Сулайман Кайыпов
Жок жерден жомок жаралбайт
Кыргызда эмне көп, негизги багыты туура, дүңүнөн, сыймалата, үстүрт айтылган «туура» сөз көп. Бирок, сезимдерге кыт куйгандай уюш калчу, окурман мурдатан билип-көрүп жүрсө дагы, анчейин маани берип баалабаган, турмушунда колдонбогон, артыкбаш «интеллектуалдык жүктөрдү» да кыймылга алып келип, бир ишке жарашына себеп болчу, көзгө сайгандай таамай, жугумдуу айтылган пикир аз. Бул сапар, ушул кенемтенин бир аз жерин да болсо, толтура алар бекемин деп, сөздөн сөз, сүйлөмдөн сүйлөм, стилден стиль тандап азап чектим... Акыры келип, баштан аяк ушул ыргак, ушул күү, ушул дем менен кеп салып берүүнү туура көрдүм.
Ошентип, мен төмөндө кесибимдин мага таккан вазыйпасын орундатуу максатында, бир кыргыз жомогунун мазмунуна таянып, кыргыз мамлекетинин кечээги, бүгүнкү күнүнө мүнөздүү, келечегин аныктоодо орду бар, чындап келсе, түбөлүктүү бир катар маселелердин көз жаздымда калтырууга болбосун далилдөөнү туура көрдүм. Ооба, аны толук түшүнүү үчүн окурмандын улуттук сезими курч болуу менен, жомок деген нерсенин эмне экенин, анын чыныгы табиятын, чындык менен болгон байланышын учкай да болсо, билүүсү абзел. Ушул китепти колго алып, окугандар, буйруса, кайран кыргыз кастарлап айтып келген санат сөздө, жомоктордо ушул күндүн бар экенин билип калар, бул китептин эң негизги темасы эл тагдыры экендигин түшүнөр. Ээй, кыргызым, ушул жерден алдын ала айтып деле коёюн, жомок - негиз, жомок - тутка, жомок - себеп, же бир шылтоо; тынчытпаган, уктатпаган, жомоктон жол издеткен – өз тагдырым, сенин, анын тагдыры.
Кээ бир ойду кайталоодон тажабадым, окур ман да окуудан тажабасын; ар бир сүйлөм, үтүр менен чекиттерге, кайталанган сөздөргө атайылап катып койгон ой-пикир, сырларымдын анык жүзүн көрүү үчүн үңүлсүн; тээ көңүлдүн түпкурүнөн чыгып жаткан чыңырыкты угуу үчүн чындап кулак төшөсүн. Жазуу - мээнет, окуу болсо - андан өткөн зор мээнет. Мен өзүмдүн милдетимди так жана таза аткардым, окурман да өз милдетин дал ошондой аткарсын. Бир топ нерсе мына ушундан башталат. Чекене да болсо, ушул китепчемди кыргызымдын бир ишине жарасын деп, окугандар кыргыз болуп жаралуу, төрөлүүнүн өзү эле сыймык жана зор мартаба экендигин билише элек болсо эгер, билишсин деп; унутушкан болсо эгер, маңкурттуктун таскебин сыйрып салып, эртерээк эстерине келишсин деп, каруумду казык кылып, кан аралаш кара терим сыя кылып, ар бир тамга, үтүр, чекитине чейин кадала карап отуруп жазып бүтүрдүм. Тынч жатпадым, жата албадым... билбейм деги, капырай, мындай күндө кандай кыргыз тынч жатат?! Анан да, кайта баштан айтчу болсом, жомок — сөздүн башаты, жомок - себеп, жомок — шылтоо, негизи, күндүр-түндүр тынчытпаган, уктатпаган, миң түйшөлткөн - эч бир башка нерсе эмес, сенин, анын тагдыры, өз тагдырым, өлкөбүздүн абалы.
Тилегим: айткан кебим - аткан огум дал бутага тийгей эле; түз, каймана, айтылган ой, пикирлердин жок дегенде бир кыпыны кыргыздын акылы тайыз, алаңгазар чоңдорунун, алардын жан, жака-бел, жакындарынын кулагына курт болуп киргей эле; муңдуу үнүм, ыйым, күлкүм, бакырык-кыйкырыгымы олут билген окурман уккай эле; кыргыз уулу «Мен кыргызмын!» деп эртең, башкалардан аркан бою бөлүнүп, өнүгүү нүн далай элди артка таштаар кең жолуна жарк этип, жайдаң этип чыккай эле! Үмүт, тилек, максат, мүдөө, арзуу, эңсөө, каалоо - мунун баары, азырынча, шүгүрчүлүк, башы бүтүн, боору эсен! Туура болбойт, азыр бизди жакшы күнгө алып барчу эч бир инсан, эч бир жышаан жок десем!
Менден ушул азырынча... Калган сөздү китеп колго тийген соң, окуп чыгып, көп окуп, көптү көрүп, көптү билип, кексе болгон окурмандар өздөрү айтар.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.