Жек Лондон
Мартин Иден
Ал үстөлдө жаткан Суинберн менен Броунингдин томчолорун колуна ала калып өпкүлөп жиберди. Кыздын дагы келип кет деп суранганын эстеди. Анан өзүн кайрадан күзгүдөн карады да, угуза жана салтанаттуу заңк этти:
— Мартин Иден, сенин эртең туруп биринчи кылаар ишиң бул, — дароо акысыз китепкананы көздөй урасың да, адептүүлүк жөнүндө китеп таап окуйсуң. Түшүндүңбү?
Мына ушундан кийин ал газды өчүрүп, керебетине кулады, оор денеден темир зымдар кычырап, онтоп жибергендей болду.
— А эң башкысы, Мартин, азыраак келжире. Уктуңбу абышка! Ушуну эсиңе түйүп ал!
Ушинтти да уктап кетти, анын ойго келбеген шумдуктуудай түштөрүн баңгибаздын татуу кыялдары менен гана салыштырууга болоор эле.
V ГЛАВА
Эртеси уйкудан ойгоноору менен мурдуна кир кийимдер менен самындын жыты келип жатканын сезип, көргөн таттуу түштөрүн да унутуп койду. Кулагына күнүмдүк тириликтин гүрү-гүүсү, бирин бири тилдеп, кудайдын куттуу күнүн жаакташуу менен баштабаткан адамдардын ачуулуу дооштору угулду. Бөлмөсүнөн сыртка чыгып баратып, кыжыры кайнаган эжесинин балдарынын кимдир бирөөсүнө кыйкырган заар үнүн жана колуна тийген бирдеме менен карс дегизе уруп калганын угуп калды. Баланын кокуйлап чыңырган үнү кулагын канжар менен шылып ийгендей болду. Бул жердегинин баары, жадагалса, өзү дем алып турган аба да ага жийиркеничтүү сезилип кетти. Мунун бири да Руфь жашаган үйдө өкүм сүргөн мемиреген бейпил, бардар турмушка окшобойт! Ал жерде баарысы жаркырап турат, маанайлар көтөрүңкү, кудайы пейил сылык-сыпаалык, бийик рух өкүм сүрсө, бул жерде — эзилген кара таман жашоо, дүнүйөкорлукка малынган көр турмуш, бири бирин боктомой, жулмалашмай.
— Бергелчи, Альфред, — деди ал ыйлап жаткан баланы чакырып, акча жаткан чөнтөгүнө колун сала. Дегеле Мартин акча дегенде эт –бетинен кеткен сараң эмес эле, пейилин дайыма кең салчу. Балакайга тыйын карматып колуна алды да сооротуп кирди.
— Кана эми, буга чуркап барып момпосуй алып жей гой. Агаларың менен эжелериңе да бер. Эрип кетпей турганынан ал э?
Ошентип атканда эжеси кир жууп жаткан тепшисинен өйдө боло калып карап калды.
— Бир пенс берсең деле жетишмек да? — деди ал, —деги ушу сен акчанын баркын билбейсиң. Анүстүнө бала эми татуу жеп, оозу оюлуп кептейби.
— Эч нерсе болбойт, — деди Мартин куунак, — менин акчам өз баасын билет. Кутман таң, эжеке, сенин колуң бош болгондо, кудай урсун, тимеле кучактап өөп жиберет элем.
Ал эжесин ушинтип эркелеткиси келди, эжеси да боорукер жан эле, ал да инисин (муну ал билүүчү) өзүнчө жакшы көрө турган. Ырас, жылдар учкан сайын, эжесинин келишимдүү ажары күлдөй өчүп, барган сайын урушчаак, күңкүлдөп жемекор, ачуулуу болуп баратат. Мартин мунун баарын оор эмгектен, этегин бура бастырбаган баласынынын көптүгүнөн, анан эринин жадатма мүнөзүнөн көрөт. Бүгүн эмнегедир ага чирик жашылчалардын жана кир кийимдердин, соода кылыбатып алган ар ким кармалаган жез тыйындардын сасык жыттары эжесине сиңип калгандай сезиле түштү.
— Үйгө кирип, андан көрө тамак ичип ал, — деди эжеси, сыртынан сүр көрсөткөнү менен ичинен ыраазы боло; анткени ар кайсынысы ар жакка темселеп, аалам бетин кезип тентип кеткен бир туугандарынын ичинен Мартин ага эң сүйкүмдүүсү эле.
— Кана, келчи мага, сени бир өөп коёюн, — деди Мартинге күтүлбөгөн жерден элжирей түшкөн эжеси.
Ошентип туруп, адегенде бир колундагы, анан кийин экинчи колундагы самындын көбүгүн шыпырды. Мартин анын салмактуу денесинен кучактап, буудан нымданышкан эриндеринен өптү. Эжесинин көздөрүнө жаш кылгыра түштү. Бул эреркеген сезимдин таасиринен гана эмес, тыным албаган ченеми жок чарчоодон алсызданып бараткан адамдын көз жашы эле. Ал Мартинди өзүнөн саал арыраак түртүп койду, бирок иниси баары бир анын көз жашын байкай койду.
— Тамак мештин үстүндө турат, — деди эжеси шашып кетип, — Жим эмгиче ойгонгон чыгаар. Мен бүгүн кир жуюн деп таңзаардан тургам. Бар эми, тезирээк барып тамагыңды ич да, үйдөн алысыраак чыгып кет, бүгүн кыла турган жумушубуз толтура. Том да кетип калыптыр, эми кирени Бернард өзү тартат окшойт.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.