Жек Лондон
Мартин Иден
Мына ушинтип өзүн эрдемситкен Мартин чылк даанышмандыктын казынасы жыйылып турган текчелердин арасында басып жүрдү. Жалпы бөлүмдөн Норринин «Кыскача багытын» таап алды да урматтоо менен абайлап барактап чыкты. Жок дегенде ушул китептен ал өзүнө анча-мынча түшүнүктүү бир нерселерди тапчудай. Анткени мунун автору өзү сыяктуу матрос болгон экен. Андан кийин колуна «Боудич» деген бадырайган жазуусу бар китеп — Лекки менен Маршалдын биргелешип жазган чыгармасы урунду. Сонун экен. Навигацияны мына ушундан үйрөнөт. Ичкиликти таштайт, чымыркана иштеп, акырында капитан болот. Ушул ирмемде Руфь ага өтө жакын боло түшкөнсүдү. Эгер Руфь кааласа, капитан болгондон кийин үйлөнөт. Ал эми каалабай койсо — анда айла жок, бирок анын таасиринен улам адамча, татыктуу жашоону үйрөнөт, ичкиликти болсо ансыз деле биротоло таштайт. Бөлмөнү кыдырата карады да миңдеген том китептерден көзү талый түштү. Болду, эми деңизге чыкпайт. Бул сан жеткис китептерде эбегейсиз зор күч бар, ошондуктан ал улуу иштерди жасагысы келсе, аларды деңизден эмес, кургакта жасоого тийиш! Анүстүнө, аялдарын сүзүүгө кошо ала кеткенге капитандарга уруксат да берилбейт эмеспи.
Күн ооп, чак түш болду. Мартин тамак дегенди унутуп, улам бир китептин аталышын карап, жүрүм-турумдун эрежеси жазылган китепчени издей берди. Анын акылы азыр карьера жөнүндөгү ойдон башка, жөнөкөй эле маселе менен катуу алек болуп атты: эгерде жаш айым коштошуп жатып, дагы бир келип кетүүнү өтүнсө, анда муну кандай мөөнөттө орундатса болот? Ушуну табуу азап болду, табарын го бир китепти тапты, бирок анда кашайып так ушул жазылбаптыр да. Көз чаптырып көрүп, этикеттин формаларынын көптүгүнөн башы айланып кетти, светтик коомдо кабыл алынган адамдар бирине бири визиттик карточкаларын берүүнүн тартибин кеңештерден таптакыр башы адашып калды да, ындыны өчө четке чыга берди. Издегенин таппаса да бирок бул формалардын баарын үйрөнгөн көп убакытты талап кыларын жана мунун баарын билгенге чейин дагы бир өмүрдү жашоого туура келерин түшүндү.
— Кана, издегениңизди таптыңызбы? — жанагы кире бериштеги үстөлдө олтурган киши сурап калды.
— Ооба, сэр, китепканаңыздар мыкты экен, — деди Мартин.
Тиги башын ийкеп койду.
— Тез-тез келип туруңуз. Сиз матроссузбу?
— Ооба, сэр. Дагы келип турам.
«Бул менин матрос экенимди кайдан билди?» — деди таңданган Мартин тепкичтен төмөн түшүп баратып.
Көчөгө чыкканда олдоксон чайпалбай, зыңкыя түптүз басканга аракеттенди. Бирдемелерди ойлоп, терең ойго чумкуп кеткенче ошентип басып барды да, анан какыйганын унутуп, демейдеги эски басыгына түштү.
VI ГЛАВА
Мартинди өзөрткөн ачкалыктын азабы сымал жан тынчын кетирген кабатыр бир сезим бийлеп алды. Ал назик колдору менен күтүлбөгөн жерден анын бүткүл жашоосун бекем мыкчып алган кызды кайра бир көрсөм дегенге эки көзү төрт боло, күсөп турду. Барайын дейт, бирок ага даабайт. Тез эле жетип баргысы бар, бирок жанагы этикет дегендин баш айланткан эрежелерин бузуп аламбы деп да тынчы кетет бир туруп. Ошентип Мартин өзүн да, Гертруданы, Мэриенди, жадагалса, пиво менен жакшылап сыйлагандан кийин гана макулдугун берген Жимди да жаздырып салган китепканада узак сааттардын өткөнүн байкабай отуруп жүрдү. Ал төрт кишиге тең китеп алып, өзүнүн кичинекей тар бөлмөсүндө таң атканча газды өчүрбөй окуп отура берчү болду. Анткени менен газ жакканы үчүн мистер Хиггинботамга жумасына элүү центтен ашык акы да төлөп жүрдү.
Бирок окурун окуганы менен китептер анын кабатырын күчөттү. Жаңы китептин ар бир барагы ага билим багына кирүүчү жылчык сыяктуу болуп көрүндү. Окуган сайын каалоосу ого бетер күчөйт, анүстүнө, эмнени окуп баштаарын билбей башы катып, өзүнүн даярдыгынын жоктугунун азабын да тартып атты. Байкаса, ал китепти колуна алган ар бир адам билүүгө тийиш болгон эң жөнөкөй нерселерден да кабары жок тура. Мартин өзү тимеле жата калып берилип окуган поэзия жөнүндө да ушуну айтууга болоор эле. Суинберндин ал Руфь берген китепчесиндеги ырларын гана окубастан, анын «Долорессин» да окуп чыгып, айтылгандын баарын сопсонун эле түшүндү. Руфь бул чыгарманы балким жете түшүнө албаган чыгаар деп ойлоду ал. Ушундай кылдат, үлпүлдөгөн жашоо менен жашаган кыз муну кайдан түшүнсүн? Анан колуна Киплингдин ырлары тийип калды, өзүнө жакын, тааныш нерселер жөнүндө баяндаган бул ырлардын уккулуктуулугуна, шыр жаткан уйкаштыктарына, саптарынын кереметтүү элестүүлүгүнө муюду. Аны Киплингдин ырларындагы жашоого болгон терең сүйүү жана анын психологиялык жактан кылдат чеберчилиги укмуш таң калтырды. «Психология» деген сөз Мартин Идендин тил байлыгындагы жаңы сөз болуп калды. Чөнтөгү эңшериле түшкөнүнө карабай сөздүк да сатып алгандыктан, деңизге чыгуу мөөнөтүн тездетүүгө аргасыз болду, андан тышкары, бул акчаны сөздүккө короткончо жашаган бөлмөсүнө төлөсө болбойт беле деп жанталашкан жездеси — мистер Хиггинботамдын да каарына калды.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.