Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Ушинтип болбогон майда бир жагдай улам барган сайын чоң, маанилүү нерсеге айланып баратты. Мартиндин саламаттыгы мыкты эле, тамакты да жакшы жеп, каалашынча уктап калды, бирок жарыбаган бир нерсе ага такыр тынчтык бербей койду. «Мунун баары эчак эле болбоду беле!». Бул ой анын мээсин көзөп, жеп жатты. Мартин конокко чакырган жездеси Бернард Хиггинботам менен дасторкондо бетме-бет отуруп:     

«Мунун баары эчак эле жасалбады беле! Бир кезде мени ишке киргим келбегени үчүн гана ачка калтырып, үйүңдөн кууп чыктың эле, атымды уккуң келчү эмес, эми болсо берерге тамагыңды таппай, сыйлап атасың. Менин чыгармаларым ошондо эле жазылган болчу.  Азыр эми оозуман чыккан ар бир сөзгө муюп, көзүмө жалдырай карап угуп отурасың. Мен силерди байкуш бир бечаралар деп бетиңерге эле айтып атам, силер болсо анын баарын унчукпай баш ийкеп, угуп отурасыңар, аз жерден ыракмат деп да айтып жибергиңер бар. Эмнеге? Бул мен — Мартин Иден, мыкты бала, келесоо болбогонумдан эмес. Себеби мен атактуумун! Себеби менин акчам көп. Эгерде мен азыр асмандагы ай жашыл быштактан жасалган дечү болсом, силер дароо макул демексиңер, антпесеңер да, буга каршы чыкпайт элеңер. Анткени менде алтын толтура. А менин алтын алган иштерим эчак эле, силер менин бетиме түкүрүп, тепсеп атканда эле жазылган болчу!» — деп кыйкыргандан өзүн араң кармап отурду.

Бирок Мартин минтип кыйкырган жок. Ичинен кейип, кыжыры кайнап отурса да сыр бербей жылмая сыпаа отурду. Хиггинботам өзүнүкүн айтып кирди. Ал Бернард Хиггинботам — баары нерсеге өз күчү менен жетиптир, буга абдан  сыймыктанат экен. Эч ким ага жардам бербептир, андыктан ал эч кимге милдеттүү да эмес экен. Ал көп бүлө баккан, түз жүргөн жаран. Анын бапырап киреше таап турган дүкөнчөсү анын, Бернард Хиггинботамдын аркасы менен гана гүлдөп өнүгүп атыптыр. Өзүнүн дүкөнчөсүн ал кай бир эркектер өзүнүн аялын сүйгөндөй эле сүйөт экен. Ошентип агынан жарылган жездеси Мартинге ыймандай сырын бүт төгүп, дүкөнчөнү жабдып, ишти оң жолго коюу канчалык кыйынга турганын айтып берди. Андан тышкары, жездесинин пландары да чоң экен, жаңы үйлөр салынган сайын элдин саны да көбөйүп баратат. Демек, жалгыз дүкөнчө элдин баарын канааттандыра албайт. Эгерде азыр артыкбаш бөлмөсү болсо, ишине айрым бир жаңылыктарды киргизип, кирешесин дагы көбөйтмөк экен. Ал мунун баарын жасайт, бирок дүкөнчөгө жакыныраак жерден бир участок сатып алса болду, дароо эки кабаттуу имарат сала коет да, экинчи кабатын батирге берип, астыңкы кабатын дүкөнгө айландырат экен. Алтургай, анын бет маңдайына кандай жазуу илерин айтканда, көздөрү кадимкидей жайнай түштү.

Мартин мунун бирин уккан жок. Жанагы «алда качан» деген сөз анын кулагынан кетпей жаңырып тура берди. Ырдын кайтармасындай болуп кайталана берип, акылынан адаштырчудай, канчалык кубаласа да кеткиси жок.  

Мунун наркы канча болот дейсиң? — күтпөгөн жерден сурап калды Мартин.

Жездеси сөзүн токтото коюп, көзүн бакырайта карап калды. Ал баа туурасында дегеле айткан жок эле, бирок Мартинди ошончолук кызыктырып атса, болжолдуу түрдө болсо да айтып коюшу ыктымал.

— Азыркы баа боюнча, — деди ал, — баш аягы төрт миң доллар болотко.

—Дүкөндүн аталышы жазылчу тактай менен кошобу?

— Аны эсептеген жокмун. Үй эле болсо, ал табылат...

Жерчи?

Ага да үч миң.

Кеберсип турган эриндерин жаланып, манжалары калтыраган Бернард Хиггинботам Мартиндин чек жазып атканын карап турду. Мартин жазды да чекти Хиггинботамга сунду. Чек жети миң долларга жазылган эле.

— Мен... Мен сага айына алты пайыздан ашык сунуш кыла албайм... — деп булдуруктады өзүн жоготкон Хиггинботам киркиреген үнү менен.

Мартин аз жерден каткырып жибере жаздады, бирок анткен жок.

— Алты пайызың канча болот? — сурады ал.     

—Азыр эсептеп көрөбүз, алты пайыз... Алты жерде жетиң — төрт жүз жыйырма.

— Демек, айына отуз беш доллардан туура келет турбайбы?

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.