Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

 

XLIV ГЛАВА

Мистер Морз «Метрополь» мейманкансынын кире беришинен Мартин менен кезигишип калды. Бул жакка ал кокусунан келдиби же атайын акмалап келдиби, анысын Мартин түшүнө бербеди, бирок ою кийинки божомолуна ооп турду, канткен менен мистер Морз аны үйүнө чай ичип кетүүгө чакырды, ооба, Руфтун атасы, бир кезде Мартинди үйүнө жолотпой, болочок никени бузуп таштаган мистер Морзчу!

Бирок Мартин ага ачууланган жок. Табалагысы да келбеди. Мистер Морздун азыр ушунчалык өзүн кемсинтип паска уруп атканы өзүнө деле оңой болбосо керек деп ойлоп, сөзүн кечиримдүүлүк менен угуп турду. Чакыруусун четке каккан жок. Болгону үйүндөгүлөрдүн, адегенде эле мисс Морз менен Руфтун ал-жайын сурамжылап койду. Мартин кыздын ысмын эч бир толкунданбай этпей эле кадыресе жай атады, буга өзү да таң кала түштү.

Ушинтип аны туш-туштан чайга чакыргандардын саны барган сайын арбыды. Көптөр эми аны менен конокко чакыруу үчүн гана эптеп ыңгайлуу учурду издеп тааныша турган болушту. Мартин мунун баарына баягыдай эле таңданып жатты. Алтургай, жездеси Бернард Хиггинботам да күтүлбөгөн жерден аны чайга чакырып калса болобу. Бул Мартиндин эсин ого бетер оодарып, ойго батырды. Ал бир сындырым нанга зар болуп, керели кечке кезере ачкадан өлгөнү калган күндөрүн эстеди. Эмне үчүн мени ошондо тамакка чакыруу эч кимдин оюна да келген жок деп өзүнө суроо берип атты. Агезде буга ушунчалык муктаж эмес беле! Мында бир жеткен келесоо карама-каршылык болсо керек. Ал апталап, тишинин кирин соруп, ичерге тамагы жок отурган күндөрү аны чакырган жан болгон жок, эми жанында андай тамактын миңине жете турган акчасы турганда, анүстүнө эми тамакка табити да жок, — аны баары жанталашып таалаша чакырып атышат. Эмне үчүн? Абдан эле өзгөчө эмгек сиңирип жиберген жери деле жок. Баягы эле Мартин Иден. Анын бардык чыгармалары так ошо Морздор жалкоо деп атаган, мекемеге майда кызматчы болуп иште деп кайра-кайра акыл үйрөткөн мезгилде жазылбады беле. Баса, анын ишин да билишчү эмес беле, анткени Мартиндин окуп чык деп берген кол жазмаларын бирин калтырбай Руфь ата-энесине да көрсөтүп турчу. Кол жазмаларды өзүлөрү да окушпады беле. Ошол чыгармалардын аркасы менен ысмы гезитке чыгып, атагы көтөрүлгөндө алардын эми кадырлап күткөн коногу болуп калган тура.  

Бир нерсе гана айдан ачык эле: Морздорго Мартин Идендин да, анын чыгармачылыгынын да таптакыр кереги жок эле. Эми алардын жан талаша Мартинге жакындык издебатканынын себеби анын өзүн эмес, ал жетишкен атак-даңк менен дагы балким, анын банктагы эсебинде жаткан жүз миң долларында болсо керек. Бул буржуазиялык коомдогу кадыресе көрүнүш, бул адамдардан башка нерсени күтүп да кереги жок. Бирок Мартиндин сыймыгы өзүндө эле, ага эч кандай баага муктаж да эмес болчу. Окурмандар анын өзүн же анын чыгармаларын бааласа болду деп  эсептечү, бул экөө бир эле нерсе эмеспи. Аны ушундай баалаган Лиззи эле. Алтургай, анын чыгармалары да ал үчүн эч бир өзгөчө мааниси жок эле, кеп анын анын өзүндө эле.  Жимми менен анын эски достору да ага ушундай эле мамиле кылып келишти. Алар чыныгы берилген достор экенин Мартинге нечен жолу далилдешкен, аны Шелл-Моунд сейил багындагы жекшембилик оюн-зоокто дагы бир жолу далилдешти. Алар Мартиндин жазмакерлигин уруп да койгон жок эле. Алар Мартин Иденди, өзүлөрүнүн мыкты азамат жигитин жандарынан артык көрүшчү жана ал үчүн отко сууга киргенден кайра тартышчу эмес.  

Ал эми Руфь менен болгон иш таптакыр башка. Ал Мартиндин өзүн жактырганы шексиз эле, бирок ал ага канчалык кымбат болгону менен Руфь үчүн буржуазиялык үрп-адат, жалпы чийиндеги эрежелер андан да кымбат болуп чыкты. Руфь анын чыгармачылыгына тилектеш боло алган жок, анткени негизги себеп алардан эч кандай киреше түшпөгөндүгүндө эле. Анын «Сүйүү жөнүндөгү сонеталарын» да ал так ушул жагынан баалаган. Ал да Мартинден ишке орнош деп талап кылып туруп албадыбы. Чыны бул кыздын тилинде «кандайдыр бир абалды ээлөө керек» деп айтылганы менен мааниси ошол эле эмеспи.  Мартин мунун биринчисин, тагыраак айтканда, иш дебеле атаганды туура деп эсептечү. Мартин ага өзүнүн болгон чыгармаларын, «Вики-Вики», «Күндүн осолдугун» жана башкаларды бүт окуп берген эле. Руфь болсо ишке орнош дегенден башкага жараган жок. Кудурети күчтүү Жараткан! Ал эмне, иштебей жүрдүбү? Ушул кызга татыктуу жар болом деп түн уйкусунан безип, кара жанын карч ура, өгүздөй иштеп келбедиби!

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.