Жек Лондон
Мартин Иден
«Руфь!». Жөнөкөй эле дабыштын ушунчалык уккулуктуу болорун Мартин эч бир ойлобоптур. Бул тыбыш анын кулагын эркелеткендей, бир нече жолу «Руфь, Руфь» деп кумарлана кайталап да жиберди. Бул дубасы сыйкыр тумардай эле; айткан сайын Руфтун элеси көз алдына тартылып, дубалды алтын нурдуу жарыгына бөлөп тургансыды. Бул нур балкыган жарык дубал бетинде көпкө турбай, чексиз тереңдикке сиңип кетип жатты жана анын жаны ал жактагы алтындай жаркыраган мейкиндиктен кыздын жанын издеп жүрдү. Анын ички дүйнөсүндө, негизи эле дээринде болгон мыкты нерселердин баары кубаттуу агым болуп ташкындап тышка атырылды. Кыз жөнүндөгү ойдун өзү эле төбөсүн көккө жеткирип, мындан да чыгаан, мыкты болууну эңсетип турду. Бул таптакыр жаңы нерсе эле. Ушу кезге чейин Мартин өзүн минтип мыкты болууга мынчалык шыктандырган бир да аял затын кездештирген эмес. Тескерисинче, ага жолуккан аялдар аны жапайы макулукка айлантып жиберишчү. Ошентсе да алар ага канчалык кедей экенине карабай, болгон кымбат нерселерин ыроолоп келишкенинен ал түк кабары жок эле. Мартин эч качан өзү туурасында ойлочу эмес, өзүндө ургаачылардын ышкысын козгогон, сансыз аялдарды аны менен бирге болууну эңсеткен касиет бар экени оюна да келген эмес. Аялдарды ал эч качан издечү эмес, алар өзүлөрү артынан чуркап турушчу; алардын айрымдары анын таасиринен улам ого бетер татынакай болуп кулпунуп чыга келишкени оюна да келген эмес. Буга чейин ал аял атмайдын баарына камырабаган шалакылык менен карап келгендиктен, аялдар ага дайыма өзүлөрү жабышып, ыпылас колдору менен чеңгелдеп мыкчып келгендей туюлуп кетти. Аларга да, өзүнө да адилетсиздик кылган экен. Бирок ал муну түшүнмөк эмес, анткени мындай нерселер туурасында ой жүгүртө алмак эмес, андыктан улам кумарын кандыргандан кийин гана эстеп, уятына өрттөнгөндөн башкага жарабас эле.
Күтүлбөгөн жерден Мартин шарт тура калды да кол жуугучтун үстүндө илинип турган күңүрт күзгүгө келип тигилди. Күзгүнүн бетин сүлгү менен абдан тазалап аарчып, анан өзүн көпкө чейин кунт коё карады. Чынында ал өзүн минтип өмүрүндө биринчи жолу карабатканы эле. Көздөрү негизи көрүү үчүн жаралса да, бирок ушу кезге чейин алар дүйнөнүн тынымсыз кубулган жүзүн гана көрүп келди, ал эми өзүн— өзү жакшылап караганга убактысы жетишкен эмес экен. Эми ал маңдайындагы жыйырма жаштагы өспүрүмдүн кебете-кепширине тигилип, анын өңү сулуубу же жокпу деп айталбай турду, анткени анда баалай турган башка чен-өлчөмү жок эле. Ал жазы, кең маңдайынан өйдөрөөк уюлгуган кара коңур чачын көрдү. Быжыгыр тармал чачы аялдарга жакчу, алар аны сылаганды, салаалап тараганды өлө жакшы көрүшө турган. Бирок ал Руфь үчүн анын чачы кымындай да мааниге ээ болбостур деп, чачтарын караганын коюп, эми болгон ынтаасын коё, астында эмне катылып жатты экен деген тейде өзүнүн маңдайына тигилди. Мээм кандай болдукен, бул мээден эмнени күтүүгө болот? Бул мээ аны кандай тагдырга туш кылаар экен? — деп өзүнөн өзү такып сурай берди.
Баарынан да Руфка жеткирер бекен?
Мартин өзүнөн мына бул көгүлтүр, бир туруп күн нуруна чагылышкан деңиздин кадимки көгирим мейкинин өзүнө сиңирип алгандай көздөрүнөн жан дүйнөсү көрүнөр бекен деп сурап атты. Анын көздөрү Руфка жагар бекен. Ал көздөрүнө Руфь тигилгендей карайын деди эле, бирок мунусунан майнап чыккан жок. Демейде ал башка адамдардын ойлорун оңой эле билип алчу, бирок алар өзү турмушун жакшы билген адамдар эле да. Ал эми Руфтун жашоосун болсо таптакыр билчү эмес, кыз ага бир туруп табышмак да, сыры терең керемет да эле, андай болгон соң анын, жок дегенде, бир оюн тапмак кайдан? Мейли ошондой болсун, баары бир мына бул көздөрдө арамдык, куйтулук жок деген тыянакка келди. Бетинин кара торулугу аны таң калтырды: эч качан өзүн мындай капкара экенин ойлобоптур. Жегдесинин жеңин өйдө түрүп, чыканагынын жогору жагындагы колунун апакай терисин бетинин терисине салыштырып көрдү. Жо, ал ак эле киши экен. Бирок колдору да күнгө куп күйгөн экен да. Эми ал чыканагын бүктөп, кары булчуңун жыйып, колдорунун күнгө күйбөгөн этин издөөгө аракеттенди. Бул жерлери да апакай экен. Ал күзгүдөгү коло өңдөнгөн жүзү да бир кезде апапак болгонун ойлоп, күлүп жиберди; өзүнүн күнгө күйбөгөн эти сыяктуу апакай денеси менен мактана турган аялдар бул дүйнөдө анчалык деле көп эмес экени оюна да келген жок.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.