Жек Лондон
Мартин Иден
— Кызыгы жок. Баары бир мен андан кол үздүм, — анан Жим Мартинге суктануу менен карады. — Муну сен кантип эле жасай коёсуң, ия Март?
— Мен алар жөнүндө аз ойлоймун, болгону ошо, — деди ал.
— Менимче, сен аларга теңиңе албагансып мамиле жасайсың го дейм? — деп Жим дагы жабышып такыктап сурады.
Мартин саам ойлоно түштү.
— Болсо болгондур, бирок мен чындыгында алар жөнүндө эч бир ойлонбойм деле. Сен деле ошентип көрсөң, мүмкүн бирдеме чыгар.
— Ка-ап, кечээ сенин Райлиникинде болбой калганыңчы, — деди Жим күтүлбөгөн жерден, аерде Батыш Окленден келген бир кыйын неме жүрдү, «Келемиш» деп коюшат экен. Эми мушташта мышыктай буйтаганын айт, энең! Биздин балдардын бири да аны чаап салганга жараган жок. Сенин жоктугуңа баарыбыз арман кылдык! Кече кайда жүрдүң темселеп?
— Оклендде эле, — деди Мартин.
— Театрда болдуңбу?
Мартин табагын четке жылдырып коюп, эшикти көздөй тура жөнөдү.
— Анда кандай, бүгүн бийлеп келелиби анда? — деди Жим Мартиндин артынан узата кыйкырып.
— Жо, бара албайм го, — деди Мартин.
Ал тепкичтен чуркап түшүп, сыртка чыгаары менен таза абадан кере-кере дем алып жебирди. Анткени бул үйдүн абасы демин кыстыктырып, Джим менен болгон аңгемеден жадай түшкөн эле. Анын былжырагын угуп отуруп, кээде ордунан тура калып, табактагы боткого Жимдин тумшугун матыра койгусу келген учурлар болду. Жим калжаңдаган сайын Руфь Мартинден ошончолук алыстай баштагансып кеткен. Мындай макулуктардын арасында жашап жүрүп, качандыр бир кезде ал Руфка өзүн тең коё алмакпы? Алдыда турган ушул сыяктуу чиеленишкен оор маселелер айласын алты кетирип, өзүнүн абалынын, жумушчу табынан чыккан адамдын ахывалынын аргасыз экенин сезди. Ага көнүмүш болуп, жашоосу тамырлашып кеткен мына бул курчап тургандын баары — эжеси да, анын үйү, үй-бүлөсү, слесарь Жим да ага өлүү жүк сыяктуу жондон ныгыра басып, өйдө тургуза койбой тартып турду. Жашоонун кызыгы жоголуп кеткенсиди. Жашоону буга чейин ал кандай болсо, дал ошондой көрчү. Ал жашоо жакшыбы же жаманбы деп китеп окуп атканда гана элдир-селдир ойлобосо, түк ойлочу эмес. Бирок окугандары деги эле болбогон кооз аалам жөнүндө жомоктор жазылган гана китептер эле. Эми ал жок деген ошол ааламдын чынында бар экенин жана Руфь аттуу кыздын гүлү ошол дүйнөнүн чок ортосунда турарын көрбөдүбү. Ага жетишим керек деген бүлбүлдөгөн үмүттүн убайымына түшүп алгандан баштап ал жашоонун ачкыл ызасын, кусасын жана аргасыздыктын ачуу даамын алгачкы ирет таткандай болду.
Мартин көпкө чейин кайда барарын билбей башы катты: Берклейдеги ортолук окуу залына барсабы же Оклендеги китепканага эле бара калсамбы деп туруп, акыры Оклендке бармай болду. Билгендей эле тандаган экен! Бул жер Руфтун эң жакшы көргөн, дайыма келип турчу жери эмеспи, балким Руфту ошоерден жолуктуруп калгысы бардыр. Китепканадагы бөлүмдөрдүн иретин кайдан билсин, кылтылдаган турпатына караганда француз окшойт, бир кыз чыга калып жол көрсөткөнгө чейин ар кайсы текчелерди аралап жүрө берди. Сол жакта отурган кишиден деле сураса болмок экен, бирок ага башы жетпей, түз эле кирип барган жери философия бөлүмү болуп чыкты. Мартин философиялык китептердин бар экендигин уккан, бирок бул илим жөнүндө ушунчалык көп нерселер жазылгандыгы оюна да келбеген. Колтойгон калың томдорго шыкалган бийик шкафтар бирде санаага батырса, бир туруп намысын көкүтүп жатты. Акылды ишке сала турган жай эмес бекен бул жер. Анан ары басып математика бөлүмүнөн тригонометрия боюнча бир нече китептерди таап алды. Быжыраган түшүнүксүз формулалар менен чиймелерди көпкө чейин тигилип карады. Окубаткандары англис сөздөрү болгону менен биринин да маанисине мээси жеткен жок. Бул кандайдыр бир бөтөнчө тил эле. Норман менен Артур болсо бул тилди билишет. Бул тилде алардын сүйлөшкөнүн укпадыбы өткөндө. Анткени алар Руфтун бир туугандары эмеспи. Философия бөлүмүнөн Мартин болгон үмүтүнөн ажырагандай сезим менен чыгып кетти. Тегеректеген китептер аны ортого алып басып кала тургансып сезилип кетти. Ал адам баласынын билими мынчалык зор экенин түк билбептир. Коркунучтан жүрөгү оозуна тыгылгансып кетти: мунун баарын өздөштүрө алар бекен? Анан булардын баарын окуган өзүндөй эле адамдар толтура экенин ойлоп дагы кайраттана түштү. Башы менен жер казса да башкалар жеткенге мен да жетем деп ичинен кайраттана өзүнө өзү бекем шерт бекитти.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.