РАСУЛ ГАМЗАТОВ

МЕНИН ДАГЕСТАНЫМ

РАСУЛ ГАМЗАТОВ

Р.Гамзатов (1923–2003) Дагстандын Хунзах районундагы Цада айылында Эл акынынын үйүндө туулган.  Мугалим, журналист болуп иштеп, Москвадагы Горький атындагы Адабият институтун  бүтүргөн.  Көптөгөн эл аралык коомдук иштерди аркалаган. Социалисттик эмгектин баатыры (1974), Лениндик сыйлыктын лауреаты (1963). 1952-жылы Сталиндик сыйлык ыйгарылган. Көптөгөн дүйнөлүк сыйлыктардын ээси.

Бу китептин формасы. Китептин кандайча жазылары жөнүндө

Дайым кында жата берсе,

канжарды дат басат.

Дайым уктай берсе,

жигитти май басат.

Канжардагы жазуу

Сапталчу ийне сапталды,

Тигер киймим эмине?

Тагылчу кыл тагылды,

Ырдачу ырым эмине?

Ооздук чайнап, чыдамы кеткен сырдана аргымагым жакшы такаланды. Өзүм ар бир бутун көтөрүп көрүп, такалардын бекемдигин текшердим. Ээрди токуп, басмайылды тарттым. Тартканда да, алдына манжа салса зорго кирчүдөй. Атта да, токулгада да айып жок.

Атам тариздүү абышка мага тизгин карматты. Көздөрү ойноктогон кичинекей кыз камчыны сунду. Коңшу саклядагы тоолук келин кумурасына суу толтуруп, атайы менин алдыман тосо басты. Анысы мага акжол тилеп турганы. Айыл аралап баратып, кимдин жанынан өтпөйүн ар кимиси: «Жолуң байсалдуу болсун, бахарчи!» деп жатты.

Айыл четиндеги саклядан бир келин чырак күйгүзүп, терезеге алып келип койду. Анысы мага:

– Унутпа ушул терезени, унутпа ушул жарыкты. Сен сапардан кайтып келгиче, бул өчпөй күйүп турат. Алыс жолдо, нөшөр төккөн кыйын түндөрдө ал сага күндөр менен жылдарды жарык кылып күйүп турат. Алыс сапардан жүдөп-жабыгып, тууган айылыңа кайра кайткан кезде, эң биринчи жаркырап көзүңө ушул урунар. Унутпа ушул терезени, унутпа ушул жарыкты дегени го.

Туулган айылымды дагы бир карап алмакка артыма бурулам. Саклянын чатырында турган апамды көрөм. Боюн түз кармап, жалгыз турат. Ал улам бүлбүлдөп, кичирип отуруп, жалпак чатырдын туурасынан кеткен түз сызыгына тике түшкөн кара сызыкча болуп калды. Акыры, жолдун дагы бир имерилишинен өтө бергенден кийин айылымды тоолор тосуп калды, артыма бурулуп, тоолордон башка эч нерсе көрө албадым.

Алдымда да тоолор турат. Бирок мен билем, анын ары жагында зор дүйнө жатат. Башка да айылдар, чоң-чоң шаарлар, океандар, вокзалдар, аэродромдор, китептер.

Ат туягы тарсылдап, жан боорумдай Дагстан жеринин таштуу жолунда баратам. Төбөмдө чекелери тоолор менен кештеленген асман. Ал бирде күн нуруна жуунуп, бирде коюн-кончуна жылдыз толуп, бирде бапыйта булут кучактап, жерге жамгыр төгөт.

Тура тур, буудан, тура тур,

Карайын арка жагымды.

Барабыз таштап биз утур,

Ыраакка тууган айылды.

 

Зымыра, буудан! Не чыкмак

Кылчактап артка турганда.

Алдыдан далай кезикмек

Айыл да, дос да, тууган да.

Кайда баратам? Кандай кылганда туура жол тандап алам? Жаңы китепти кандайча жазышым керек?

ЧӨНТӨК ДЕПТЕРДЕН. Азыр Дагстанда жаштар улуттук кийимди кийбей калды. Алар Москвада, Тбилисиде, Ташкенде, Дүйшөмбүдө, Минскиде жаштар кандай кийинсе, ошондой эле шым, костюм, тенниска кийишип, галстукчан жүрүшөт.

Ушул тапта улуттук кийимди бир гана ыр-бий ансамблинин артисттери кийип калышты. Эскиче кийинген адамды бир көрсөк тойдон көрөбүз. Айрым учурда кимдир бирөө дагстандыктарча кийингиси келсе, досторунан, тааныштарынан сурайт, болбосо прокаттан алат. Өзүнүкү небактан жок. Иши кылып, улуттук кийим жоголуп баратат. Бирок кеп башкада. Улуттук форма кээ бир акындардын ырларында да жоголуп баратат. А алар болсо ошонусуна сыймыктанып жүрүшөт.

Мен деле европалыктарча кийинем, мен деле атамдын кементайы менен жүргөн жерим жок. Бирок ырларыма адресаты жок кийим кийгизүү капарыма да кире элек. Мен ырларымдын өзүбүздүн дагстандык улуттук формада болуусун көздөйм.

Мен эмне? Менин өмүрүм көп болсо бир нече он жылдыкка жетер. Ошол өмүрүмдүн өзү адамдар шым, батиңке, пиджак кийинген мезгилге туш келип олтурат. Ырлардын жашоосу башка. Алардын туулар, өлөр мөөнөтү өзүнчө. Мен өзүмдүн ырларым туурасында эч нерсе дебейм, мүмкүн, алар менден көп жашабас.

Москвадан мен бир картаң эмен (дуб) көргөм. Аны Иван Грозный отургузган дешет. Демек, эмен ушул жашка келгенге чейин, адамдар элден мурун боярларча кийинген, анан кемсел кийинип, упа себинген париктерге өтүштү, андан кийин капкара фрактар менен төбөсү шуңшуйган калпактар чыкты, анан тери капталган куртка менен буденовкачан жүрө башташты, анан кийингендери жөнөкөй пиджактар менен балбыраган кенен шымдар болду, анан кайра тар шымдар…

26.04.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.