ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
НАСЫЯТ
Бул ар качан ушундай болгон, боло да бермекчи. Анткени, сүрөткер өз эмгегин замандаштарына арнап, келечектеги урпактарга багыштап жаратат эмеспи. Чыгармачылыктын түпкү мааниси, көркү да ушунда.
* * *
Жыл өткөн сайын көзүбүз жетип, ынанып жатпайбызбы: бу жалганда баары өтүп, баары өзгөрүп турат. Жазмыштагы жан бүткөндүн баарына түгөл таандык бул мыйзам кала берсе алда качан көзү өтүп, аты-жөнү урпактардын эсинде жүргөн маркумдарга карата айтканда да маанисин жоготпойт. Алар үчүн убакыт, арийне кыйыр түрдө – биздин аң-сезимибиз аркылуу өтүп жатат, алар үчүн тарых да ушинтип уланып жатат.
Мындай деп айтканым, мезгил аттуу фактордун эч кимдин кадыр-көңүлүнө карабаган, эгерим өзгөрбөс жана шексиз болбой койбос мерездик жайы бар, башкача айтканда, ал баарын өз ордуна коюп, өткөндүн тарыхына, санжыра-санатына, качандыр бир мартаба көрүнгөн каадалуу иштерге тигил же бул адамга, тигил же бул окуяга байланыштуу айтылган официалдуу жана жеке мүнөздөгү ой-пикирлерге, берилген бааларга алымча-кошумча кийрип турат.
* * *
Мезгилдин мына ушул мыйзам-ченеми бүткүл ыраатынан жана калбаатынан жанбаган шексиздиги менен айрыкча адабиятта жана искусстводо, жазуучулар менен чыгармалардын тагдырында кашкайып таасын көрүнөт. Неге дегенде улам кийинки урпактар ким болбосун, эмне болбосун анын баарын муундардын рухий тажрыйбасындагы жаңы баскычтын талаптарына, өнүгүүнүн алдыда турган түйүндүү маселелерин акылга салып, аңтарып карап чыгуунун муктаждыгынан улам келип чыккан жаңыча чен-өлчөмдөргө ылайык сыноого коюп, сынынан өткөрүп турат. Биз демейде, акыйкат деп атап койчу тарыхый объективдүүлүктүн өзү да ушул күч.
Бир кезде тоодой болуп көрүнгөн бараандуу ысымдар, айланып мезгил өтсө, кадимки кол жетчү дөңсөөдөй болуп пасайып кеткен күтүүсүз кокустуктар ушундан келип чыгат. Андыктан, бул ачуу чындыкка тан берип, моюн сунбаска чара жок. Ырас, кээде мындан башкача да болушу ыктымал, башкача айтканда, урпактар күтүүсүз жерден капкалуу казына таап алгандай көзү бар кезинде анчейин баркталбай калган же таанылбай кеткен чоң талантты ачып алышы мүмкүн. Мындайлар да болот, бирок сейрек болот.
«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезитер айылы»), 28.04.2009-ж.
* * *
Абийир, намыс. Толстойдун сөзү менен айтканда: уят, ар – бул адамдын өзү жасай аларлык чындыкты алдын-ала сезиши. Демек, искусствонун максаты – личносттун рухий-нравалык деңгээлин, адам өзү жете аларлык чындыктын өлчөмүнүн кандайча жана кантип жогорулап жаткандыгын искусствонун тили менен көрсөтүү.
* * *
Айта кете турган нерсе – азыр чет өлкөлүк искусстводо (айрыкча кинематографияда жана театрда) ырайымсыздык маселеси негизги орунду ээлөөдө. Бул баарыдан көп пайдалануучу категориялардын бири. Биздин табигый сезимдерибизде ойноого аракеттенип, бул “массалык искусство” көбүнчө дене күчүнүн ырайымсыздыгын, зомбулукту, адамды жырткычтарча кыйнап-зордоону, жан кыюуну, кан төгүүнү даңазалайт. Анткени, бул дайыма адамды таасирлентет, коркунучка салат, мына ушунусу менен бул – адамдардын сезимин бийлөөнүн мыкты ыкмасы, искусствону кандайдыр гипнозго же таңкалтыруунун факторуна айландыруунун аракети. Бул аракетти вульгардык адабият гана жасап жаткан жери жок.
Катаалдыкты, ырайымсыздыкты, дүйнөнүн атактуу жазуучулары да көрсөтүшкөн жана көрсөтүп келе жатышат. Бирок, аларда катаалдык кара күч маанисинде эмес, кыйла татаал – личносттун психикасынын мүнөзү, курчап турган чөйрөнүн закондору, адамдын ички ниет-каалоолору жана талаптары менен шартталган катаалдык. Катаалдыкты адам турпатындагы генетикалык көрүнүш катары актоого аракеттенген теориялар да пайда боло калып жүрөт.
Бирок, мен искусство нормалдуу адамдык турмушка негизделиши керек деп эсептейм, маниакалдык же гангстердик искусствону эмес, нормалдуу искусствону жактырам. Адамда адамдык сапат канчалык жогору болсо – мага мына ошол кымбат. Мен мына ушуну көрсөтүүнү каалайм.
* * *
Эң эле көнүмүш турмуштун өзүндө да катаалдыктын миңдеген көрүнүштөрү бар. Аларды көрө билүү үчүн жөндөмдүүлүк жана эрдик талап кылынат. Мисалы, сыртынан жөнөкөй эле көрүнгөн кишинин тереңинде да катаалдык билинбей бөгүп жатышы ыктымал. Ал өзүн кыйын сыноо кырдаалдарда кандай алып жүрөт? Чечүүчү учурда анда адилдик үстөмдүк кылабы же кара ниеттикпи? Ал өзү кандай адам – ак жүрөкпү, же кара ниетпи? Ак жүрөк болсо, аягына чейин ошондойбу, же ара жолдо азгырылып шартка, кырдаалга жараша айнып кетмейи барбы? Уруш-мушташтан, киши өлтүрүүдөн кайра тартпайбы? Мен үчүн адамдагы мына ушул жашыруун потенциалдуу катаалдык (муну мен изилдеп жатпасам да) кызыктуу. Башкача айтканда, мен адамдагы кара ниеттик менен кармашуучу адил күчтөрдүн резервин көрсөткүм келет. Эми бул теманы тандап алышымда бүгүнкү күндүн маселелеринин таасири барбы же жокпу? Албетте, бар. Тынчтык күндөрдө, күндөлүк көнүмүш иштерде деле адамзат кандуу салгылаштарда көрүнчү катаалдыктарга кабылышы ыктымал. Анын үстүнө, коом канчалык бай жашаса, токчулук канчалык көп болсо – адамдардын үлүшүнө бардамчылыктын, жыргал турмуштун сыноосу ошончолук көп түшөт. Кээде адамдар мындай кененчиликти көтөрө албай көөп, чегинен ашып, жылкыдай бышкырык атып кетет. Турмуштун жыргалдыгы, кенендиги, бардамдыгы, алардын адамдык касиетин арттырбай, кайра айбандык сапаттарынын күчөшүнө себепкер болуп, кутуртуп, менменсинтип, өзүмчүл, катаал кылып жиберет. Мындайлар өзгөчө батыш өлкөлөрүндө көп учурайт. Тилекке каршы, бизде да дүнүйөгө азгырылып, байлыктын, буюмдун кулу болуп калган адамдар жок эмес.