Жек Лондон
Мартин Иден
Экөөнүн аңгемеси улана берди. Руфь демейдегидей эле сөзсүз окуу керек экенин жумшак, бирок кайра-кайра баса айтып атты, бардык билимдин негизи деп латын тилинин маанисине дагы бир токтолуп өттү. Кыз айтор, Мартинге өзүнүн кыялында ушундай болсо деп самаган адамынын элесин, алтургай, кылык-жоругуна чейин мүнөздөп берди. Ал адамдардын башында албетте өзүнүн атасы турду, анан мистер Бэтлердин да анча-мынча сапаттарын кошту. Чалкасынан түшүп жаткан Мартин сүйлөп жаткан Руфтун эриндеринин ар бир кыймылына суктануу менен карап жатты, бирок, анын айтып жаткан сөздөрүнүн бири да аны козгоп, толкунданткан жок. Руфь сүрөттөгөн келечеги аны кызыктыра албады, дилинде сүйүү азабы коштолгон үнсүз өкүнүч чыркырап турду. Кыз анын чыгармачылык иштери жөнүндө сөз козгоп да койбоду, окуп берем деп дегдеп атайын көтөрүп келген кол жазмалары эч ким карабай, жерде чачылып жатты.
Акырында бир аз унчукпай калышканда Мартин күндү карап, анын горизонттогу бийиктигин көз менен өлчөдү да кол жазмаларын чогултуп кирди.
— Ии, унутуп калган турбаймынбы? — деди Руфь ошол замат, — аңгемелериңизди абдан уккум келет!
Мартин ага өзү эң мыкты деген бир аңгемесин окуп берди. Ал аны «Турмуш шарабы» деп атаган эле; аңгемени жазып жатканда аны мас кылган сезимдер аны азыр да окуп жаткан кезде кайрадан башына тээп чыкты. Аңгеменин өзгөчө идеясында өзүнө арбаган бир сыйкыр бар эле, андыктан аны күчтүү сөздүн, сүйлөмдөрдүн кубаты менен ого бетер күчөтүүгө абдан аракеттенген. Жазып аткан чактагы өзүнө шык берген жалын аны эми кайрадан ээлеп алып, эч бир кемчиликтерин байкабастан, ого бетер зор кызыгуу менен окуп жатты. Бирок Руфь анчалык толкунданган жок. Анын кылдат уганаактыгы аңгеменин начар жактарын, үйрөнчүктүн аша чапкан шаңдуулугун, фразалардын ыргактуу түзүмдөрүнүн бат-бат бузулушун дароо эле байкап койду. Ал аңгеменин ыксыз кекирейме-салмактуу жерлерин кошпогондо, жалпы ыргагын таптакыр кармай албай койду, бул аны обу жок дилетанттык сыяктуу жагымсыз таңгалдырды. “Дилетанттык” — Руфтун эң акыркы өкүмү мына ушундай болду, бирок ал муну ачык айткан жок. Тескерисинче, ал бир нече майда эскертүүлөрдү гана жасап, аңгеме негизинен өзүнө абдан жакканын айтты.
Бирок Мартиндин көңүлү чөгө түштү. Сабыры суз боло түшкөнү мындан: ал чыгармасын Руфка мектеп окуучусунун жазганын бул жагына чекит коюш керек, мына бул жагында үтүр калып кетиптир дегендей майда-барат оңдоолорду киргизиш үчүн окуп берди дейсиңби. Аны Мартин өзү деле көрүп билип турат. Кеп мында эмес эле. Майда кемчиликтин жарасы жеңил, эртеби кечпи, аларды оңдоп атып, биротоло арылышы мүмкүн болчу да. Ал Руфка кайнаган жандуу турмушту көрсөткүсү келди эле, өз көзү менен көрүп, жүрөгү менен сезген чалкыган жашоонун зор, маанилүү окуяларын Руфь да сезсе деп дегдеген эле. Бирок андай болбоду. Мүмкүн редакторлордуку туурадыр. Ал зор жана маанилүү нерселерди көрүп турганы менен аларды сөз менен жеткире албайт окшойт. Мартин өзүнүн ирээнжигенин жашырып, Руфь айткан сынга дароо макул болду, Руфь болсо азыр эле айткандарынан Мартиндин дилинде нараазылыктын эмне деген албуут бороону жүрүп кеткени оюна да келбеди.
— Муну болсо атын «Казан» деп атадым, — деди Мартин экинчи кол жазмасын барактап жатып, — бул аңгемени төртпү, бешпи журнал жаратпай салды, бирок өзүмө абдан жагат. Албетте, кишиге өзүнүн аңгемесине өзү сын берүү өтө кыйын, бирок ошондой болсо да, менимче, бул аңгемеде анча— мынча дурус нерселер бар. Мүмкүн, бул аңгеме сизди менчелик толкундатпас чыгаар, аңгеме кыска эле, болгону анда эки гана миң сөз бар.
— Үрөй учат! — кыйкырып жиберди Руфь, Мартин аңгемени окуп бүтөрү менен. — Бул үрөйдү учурат! Тимеле жүрөктү түшүрөт ко!
Мартин ичинен кым дей түшүп, анын кубара түшкөн жүзүнө, жылтыраган көздөрүнө, кыса жумуп алган колдоруна тигилди. Өз максатына эми жетти. Өзүн чексиз бийлеген сезимдер менен ойлорду Руфка жеткире алды. Аңгеме Руфка жактыбы, жокпу, мааниси жок, маанилүүсү, ага таасир эте алды, аңгемени кунт коюп угууга аргасыз кылгандыктан, ал майда-барат кемчиликтерди да байкаган жок.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.