Сулайман Кайыпов

Жок жерден жомок жаралбайт

Сулайман Кайыпов

 

2. Жомок — шылтоо, тынчытпаган - тагдырым

 

Бейбаш да болсо, көйкашка... Экөөбүз басып өткөн узун жана татаал жолду, көргөн күндү келептеп түрүп келип, өрмөк куруп, аркак менен эришин, суусу менен көчөтүн белен кылып даярдап сого келсек, натыйжасы мына ушул алакандын отундай китеп болду.

Баскан жолубуз узактан узак, көтөргөн жүгүбүз зылдай оор, тарткан азабыбыз адам чыдагыс болучу. Кантсе да, маңдай терден, ак мээнеттен жаралган чүрпө эмеспи, чакан да болсо, көңүлдөргө из салчу бир эмгек болсо, максат-мүдөөм өз ордунан чыкканы. Ойлогон ой, каалоом бүтүн орундап, көңүлүм көтөрүлүп, төбөм көккө жеткени.

Эң кызыгы, калемим экөөбүздүн ортобуздан мен каалаган, каш-кирпиги мындай деп болжолдогон, бою-башын элестеткен неме эмес, мурдубашы бир аз чалып турса да, бой-турпаты, кейпкелбети такыр башка, ага, мага эч жери окшобогон, оголе бычыны жок, биз күтпөгөн бирдеме ыңаалаган бойдон жарык дүйнөгө салам айтып кирип келди. Кантмек элең, ичтен чыккан ийри жылан, окшобойт деп ыргытып жибере албайсың. Ыргытканды кой, көзүнүн карасы менен тең айланып, суук көзгө чалдыкпаса экен деп, үстүндө көр көпөлөк сыяктуу чимирилип турганымды айт. Антпеске чара жок, кандай да болсо, өз каным, өз жанымдан жаралды; нокотек эмес, акыл, сезим, күч-кубат, маңдай тер, көз жашымын жуурулушунан пайда болду... Мына өз алдынча канат сермеп жолго эми, чыгат...

Кан жол, темир жол, кара жол, аба жолу, суу жолубу, же сокур тоом жалгыз аяк тоо жолубу, иши кылып, дагы кандай жолдор болсо, бардыгында – кыргызыңдын дилине, көңүлүнө, акыл-эсине, сезим-туюмуна барчу жолдун түгөлүндө мүдүрүлбөй, чалынбай, чаалыкпай жүрө бил деп, барган жеринде өмүр бою түнөп калбай, бүтпөс жолуң талыкпай улай бер деп, тилек тилеп, ырым кылып, бою-башын жасап-түзеп, учу-түбү билинбеген улуу сапарга улагадан ак жол каалап узатып жатам.

Баса, төрөлгөндөн көп өтпөй, көзү ачылып, кулагы угуп, там-туң басып калган кезде, адатымча убактысын өткөрүп жибербейин, көп бой жетип кетпесин деп, балалыгы куру бекер өтпөсүн деп, ал редакцияга сунуш кылдым – батпады, бул редакцияга сунуш кылдым - батпады; «өтө эле чоң төрөтүп салыптырсың, кичирейтип, жонуп, сомдоп бер» дешти. Колун, бутун, куйрук-башын канжалата кескенге жүрөк даабай кыйла жүрдүм. Акыры...

Акыры буйрук дегенге арга жок эмеспи, сааты чыккан белем, Парламенттик шайлоо бүтүп, изи кыйла сууп эле калган кезде толук эмес, буталган, кыскартылып макалага айландырылган варианты жеке менчик гезиттердин биринде жарык көрдү. Эми болсо, жогоруда айтылгандай, өзгөчө тилек тилеп, окурманга түп нускасын, толугун, кандай жазылса, ошондой боюнча окусун, жаккан жерин көңүлүндө сактасын, жакпаган жерин жалпайта сындасын деп, китепче түрүндө сунуп жатам.

 Ар бир жандын бирин-экин жаман адаты болот эмеспи. Менин көп жаман адаттарымдын бири ушул - бир нерсени жазып жатканда «толгоону катуу тартып, жан, жака-белимдеги инсандардын үнүн уккум, карасын көргүм келбей, өзүмдүн бою-башыма да карабай, оголе катуу кирем. Кээде: «Ушуну жазбаган болсом, өмүрүм текке кетмек экен» деген ойдо болом. Анан эле, жазылып бүтүп, ичим эңшерилип, толуп турган көөдөнүм бөксөргөн соң, баягынын бири жок, «соодасы бүткөн сартка окшоп» отуруп калам. Көпчүлүк жазгандарымды кайра башынан түшүп окуп көргөнгө көңүлүм чаппай, мойнум жар бербей калат. Убакыт болсо, өтө берет...

Бул жолу да, жазылып бүтүп, жарыяланбай кала берген көп кагазымдын бири деп, унутуп таштайын десем, болгудай эмес, негедир, көңүл кургур чыдабады. Карап көрсөм, бул чыгарманын чордонун түзгөн элдик жомоктогу айтылган идея демократиялык мамлекет болуунун татаал жолунда чайналып, чаалыгып бараткан; жатжалаа эмес, өз башкаруучуларынын колу менен ачылган көкүрөк жарааты ырбагандан ырбап турган кыргыз коому үчүн ушунчалык орчундуу жана керек дейсиң, шайлоо өтүп, доор алмашса да, актуалдуулугун ныпым жоготчудай көрүнбөйт.

Өлкөбүздү алдыда далай шайлоолор, далай уюштуруу иштери күтүп тургандыгын эске алып, байлык, мансап, бийликти кантип туура колдонуу керектиги, элди кантип апааттардан сактап калуу мүмкүндүгү жөнүндөгү идеяны көөнө улуттук казынабыздын тереңинен сузуп чыгып, калайыккалкка тартуулоону жарандык вазыйпам, кыргыз болуунун бир парзы деп билгеним үчүн балдарыма Теңир берген ырыскынын эсебинен китеп кылып бастырып жатам. –

17.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.