ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

НАСЫЯТ

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

“Кыргыз туусу” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 24.04.2009-ж.

 

* * *

Мен алардын чыгармачылыгынан ого төтөн күч менен көрүнгөн революциячыл духту жана элдүүлүк мүнөздү айтып жатам. Байкап көрсөк, алар өздөрүнүн өлбөс-өчпөс ырларынан, урабас уйкаштыктарынан кураштырып, акындык алоо жүрөктүн табына кактап, ширетип, мезгилге көпүрө салып, аны мүрүсүнө коюп мүргүбөй көтөрүп тургансышат…

Бул акындарды бир чамгарак астында баш коштурган күч сөздүн кереметинде же үндөшкөн ырларда гана жаткан жери жок, кала берсе алардын тагдыр-таржымалы, турмушта баскан жолдору, жүргүзгөн күрөштөрү да окшош. Туу кылган максатынан, эңсеген идеалынан кайтпай, жашоонун бардык касирет-кайгысына кайыл болуп, атүгүл ажалдан да жазганбай, тике даап барышкан. Ошону үчүн Байрон Грециянын азаттыгы үчүн башын сайып, өмүрүн сарп кылды, ошону үчүн падышалык өкмөт Пушкинди жаштайында жайрандады, ошон үчүн Мицкевич менен Петефи кара түнөк күчтөрдүн капшабын тартышты, ошон үчүн Украинанын шер уулу Тарас Шевченко колуна кишен салдырып, сүргүнгө айдалып, чынжырдын ар бир шылдырты кайнаган эл каарынын коңгуроосу болуп кагылып, бийлик ээлеринин үрөйүн алып, карапайым эмгекчи адамга алпейим кайрык болуп угулуп турду. Ошону үчүн фашисттер биздин күндөрдө эле Испания Республикасынын жалындуу жарчысы Гарсиа Лорканы окко тутуп, опаат кылышты.

Биздин Токтогул да дал ушундай акындардын уркунан болгон. Токтогулдун ашып-ташкан академиялык билими деле болгон эмес. Бирок, ал көзү ачык, көкүрөгү тунук таланттуу төкмө болгон, кыргыз жергесиндеги көп чүкөнүн сакасы, ырчылардын сарасы болгон. Ошондуктан, биздин терең ишенимибизде элдик ойчул, күрөшкер жана сүрөткер катары дүйнөлүк поэзиянын залкар ысымдары менен бир катарда турганга анын бардык жактан акысы бар. Не дегенде “Манас” эпосу бизге жеткен азыркы калыбы менен кечээ же бүгүн эле жарала калган эмес. Кыргыз эли ага сан миң жылдык санжыра-тарыхын, дүйнө жөнүндө баккан-көргөнүн, поэтикалык энчи-таалайын катып, тополоңдуу күндөрдүн бороон-чапкынына тоздурбай, кысталаңдуу замандардын кыямат селине алдырбай, бой тумар сындуу боюна көтөрүп, дээрине сактап, кылымдардын кыйырын түрө кыдырып, улам өнүктүрүп, өөрчүтүп жүрүп отурган. Манас баатыр жөнүндөгү улама кептин уңгусу жылжыган булак суусундай болуп ой бойлобос, акыл чендебес атам замандагы доорлордо башталган.

* * *

Эзелки уламыштын уч-кыйыры көрүнбөс кенендиги менен түбү билинбес тереңдигин ойго сыйдырып, көңүлгө көгөндөп, “Манас” жөнүндөгү улуу сөздү көөнөртпөй, ар бир муундун көз алдына тутуп, маңдайына кармап туруш үчүн ашкан интеллектиси, опсуз фантазиясы жана жанда жок артисттик таланты бар, бир эшиткенин эзели эсинен чыгарбас куйма кулак жомокчулар, айтуучулар керек болгон. “Манас” дастанын мурунку муундардан мурастап алып, улам кийинки урпактарга улама кылып жеткирип турган сакадай бою сары алтын андай аткаруучулар эл ичинен өксүбөй чыгып турган. Бүт өмүрүн “Манас” айтуу өнөрүнө багыттаган Саякбай Каралаев урумдан ашкан ошол санжырачылардын биздин күндөрдөгү уркунан эле.

* * *

Журт арасынан улуу сүрөткердин суурулуп чыгышы оңой-олтоң иш эмес. Ал эл ичинде көз жарып, анын муңунан, кубанычынан, ары айкөл, ары татаал ой-чабыттарынан, уруятынан, тарыхынан азыктанат. Сүрөткерди доор жаратат, ал эми сүрөткер кезегинде ошол өзүнүн доорунун идеялары менен таламдарын чагылтат. Ал адамдын өзүн-өзү курчап турган дүйнөнү таанып-билүүдөгү машакаттуу, бүтпөс күрөшүнүн күүсүндө күчкө толот. Ал мурда-кийин өткөн алптардын артынан жүрөктү толкутуп, көңүлдү чалкытып, жашоонун өңүн өчүрбөй, сырын кетирбей сүрөттөп берүү максатында адамдын жөпжөнөкөй жоруктарынан тартып, алтымыш түрдүү ааламды эңсеп турган терең акылына дейре чыгармачылыгына сиңирип алат.

* * *

Анык таш жарган таланттын, сыйкырдуу өнөрдүн иши деп ушу скульпторлордун эмгегин айтсак куп жарашар жөнү бар. Жансыз материалдан жасалса да, алардын жүрөк эргүүсүнөн бүткөн айкелдерден жашоонун ысык илеби уруп, тирүү жандай кыймылдап, ичке сыйбаган сезимдин күчү тулкусуна чыгып чытырап, ар бири өзүнчө мүнөзү менен, өзүнчө кыянаты менен көрүнөт. Сүрөткердин кыялый амирине айла жок экен го деп шүйшүнөсүң. Болбосо, адам рухунун пластикасын ушунчалык керемет ийге келтирип, табиятында кандай болсо, дал ошол түспөлүнөн түшүрбөй, жандуу абалга жеткирип жасап бере алар өнөр скульптордон бөлөк дагы кимде бар?! Анан да мезгилдин элесин кайталангыс көрүнүшү менен ташка чегип, тынымсыз агылган турмуштун “көз ирмемин” түбөлүккө токтотуп, өчпөс кылып койгонун айтпайсызбы? Ошону үчүн кылымдардын кыйырын арытып бизге чейин жеткен айкелдерден өткөн мезгилдердин айырмалуу мүнөзүн, түзүлүш түспөлүн көрүп, адамдардын өзгөчөлүү жактарын гана эмес, андан да көбүрөөк нерсени – ошол доордун коомдук маңызын туюнткан маданияттын, тарыхтын жана эстетиканын энчилүү белгилерин таанып алардын алдында эрксизден тамшанып, суктана беребиз…

12.10.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.