Сулайман Кайыпов
Жок жерден жомок жаралбайт
Баштаарын баштап алып, улантуунун азабын чеккенимди айт. Басар жолдун болжолун билсем дагы, башынан камын көрүп жүрсем дагы, сарамжалым төп кылып кирсем дагы, улам бир аз арылап, таманды ташка бүлөп, кызый-кызый келгенимде; азыткыдай арбаган кооз идеялардын туткунунан бошонуу үчүн, көбүргөндөн жабырып, ээ-жаа бербей эсти оодарган эмоция эпкининен кутулуу үчүн жан далбаска түшкөнүмдө; ой чордонун кыргыз, улут, өлкө деген түшүнүктөр ээлеген соң, ичи-тышым өрттөй жанып, оңгосолго карабай, жан алып, жан берип, кара жанды карч уруп киргенимде, ыңгайы келе калган сыяктанат, жаштайынан бейбашыраак өсүп калган калемим мен канчалык «Уят ай!» деп, кагыпсилкип, тескесем да болбостон, чынжырын чарт жулуп алып, адатынча эшек оюн салган бойдон кетпедиби. Камалып, буулугуп турган неме расмият, протокол, этика, адеп, ыйбаа, ийменүү деген нерселерден зымырайта «токулган» капасторунан атып чыгып, түк баш бербей, ойго келбес тараптарга, түшкө кирбес ой-кырларга арт жагына бир кылчайып карап койбой, мени кошо жетелеп жөнөбөдүбү.
Күнөө менде, баштабасам болот эле, баштап алган соң, бейбаш өскөн калемдин кулу болуп, артынан такыр калбай, күнү-түнү салпылдап ээрчип отуруудан, «Бас!» деген жагына басып, «Тур!» деген жеринде туруудан башка аргам калган жок. Күн өттү, апта өттү, ай өттү, эми мына, жыл айланып баратат.
Өмүр бою сылык-сыпаа, кечиримдүү, наркты бузбай, сабырдуу бол деп жүрүп, ындынын кыйла өчүрүп, курчун бир топ кетирип, жалтак кылып, буулуктуруп салган окшойм, эркиндикти берип койсом, ээ-жаа бербей курутту. Өзүм да, өпкөм көөп өрөпкүп, көөдөнгө бугум батпай толуп-ташып, оңтойлуу бир шылтоо күтүп турган окшойм, кандай десе, эмне десе, баарына бир ойлонбой макул болдум; ал турсун, эрте дебей, кеч дебей, шыкак берип, жөлөп-таяп, далыга чаап, алга карай сүрөдүм.
Антпегенге чара жок, өзүңдү күзгүдөн бир карап көрчү, кыргызым... Бет алдыңда эмне турат... көз көрүнөө, каратып туруп, кара көзүң кашайтып... Зордугу, зомбулугу, тойбостугу, зайпана, саткындыгы жүздөрүндө жазылган... Айтчы тууган, кедери кетип жаткан, кермек даамы жүлүнгө жетип жаткан, келечекке кеткен кең жол, трасса кыргыз үчүн кылымга бекип жаткан мындай күндө кандай кыргыз кененкесир, камырабай тынч уктайт?!
Болор иш болгон соң, ушул бейбаш калем экөөбүз жетелешип алып, далай-далай ашуу аштык, таш бастык, суукка тоңдук, мээ кайнаткан ысык чөлгө туш келдик, адам тургай куш өткүс аска-зоого капталдык; күргүштөп кирип турган киргил суулуу дайралар кечтик, учу-кыйры билинбеген деңиздерден кулач уруп, соо өттүк. Экөөбүз эч ноюбадык, бирибизге бирибиз аркатирек, таяныч болуп, күлсөк бирге күлүп, ыйласак бирге ыйлап, ажырашпай кол кармашып жүрүп отурдук. Сүйүнүчүнөн кайгысы көп, күлкүсүнөн ыйы көп кыйла жолду арыттык.
Акырында, алдан тайып жыгыларда, көз жаш бүтүп, каректерден кан агарда, тагдыр буйруп, кол кармаша жетер жерге жетип келген окшодук. Кантсе дагы, барар жерге баргандайбыз... дээрибизди дегендейбиз, кыларыбызды мына ошентип кылгандайбыз... Эми болсо, «чыныгы, кеп түшүнгөн кексе окурман эмне дейт» деп турубуз; өзөгүбүз өрттөнүп, жалбырттап күйүп-жанып кеп кылган көз караш, ойлорубуз эли-журттун көңүлүндөгү сыздап турган жараатына аз да болсо, эм болуп кетеби деп, акыбетин күтүп турган чагыбыз. Мына ушул негизгиси, калганы, ким эмне дейт, чынын айтсам, бизди анчалык кызыктырчу нерсе эмес.
Каржалганда кайрат берген, кайран гана бейбашым... Ал болбосо, мен балким, жок болчумун. Арыз-муңум ал укпаса, ким укмак... Жанга жакын мүнөзү, боорукерлиги, жанымдан алыс чыкпас жан жолдоштук сапаты менен өмүрүмө өмүр кошуп келатат. Көкүрөк-көөдөнүмдү көр кыскандай кысып келген ажалдын уу тырмактуу манжаларынан, ошол гана далай ирет куткарды. Ал болбосо, күн-түн дебей арыз-муңум кошо жүрүп укпаса, көөдөндөгү муң-зарымды ак кагазга төкпөсө, ушул саптар күн-түндөп жазылбаса... ай, ким билет... бар белем, же жок белем.
Билбейм, билбейм, мындай күндө кандай кыргыз, кайсы кыргыз тыным алып тынч жатат?! Эй, кыргыздар, ойгонгула, ойлонгула, дооруң келди бүт дүйнөнү таңырката каратчу; мезгил келди «Кыргыз» деген марка менен жаңы пикир, жаңы акыйкат жаратчу; бул пурсатты эч качырбай, убагында колдонгула, ага жетчү акылэсиң деги бар; колдонбосоң, мезгил мерез, токтоо билбейт, адаты анын кечиккенди күйүктүрүп закымдаар; мерчеми өтөт, күүгүм түшөт, күн да батат, эртеси күн башкаларга жарык чаччу таң да атат; ойгонбосоң, ойлонбосоң, күтүп турат далай элди, далай журтту мойсоп тынган туңгуюк; жатпа кыргыз, миссияң бар, жатпа кыргыз уйку-соодо сулдуюп; жата берсең, жаңырбасаң, жанданбасаң, адамзаттын алдындагы миссиянды билбесең, ыжы-кыжы, талаш-тартыш кеп сүйлөп, келечекке кеткен жолго селдей каптап, ымалалуу ынтымакта кирбесең, ана ошондо чыны менен шор катат!
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.