Жек Лондон
Мартин Иден
— Бул жашоо, — деди ал жооп кылып, — а жашоо бардык эле убакта сонун боло бербейт. Мүмкүн мен апенди чалыштырмын, бирок ушундан да сулуулукту сезип турам. Тескерисинче, ал мага он эсе баалуудай...
— Бирок эмне үчүн бул байкуш аял... шылдың болуп калды... — деп жиберди Руфь анын сөзүн бөлүп. Анан кайра эле ачуулана кыйкырып жиберди. — О! Бул маскарачылык! Жүзү каралык! Бул ыпыластык!
Мартиндин жүрөгү токтоп калгансыды. Ыпластык! Ал эч качан мындай деп санап, ойлогон да эмес. Бүт аңгеменин тамгалары көз алдынан от болуп күйгөнсүп турду, жана анын нурунан көзү уялган ал эч кандай жийиркеничтүү нерсени сезгеи эмес. Мына, эми жүрөгү кайрадан иштеп кеткенсиди, анын абийири тынч эле.
— Сиз эмне үчүн жакшыраак сюжетти тандаган жоксуз? — деди Руфь. — Дүйнөдө ыпыластык деген толубатканын билебизго, бирок ошондой болсо да...
Кыжырланып алган Руфь бирдемелерди сүйлөй берди, бирок Мартин ага кулак түргөн жок. Кыздын сүйкүмдүү, айыпсыз жүзүнө тигиле карап отура берди, кыздын аруулугу Мартиндин тээ жүрөк түпкүрүнө чейин жетип, жан дүйнөсүн кошо тазартып, аны жылдыздын жарыгы менен жууп, аруулап жатты. «Дүйнөдө ыпыластык көп экенин билебизго» дейт да. Ичинен Руфь эмнени «билет» болду экен деп ойлоду Мартин, анан жылмайып койду. Жарк эте түшкөн көз ирмем ичинде анын көз алдынан өзүнө тааныш, нечен ирет өзү ары бери кечкен турмуш дайрасынын не бир ыпылас жактары тартыла калды да, Руфтун аңгемени түшүнбөй калганын кең пейилдик менен кечирди. Мындай турмушту көрбөгөн билбегени үчүн анда эмне күнөө, тескерисинче, Мартин кыздын мындай турмушту көрбөгөндүгү, анын кадыресе ыпыластыгынан алыс төрөлүп өскөндүгү үчүн кудайга ичинен ыракматын айтып турду. Бирок өзү бул жашоонун асмандай улуулугун да, кара көрдөй пастыгын да жакшы билчү, мына ошону жазып, башкаларга айтып жеткирсем деген ою бар эмеспи, шайдан алгырдыкы. Асмандагы ыйыктардын аруулугу жана айыпсыздыгы таң каларлык эмес. Алар башынан эле ошондой жаралган эмеспи. Ал эми ыпластыктын арасында аруу бойдон калган — укмуш керемет деген мына ушул эмеспи! Мына ошончүн жашаш керек! Адилетсиздиктин көңүлдү жипкирткен айласыз ыпластыгынан бийик көтөрүлүп, өз аракетиң менен боор көтөрө өсүп жетилиш, али кир чампаланган көзүң менен сулуулуктун алгачкы нурларын көрүш, алсыздыктан, бузукулуктан жана пастыктан күч менен акыйкаттын, асылзаттыктын гүлдөп өсүп чыкканын көрүш не деген улуу керемет ов!
Аңгыча болбой кулагына Руфтун мындай дегени кулагына шак дей түштү:
— Аңгемеңиздин тону кандайдыр бир кара ниеттүүдөй! Сонун жана көтөрүңкү нерселер көп ко: «In Memoriam»[1]ды эстеңизчи.
Мартин ага «А Локсли Холлчу?» деп айтайын деди эле, кайрадан кыялдары азгырып кетпесе айтмак деле. Ал Руфтан тигилген көздөрүн албай туруп, нечен жүз миңдеген кылымдар бою кандай татаал жолдор менен жашоонун тепкичтери аркылуу жогору көтөрүлүп отуруп, акырында жаратмандыктан түспөлү так эле Руфка окшош аруу жана сулуу аял жаралганы жана ал өзүн ашык кылып дегдетип аруулукка умтултканы жөнүндө ойлоду. Ушул перизат эми пейили кенен кудайы күчтү алгачкы жашоо деңгээлинен, түбөлүк жаратмандык процессиндеги сансыз катачылыктар менен алаамат кырсыктардын баш аламандыгынан көтөрүлгөн Мартин Иденге ыроолоону каалап турганын ойлоп жатты. Мына, романтика, сулуулук, керемет деген кайда жатат! Жаза турган нерселер ушулар эмеспи: атаганат, буга жетер анда сөз болсочу! Асмандагы ыйыктар ошол жакта ыйык бойдон кала берсинчи. Ал болсо — адам.
— Сизде күч көп, — деген Руфтун үнүн укту, — бирок бул кандайдыр бир ооздукталбаган күч.
— Идиш-аяк саткан дүкөндөгү пилдей дейсизби? — деген Мартиндин тамашасына жооп кыла Руфь жылмайып койду.
— Сиз темаларды териштире билишиңиз керек. Өзүңүздөгү табитти, көркөмдүктү, анан стилиңизди калыптандырышыңыз керек.
— Мен өзүмдү оорураак ишке салып алган көрүнөм, — деген болду Мартин.
Руфь аны кубаттагандай жылмайып койду да, анын экинчи аңгемесин угууга даярданып калды.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.