Жек Лондон
Мартин Иден
— Билбейм, сизге жагабы, жокпу, — деди Мартин актангандай. — Бул таң каларлык аңгеме! Мүмкүн, мен бул жерде аша чаап кеткендирмин, бирок чынын айтсам, мунун идеясы абдан мыкты. Майда-чүйдөсүнө көңүл бурбай эле коюңуз. Эң башкысы, негизги ойду кармап калууга аракеттениңиз болгону. Бул маанилүү жана туура ой, бирок мен аны түшүнүктүү кылып бере алдымбы же жокпу, билбейм.
Ал окуп жатып, кез-кезде Руфту карап коюп жатты. Байкаса, аңгеме Руфту кызыктырып калгандай. Руфь ал жараткан образдарга суктана, андан көзүн албай, демин ката былк этпей угуп олтурду. Бул аңгемени ал «Укмуштуу окуя» деп атаган, ойдон чыгарылган эмес, аңгеме чынында эле баш тамгалуу окуя эле; бул сый менен жазага бирдей март, кесири башынан ашкан арамза, баш ийип, кулдай иштегенди талап кылган, бирде көз уялткан күнөстүү мейкиндиктерге алып чыгып кетсе, бир туруп чаңкоо менен ачкачылыктын азабын тарттырган, узак, кыйын жолго салып, же ажал апкелчү оор дартка чалдыктырган, тер менен кан кечтирген, уусу күч бөөн-чаянга чактырып, дагы да толгон токой майда-барат жагымсыз окуялардын узак чынжыры аркылуу акыры барып шумдук жеңиш менен аяктаткан каардуу өкүмдардын салтанаты эле бул аңгеме.
Мартин өзүнүн аңгемесинде мына ушуларды жана башка дагы көп нерселерди көрсөткөн эле. Мунун баары Руфту күйүп жанган көздөрү менен угууга аргасыз кылгандай сезилди ага; кыздын бети албырып чыкты, аңгеменин аягына жеткенде кулап калчудай сезилди Мартинге. Руфь чынында эле аңгемеден эмес, анын өзүнүн таасиринен аябай толкунданып чыккан эле. Кеп аңгемеде эмес болчу; кызды Мартинден уруп турган баягы тааныш күч кайрадан ээлеп, азгырып, жүрөгүн дирилдетип жиберген эле. Таңгалыштуусу, аңгеменин өзү да ошол күчкө сугарылыптыр, азыр эми бул күчтүн толкундары Руфту көздөй умтулган бирден бир нук болуп турду. Кыз эмне ортомчу болгонун байкабай, ушул күчтү гана сезип турду; азыр эле окулган аңгеме азгырып алгансыганы менен чынында кызды селт эттирген нерсе — мээсине таптакыр башка, тыштан келген, жүрөгүн түшүрүп күтүүсүздөн пайда боло калган ой болду. Ал күтүлбөгөн жерден нике туурасында ойлонуп кетти, бул ойдун жабышкактыгы аны чочутуп да жиберди. Бул аны ыңгайсыз абалга кептегенсиди. Буга чейин мындай сезим дегеле ага жат болчу. Аялдык сезим аны эч качан мынчалык азапка салып көргөн эмес эле, буга дейре ал Теннисондун ырлары менен сапырылган кооз түштөрдүн гана дүйнөсүндө жашап келген, жадагалса, акындын рыцарлар менен канышалардын ортосундагы ысык мамилелерине жасаган кылдат ишараларын да түк байкаган эмес. Буга чейин катуу уктап аткан экен, турмуш эми анын эшигин өктөм каккылап кирип келди. Коркуп кеткен Руфь жанталаша болгон илгичтерин илип алып жашынып калсам дейт, бирок, ойгонуп алган сокур сезими болбой эле аны бул кызыктай жана жамалы келишкен конокко эшигин кенен ачып бергенге аргасыз кылып турду.
Мартин болсо эмне айтаар экен деп бул да ичинен толкундана күтүп туру. Бул жолку өкүм да мурдагыдай болорунан шеги жок эле, бирок Руфтун:
— Ушунчалык кооз экен! — деген сөзүн угуп таң кала түштү.
Кыз унчукпай калды да, анан болгон ынтаасы менен:
— Бул абдан кооз! — деп кайталап жиберди.
Чынында аңгеме абдан көркөм болчу; бирок аңгемеде, көркөмдүк болгону каражат катары гана кызмат кылган андан да маанилүү нерселер бар эле. Мартин дагы эле чалкасынан түшүп көк чөптө жатты, башына кайрадан шектенүүнүн кара булут жылып келе жаткансыды... Ойлогону дагы ордунан чыкпады. Анда тил деген жок экен. Ал дүйнөнүн улуу кереметтерин көрүп турганы менен аларды так өзүндөй кылып айтып бералбагандан кийин көргөндөн не пайда.
— А аңгеменин...— деди ал, кокустан башка сөздү айтып жибербеске аракеттенип, — сюжети жөнүндө эмне дейсиз?
— Бир аз чаташып кеткен, — деди Руфь жооп берип, — менин жалпы пикирим ушундай. Мен негизги багытын кармаганга аракеттендим, бирок бул кыйын экен. Абдан эле көп сөздүү экенсиз. Сиз таптакыр башка материалды аралаштырып жиберип, окуянын жүрүшүн күңүрттөндүрүп жибергенсиз.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.