Жек Лондон
Мартин Иден
Мартин макул экенин айтып жооп жазды, бирок беш жүздөн эмес, миң доллардан жазып берерин айтып, шартын койду. Бир кезде бул кол жазмаларынын эми биринен бири талашып жаткан ушул журналдар тарабынан четке кагылганын ал унута элек болчу. Алардын кош көңүл, стандарттуу жооптору дагы эле эсинен кете элек. Алар аны ошондо каалагандай шылдыңга алган болсо, эми алардын өзүлөрүн да так ошондой шылдыңдагысы келип турду. «Бертондун журналы» Мартин каалагандай беш макалага акчаны төлөп, калган төрт макаласын дагы бир башка ири журнал ушундай эле шарт менен илип кетти. «Түндүк баяндамасы» абдан эле кедей болгондуктан, алар менен теңтайлашканга чамасы келген жок. Ошентип анын: «Кереметтин кулдары», «Кыялкечтер», «Биздин «мен» дегенибиздин чени», «Иллюзиялардын философиясы», «Кудай жана жырткыч», «Искусство жана биология», «Сын жана түтүкчөлөр», «Жылдыз чаңы», «Сүткорлуктун күчү» деген чыгармалары жарык көрдү. Булардын баары тең узакка дейре тынчыбаган ызы-чуу жаратты.
Китеп чыгаргандар Мартинден каалаган шартын өзү айтуусун суранып атышты, ал баш тартпастан макул боло берди. Бирок басканга мурда жазылган нерселерди гана берип атты, ар кандай жаңы иштен таптакыр баш тартып койгон эле. Кайрадан колуна калем кармоо туурасындагы ой аны зааркантып жиберчү. Ушул топураган караламан бетпактар бир кезде Бриссенденди тытып жеп жибере жаздаганы эзели эсинен кетпес, ошондуктан ал аларды алакан чаап турганына карабай, дагы эле жек көрүп келатат. Өзүнүн атакка жетишкенин Мартин Бриссендендин арбагын акаарат кылыбаткандай сезип жатты. Жек көргөнүнөн ирең–башы бузулуп турса да бирок артка кайтууга ниети жок эле, анткени мүшөгүмдү алтынга толтуруп алсам болду деген бекем чечимге келген эле.
Мартинге басмаканалардан момундай маанидеги каттарды бир канча жолу алууга туура келди.
«Мындан бир жыл мурда биздин зор өкүнүчүбүзгө жараша, сиздин лирикалык ырларыңыздын циклин жарыялоодон баш тартып койгон элек. Ал ырларыңыз ошондо эле бизге чексиз таасир эткен болучу, бирок ар кандай шарттар тоскоолдук кылгандыктан, ал ырларыңызды ошол кезде пайдалана албаганбыз. Эгерде ошол ырларыңыз али жарык көрө элек болсо, бизге салып жиберүүңүздү көптөн көп суранабыз, буга өзүңүз канааттана тургандай калем акы аларыңызды да эскерте кеткибиз келет. Биз аларды сизге абдан пайдалуу шарттарда өз алдынча китеп кылып чыгарганга да макул болор элек».
Мынчалык суранып атышкандан кийин деп Мартин ыр ордуна бир кезде уйкашы жок ак ыр түрүндө жазылган трагедиясын жөнөтүп жиберди. Аны жөнөтөөрдө дагы бир жолу окуп чыгып, айласыз начарлыгына жана өтө эле ыксыз шаңдуулугуна таң калды. Бирок ага карабастан жөнөтүп жиберди, аны басып чыккан журнал болсо жууса кеткис уятка калды. Кыжыры кайнаган окурмандар даңкы таш жарган Мартин Иден кантип эле ушундай болбогон келжирек бирдемени жазсын дешип ызы-чуу түшө жатып калышты. Бул деги эмне: алдамчылыкпы, же Мартин Иден Дюма-атаны туурап, чыгармасын башкаларга жаздырып калганбы дегендер чыкты. Бирок кийинчерек бул чыгарма Мартин Идендин боз бала курагындагы «алгачкы аракети экени жана аны Идендин даңкынан улам көрбөй байкабай калган журнал чыгарып ийгени ачыкка чыкканда, элдин баары каткырып, редакциянын коллегиясы болсо кызматынан шыпырылып кетти. Ошол бойдон трагедия өзүнчө китеп болуп чыкпай калды, бирок басмаканага түк боору ачыбаган Мартин Иден, келген авансты өзүнө калтырып койду.
Кайсы бир жумалык Мартинге баасы кеминде үч жүз доллар турган узун телеграмма салып жибериптир, анда Мартинден ар бири миң доллардан турган жыйырма очерк жазып жиберишин өтүнүшүптүр. Бул ишти аткарыш үчүн Мартин жумалыктын эсебинен Кошмо Штаттарды кыдырып чыгып, өзүн кызыктырган теманы тандап алышы керек экен. Телеграммада басмакананын пландары, ойлору канчалык кеңири экенин айгинелеген бир нече болжолдуу темалар да тизмектелиптир. Бул Мартиндин тандоосу канчалык эркин экенин ачык көрсөтүү эле. Ага коюлган бир гана шарт — Кошмо Штаттардын чегинен чыкпашы керек.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.