Жек Лондон
Мартин Иден
Көзүнөн жашын көлдөткөн Мэриен Мартиндин мойнунан кучактап туруп, аны абдан жакшы көрөөрүн, дайыма жакшы көргөнүн башкаларга билдирбей шыбырап атты. Ырас муну айтып атып, аз-маз мукактана түштү, Мартин муну бир кезде карындашы ага жумуш тап деп зиркилдегенине кечирим сурап атканын ошол замат түшүндү.
— Акча анын колунда көпкө турбайт, — деди кечинде Герман Шмидт аялына. — Үстөк пайыз тууралуу кеп баштасам, таптакыр ооз ачырбай койду! Мага эмне дегенин билесиңби? Ага пайыз тургай, акчанын да кереги жок экен. Эгерде мен дагы бир жолу үстөк пайызды сөз кыла турган болсом, менин немис башымды жара чабам деди, ооба, ооба, так эле «немис башыңды» деп айтты. Агаң иштиктүү адам болбосо да азамат, ишке жарады... Эң башкысы — ал мени абдан катуу колдоп койду!
Конокко чакыруулар токтогон уланып атты, алар көбөйгөн сайын Мартин да ошончолук таң калуусу күчөй берди. Эскиден келаткан атактуу бир клуб уюштурган чоң банкетте эң ардактуу конок болуп, анда угуп же гезиттен окуп гана билген адамдардын арасында олтурду. Бул адамдар ага «Тарнсконтинентал» журналынан анын «Коңгуроо үнү», «Шершнеден» болсо «Пери менен акак» деген чыгармаларын окушканда эле улуу жазуучунун пайда болгонун түшүнүшкөнүн айтышты. «О Кудай, — деп ойлоп атты Мартин, — мен ачка, арып тозуп жүрдүм эле го! Эмне үчүн булар мени тамакка ошондо чакырышкан жок? Так ошондо чакырышса, абдан ойдогудай болмок. Анткени бул чыгармалардын баары ошол кезде жазылбады беле. Эгерде силер мага эчаккы жасаган ишим үчүн тамак берип атсаңар, эмне үчүн тамак көздөн учуп турган ошо кезде сыйлаган жоксуңар? «Коңгуроо үнү» болобу же «Пери жана акактабы» бир да сөзүн мен өзгөрткөн жокмун. Жок, силер мага ишим үчүн эмес, жөн эле баары сыйлайт экен дебеле чай берип атасыңар, анткени мага тамак ичирүү жакшы адаттардын бирине айланды. Мени тамак берип сыйлап атканыңардын дагы бир себеби — силер малсыңар, үйүрдөгү малсыңар! Себеби силер маңыроо, малдык үйүр сезимге баш ийип калгансыңар, бул сезим болсо, азыр силер бир гана нерсени — Мартин Иденди коноктошуңар керек деп турат. Бирок силердин бириңердин да Мартин Иден менен же анын жумушу менен ишиңер жок», — деп жаны күйүп айтып жатты ал өзүнө өзү. Бирок сыр алдырбай, мыкты айтылган тостко мыктылап жооп айтыш үчүн улам ордунан тура калып жатты.
Ушундай мамиле аны бардык жерде: мейли клубдарда болсун, мейли адабий кечелерде болсун, күтүп турчу болду, ага элдин баары эле ага «Коңгуроо үнү» менен «Пери жана акак» чыкканда эле улуу жазуучунун пайда болгонун айтып жатышты. Бирок кайда барбасын мээсинен чыкпай, жабышкан бир гана суроо мазесин ала берди: «Айткылачы, эмнеге мени ошол кезде коноктогон жоксуңар? Булардын баары капкачан эле жазылган болчу. «Коңгуроонун үнү» менен «Пери жана акак» ошол бойдон эч бир өзгөрүүсүз. Алар ошол кезде эле азыр кандай болсо ошондой чебер жазылган. Бирок, силер мени чыгармаларым үчүн сыйлап жаткан жоксуңар. Чайга чакырып атканыңардын себеби — азыр мени сыйлоо модага айланды; анткени үйүр бир гана Мартин Иденди сыйлоо керек дегенге умтулуп калды.
Жаркыраган ак сөөктөрдүн арасында отурганда көп учурда күтүүсүздөн көз алдына эки жактуу топчулама күрмөчөн, шапкесин кыйшайта баса кийген жаш хулигандын элеси кайдан жайдан чыга келчү болду. Бир жолу Оклендде адабий чоң кече өтүп жатканда да ушундай болду. Ал ордунан туруп, сахнаны көздөй басып баратып күтүлбөгөн жерден залдын тээ түпкүр жагында турган ошол эле күрмөчөн, ошол эле шапкечен жаш хулиганга көзү түштү. Сыланып сыйпанып жасана чечинип отурушкан беш жүз айым капылет токтой калган Мартин Иден кимди көрдү экен дешип, жапырт ал караган жакка бурулуп карап калышты. Бирок ээн өтмөктөн эч кимди көрүшкөн жок. Мартин болсо андан көзүн албай, бул селсаяк жок дегенде башына жабышып калгансыган шапкесин алганга мээси жетеби дегендей ойлонуп карап турганы. Караан сахнага жакындап келип, тепкичтен чыкты. Мартин өзүнүн жаш кезектеги көлөкөсүнө карап туруп, андан ким чыкмак эле, эми ким болду деп ойлоп, деми жаба берген кусалыктан тимеле ыйлап жибере жаздады. Караан сахнадан басып келип Мартинге жакындады да, эрип кеткендей, ага сиңип жок болду. Келбети келишкен беш жүз аял өздөрүнүн жука мээлей тарта кийилген назик колдору менен дүркүрөтө кол чаап ийишти. Алар күтүлбөгөн жерден мындай ийменчээктикти көрсөткөн атактуу конокту колдоп, сүрөп коелу дешти. Мартин чымыркана караанды өзүнөн ары кубалады да жылмая сөзүн баштады.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.