЛГО ЧЫКТЫМ...

1. Мындай күндө кандай пенде тынч уктайт...

 

 Эй, кыргызым, төгөрөктүн төрт бурчунда болуп жаткан адисалар тууралуу эртели кеч талыкпай кабар берип, какшанып сүйлөп жаткан экранга карап бак... же күн сайын түрдүү түскө боёлуп чыгып жаткан гезиттерге көз чаптырчы барактап... кең дүйнөдө кыйын болду тынчтык менен бейкуттукта күн батып, тынчтык менен аман-эсен таң атмак... Бирин бири алдап бүтүп, эми адамдар элин, жерин, барып-келип өзүн жатат карактап... Күлгөнү аз, ыйлаганы көп... сүйүнгөнү аз, күйүнгөнү көп... куунаганы аз, куураганы көп... алаамат бир доорго келип такалды бейм Теңир кулу - Адамзат. Мындай күндө кандай пенде, кандай кыргыз кенен уктап, тынч жатат!

Төгөрөктүн төрт бурчу андай болгон соң, кыргыз кандай болмокчу... Акыркы он, он беш жылдан бери кыргыз инсанынын оозунан көңү лүң чөгүп турса, көтөрүп көкөлөтөр; акылың айран болуп, аргаңды таппай турсаң, акылга азык  берер; жаман күндө жакшылыкты көздөй үндөп, билбегениң билдирип, көзүңдү ачар; жаңылганды туура жолго багыттап, жаңы мүдөө, максаттарга шыктантар; укканга кыргыз болуунун бакыт, сыймык экендигин сездирип, улуттук рухунду жандандырар, кадимки көктө айланган бүркүт түн шаңшышындай көтөрүңкү маанай менен айтылган чыныгы кыргыз сөзүн, байкасаңыз, анда-санда эле болбосо, ар дайым угууга мүмкүн болбой калды. Жакшы сөздү оозго алгандар азайгандан азайды, жаман сөздү көп сүйлөп, сөгүнүпсагынгандар, каргап-шилеп кагынгандар арбыгандан арбыды. Азыр эми күндө он маал: калган көңүл, арылбаган арман, тарткан азар, чеккен запкы, көргөн азап, каткан шор, өчкөн ындын, чөккөн маанай, маң болгон баш, талкаланган тагдыр, кеткен оомат, качкан бакыт, тайкы таалай, үзүлгөн үмүт, куруган жиңкин, каткан кадем, жылыбаган маңдай, кашайган көз, ачылбаган пешене, жабылган жол, кеткен ыкыбал, качкан береке, тарттырылган байлык, татымы жок бийлик, сая кеткен өмүр жөнүндө уга берип, уга берип, көңүл чөгөт кеселге жолугасың. Демек, сөз жок, аалам менен бирге, кыргыз коому да как өзөктөн жаралуу...

 Бул жараатты өтмүштө өчөшкөндөй тереңден салып туруп, кыргыздын акча менен алтынын гана эмес, ахлак менен нысабын да кошоктоп алып туруп, калк жыйылып келгенде качкандар бар... Азыр болсо, аны таңып, сакайткандын ордуна кайра ырбатып, канталата жаңыртып, ал гана эмес, как жүлүндүн башынан жаңы жараат ачкандар бар....

Уйку качты... билбейм деги, мындай күндө кандай кыргыз кантип гана тынч уктайт... Аргам куруп, бүгүнкүнүн издерин өткөн мезгил чыйырынан - эл оозеки мурасынан издөө менен алекмин. Туура жолдун учу кайда, кайсы жерден башталып, кай багытта уланат, ушуну билүү үчүн, билер замат, чыпчыргасын коротпой, эч нерсесин жашырбай эли-журтка ашкере айтуу үчүн үзөңгүгө бут салып, жолго чыктым.

Бир карасаң, илимий-популярдуу баянга, дагы бир карасаң, публицистикалык ой толгоого окшоп кеткен, жанры менен түрү жагына келгенде эмне экенин айлап-жылдап көтөрүп, толгоо тартып «төрөгөн» өзүм да анык билбеген, чынын айтсам, билгим дагы келбеген бул жупуну чыгармамды эртелеп жазып бүтүп, 2010-жылдын 10-октябрында болуп өткөн парламенттик шайлоону утурлап жарыялайын деген ниет менен калем-кагаз колума алган элем. Максат-мүдөөм, айтып-айтпай не керек, белгилүү да...

 Буйрукка арга жок экен, канчалык кара жаным камчылап талпынсам да, күндү күн, түндү түн дебей, желип-жортуп отурсам да, жол соңуна кечикпей чыга албадым, эңсеген максатыма жете албадым, тагдырдын буйругунан өтө албадым – шайлоо да болду, шайлоонун эртеси да болду, мен болсо, эми мына... Кечиктимби... а балким, түбөлүгүн ойлосок, кечикпедим...

Адатымча, жоо-жарагым шайланып, жазууга киришкеним, анан эч нерседен бейкапар, «Жомоктор...» деп салмак менен баштаганым бир билем, андан кийин, кудай бетин салбай кал, Чубактын куну сымал... Кайсы балээлүү немеге бармагымды салып жатканымды кийинчерээк, жолду ортолой келгенимде чындап түшүндүм окшойт. Жол аягы жапжакын көрүндү эле, жақылыпмын — итапкан ыраак чыкты; барар багыт жөпжөнөкөй көрүндү эле, алданыпмын – баарыдан татаал чыкты; таман кызып, ташты кырча басарда как моюндан кан аралаш тер кетти...

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.