РАСУЛ ГАМЗАТОВ

МЕНИН ДАГЕСТАНЫМ

РАСУЛ ГАМЗАТОВ

Бешик үстүндө отуруп апам созгон ыр менин кан-жанымда жаңырыктабаган, жашабаган бир да күн, бир да мүнөт жок. Бул ыр менин бардык ырларымдын бешиги. Ал менин чарчаганда башым жөлөр жаздыгым, ал мени ушул жарыкчылыкта алып бараткан ат. Ал менин суусаганда кулап түшчү башатым. Ал мени жылыткан, ошол жылуулугун өмүр бою алып келаткан очок.

Деген менен, колтоюп жигит болгуча энесинен алыстабай, эмчекке жабышкан Шукумга окшошкондо да болбойт. Бизде: «Өгүз болсо да торпок кыялы калбаган», деп ошондойлорду айтат.

Биздин заманда ар түрдүү анкеттерди толтуруп жүрүп, көнүп да калдык. Ушул жашка келгенче мен алардын канчасын гана толтурбадым. Мен ошолордун кайсынысынан болбосун Ата Журтка болгон сүйүү жөнүндө бир да суроо жолуктура албадым, бирок мунун өзү жер үстүндөгү адамдарда мындай сүйүү болбойт дегендикке жатпайт. Экинчи жагынан алганда, анкетте «СССРдин гражданини» деп койгон аз, гражданин боло билиш керек; «КПССтин мүчөсү» деп жазган аз, ага татыш керек; «эне тилим аварча» деп койгон азал, сенин чынында каныңдагы тил болуш керек, аны эч нерсеге алмашпас күч жүрөгүңдө күйүп туруу керек.

Келгиле мага, түркүн меймандар, түркүн ырларды алып келгиле! Келгиле, боордош тууганым сыңары, мен баарыңарды тосуп аламын, баарыңарга менин жүрөгүмөн орун табылат!

Хунзак айылында кокус бирөө бир жактан улуту бөлөк аял алып келсе, мындай тоолукту айыл аксакалдары жекире тилдеп, жактырышпай, жаман кылган мезгил болгон, бирок азыр буга улуу-кичүү бүт көнүп калды. Аварлар улуту бөлөк кайсы аялга болсун үйлөнөм десе өз эрки. Тоолуктарда эми бир гана нерсени жек көрүшөт бул сүйүүсү жок үйлөнүү.

Гүлдөр канчалык ар түркүн болсо, алардан жасалган гүлдесте ошончолук кооз көрүнөрү ырас го. Көктө жылдыз канчалык көп болсо ошончолук асман жарык. Күндүн желесинен кооз эчтеме жок, анткени ал жер жүзүндөгү түстөрдүн баарын өзүнө чогултуп турат эмеспи.

Африкадан мен эч жерде кезикпеген, таң каларлык бир гүл көргөм. Анын ар бир желбүүрүнүн өңү ар бөлөк. Ар бир желбүүрүнүн жыты да ар башка да, ар биринин өз аты бар. Бир сөз менен айтканда, бир сабакта дапдаяр гүлдесте турат, бирок ошол эле учурда ал өзү бир гана гүл.

Мен дагы авар китебим ошол Африканын сыйкырдуу гүлүнө окшош болсо, ар ким ошондон өзүнө жакынын, өзүнүн дили тартканын тапса деп тилер элем.

Мына мен мындай китеп үчүн эмне керек болсо, ошонун баарын жайып олтурам. Кубачилик зергердики сыяктуу баары менин кол астымда жатат. Зергерде – алтын, күмүш, кескич, балка, оюм чийимдер. Менде болсо эне тилим, турмуштук тажрыйбам, адамдардын портреттери, адамдардын мүнөздөрү, ыр-күүлөрү, тарых элестери, адилеттик үндөрү, сүйүү, жан сүйгөн кооз жерлерим, атамдын элестери, өз элимдин бүгүнкүсү менен эртеңкиси…

Колумда уюган алтын. А бирок алтын кармаган колдорумдун өзү алтынбы, жокпу? Жетер бекен талантым, жетер бекен чеберчилик?

Иш столумда, кол алдымда жаткандарды жана бир сыйра териштирип караймын…

ЭЛДЕ КЕП БАР ЭМЕСПИ: «Аял кимди чанат, алдында аты жок жүргөн жигитти чанат».

Ырас да, аты туруп ээри жок, ээри туруп камчысы жок жигит аял күтүп не кылат.

АНАН ДА: Бүркүткө чөп берем дебе, эшекке эт берем дебе; дубалы калтыс үй миң жаркыраган менен кулар күнү жакын; тоок түш көрсө бүркүт экен, аскадан учам деп, канатын сындырыптыр, булак түш көрсө килейген дарыя экен, чөлгө бир жапырылып алам деп, соолуп жок болуптур, деген кеп бар эмеспи.

Которгон:  Аман ТОКТОГУЛОВ

«Менин Дагстаным» китебинен

 

26.04.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.