РАСУЛ ГАМЗАТОВ

МЕНИН ДАГЕСТАНЫМ

РАСУЛ ГАМЗАТОВ

Ат чабыш ат чабышы менен деңизчи, бирок адабиятта деле мындай окуялар аз эмес.

ЧӨНТӨК ДЕПТЕРДЕН. Жеңил-желпи жазылган ырды кыйналып жатып зорго окуган учур бар. Кыйналып жатып зорго жазган ырды жеңил-желпи окуган учур бар. Форма менен мазмун адам менен анын кийимине окшош. Эгер адам акылдуу, ак ниет, жакшы болсо, эмне үчүн өзүнө ылайык кийинип жүрүүгө болбосун. Эгер адамдын өңү-түсү жакшы болсо, эмне үчүн ал жакшынакай ойлор менен жашабайт.

Аялдардан өңү сулуу болгону менен акылы бөксө, акылдуу болгону менен иреңи серттер көп чыгат. Мындай учурлар искусство чыгармаларында да кездешет. Бирок акыл-эси да, ырай-бешенеси да келишкен бактылуу аялдар бар. Накта таланттуу акындардын китептери да мына ошондой.

«Биздин айылга келаткан киши ашуудан бери көрүнө бергенде, мен шыр эле анын жакшы, жаманын билип алам», деген экен маалийлик бирөө.

КУБАЧИЛИК БИРӨӨНҮН АЙТКАНЫ БАР: «Алтын менен күмүштө эмненин кеби. Кеп зергердин колу алтынбы, жокпу, ошондо».

Жакшынакай кумуралар жасалат,

Жердеги эле топурактын өзүнөн.

Жалыны бар, жаркын ырлар жазылат,

Кадимки эле сүйлөп жүргөн сөзүңөн.

 

Мен бул жарыкчылыкта он беш миң күндөн ашык өмүр сүрдүм. Далай-далай жол бастым. Жер үстүндө миңдеген адамдарды жолуктурдум. Катуу нөшөрдөн, болбосо жазгы кар эригенден кийинки тоодон аккан суулар сыңары менин эсимде миң сан элестер калды. Бирок китеп болсун үчүн алардын баарын кантип чогултар экем?

Аны жазуу, демек, өрөөндө кенен да, терең да бир нук жасоо керек деген сөз го. А да иштин бир жагы, андан да ошол тоо боорундагы майда суулар бүт жыйналып, казган нукка түшүп агышы керек. Муну кантип жасаар экем? Турмуштан алган билимден башка да кандай билим керек болор экен? Адабияттын теориясын билүү зарыл болуп жүрбөсүн? Бирок ыр жазуунун ордуна анын теориясын ойлоп отурганда болбойт ко.

Мен өзүмдүн сүйгөн адабий мектептерим да, агымдарым да жок экенин айта кетким келет. Менин сүйгөн жазуучуларым, сүрөткерлерим, чеберлерим бар.

ЧӨНТӨК ДЕПТЕРДЕН. Адабият институтунда экзамен учурунда бир аварлыкка: «Реализм менен романтизмдин айырмасы эмне?» деген суроо келет. Бул темадагы китептерди тигил окуган эмес баштанат, бирок жооп бериш керек да. Ал ойлонуп туруп, профессорго минтип жооп берген экен.

– Бүркүттү бүркүт десек, бул реализм, корозду бүркүт десек, анда романтизм.

Профессор күлүп, менин жердешиме зачёт коюп бериптир.

Мен болсом, башынан эле атты ат, эшекти эшек, корозду короз, эркекти эркек дешке аракет кылып келатам.

ЧӨНТӨК ДЕПТЕРДЕН. Атактуу Рабиндранат Тагордун бир тууганы да жазуучу болгон. Ал индия адабиятындагы бенгал школасынын жолун туткан. Ал эми Рабиндранат болсо өзү бүтүндөй школа, өзү бүтүндөй агым эле, экөөнүн ортосундагы айырмачылык да мына ушунда турган.

Рабиндранаттын жандүйнөсүндө башкаларга таптакыр окшошпогон, өзүнө чейин эч жерде кезикпеген куш жашаган. Ал аны көкүрөгүнөн сыртка, искусствого чыгарып жиберди жана бардыгы бул куш бир гана Рабиндранат Тагорго таандык экенин көрүштү.

Эгер художник өзүнүн кушун сыртка коё бергенде, ал барып өзүнө окшогон куштардын тобуна аралашып кетсе, анда ал художник эмес. Демек, ал өзүнө гана таандык, таң каларлык, турмушта болуп көрбөгөн куштун ордуна, кадимки эле таранчыны учуруп ийген, ал эми анын таранчысын калың таранчылардын ичинен эч ким айрый албайт. Мүмкүн, алар деле татынакайдыр, бирок баары бир задиси таранчы.

Ар бир кишинин түтүн булатып, от жага турган өзүнүн очогу болуш керек. Бирөөнүн атын минип алган киши эртеби-кечпи, ээрден түшүп, атты ээсине берет. Бирөөнүн ойлоруна ээр салам деп далбастаганча өз ойлоруңдун тизгинин бек кармаганың ийги.

Мен адабиятты пандурга, а жазуучуларды анын кылына салыштырганга батынар элем. Ар бир кылдын өз үнү, өз доошу бар, бирок баары биригип келип бир ийкемге келип турушат.

Авар пандуруна бар болгону эки кыл тагылыш керек. Менин атамдын артында болсо, «авар адабиятынын пандуруна үчүнчү кыл тагып кетти» деген кеп калды. Мен дагы башкалардан айырмаланган өз доошумду тапкым, мен дагы байыркы авар аспабынын бир кылы болуп калгым бар.

26.04.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.