Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Кез-кезде Лиззи менен жолугушуп коет, байкаса Лиззи Мартиндин мартабасы жогорулап бара жатканын ичинен кейигендей түрү бар. Анткени бул жагдай экөөнүн ортосун бөлүп турган аралыкты барган сайын тереңдетип атканын кыз сонун билип туру да. Балким, Лиззи ортодогу ажырымды жакындатыш үчүн анын кеңешин уккандыр, кечки мектепке барып, стенографиянын курсун кымбат экенине карабай окуп аяктаганы да ошондондур. Атүгүл, таанымал бир чебер аялга буйрутма берип, келишкен кымбат көйнөк да тиктирип алганы бар. Лиззинин ийгиликтен ийгиликке ылдам жетишип атканы Мартинди туура иш кылып жатамбы, же жокпу деген ойго да түртпөй койгон жок. Анткени мунун баарын Лиззи ал үчүн жасап атпайбы. Лиззинин самаганы Мартиндин көзүнчө ага жаккан, ал жогору баалаган сапаттарга ээ болсом деген каалоосу күч эле. Мартин болсо ага эч кандай ишенич бербестен,  сейрек жолугушуп, бир тууган агасы сыяктуу эле мамиле жасап жүрө берди.

«Кечиккен» деген чыгармасы Мартиндин атагы дүңгүрөп турган мезгилде жарыкка чыкты, чыгарма беллетристика болгондуктан, «Күндүн осолдугуна» караганда кыйла жогору ийгилик жаратты. Эки китебине тең китеп базардагы муктаждык жогору экенине караганда, мындай окуя дегеле болуп көргөн эмес. Карапайым окурмандар да, «Күндүн осолдугуна» ышкысы түшкөндөр да повестти баш көтөрбөй окуп атышты, анын көркөмдүгүнө, жазуучунун укмуштай чеберчилигине, таасын талантына тан берип атышты. Мартин Иден мистицизмге теориялык жактан жаңы эле сокку урган эле, эми болсо, чыныгы адабият кандай болорун иш жүзүндө далилдеп көрсөтүп отурат. Ошентип анын сынчылык генийи менен жазуучулук генийи бири бирине эң сонун жуурулушуп турду.

Акча ага суудай агылып келип жатты, даңкы өскөндөн өсө берди, бирок ийгилик аны кубандыргандан көрө, бир нерсеге кызыктырып турду. Аны таңгалдырган түккө жарабас бир факты эле, буга Мартин өзү да башы жетпей туру. Судья Блоунт аны конокко чакырыптыр! Бул өзүнчө алганда батекке жарабаган окуянын бирок улуу мааниси бар эле, ошого жараша натыйжасы да болмок.  Мартин Иден судья Блоунтту акаарат кылбады беле, аны менен эч бир ызат сыйы жок кескин кагып сүйлөшпөдү беле, эми ошол судья Блоунт көчөдөн жолугуп, аны чайга чакырып атпайбы. Мартин аны менен Морздордун үйүндө бат-баттан жолугушуп турганын эстеди, анда аны чайга чакыруу судьянын оюна да келген эмес эле. «Эмне үчүн мени ошондо конокко чакырган жок?» — деп Мартин өзүнөн өзү сурап атты. Ал эч бир өзгөргөн жок, ошол Мартин Иден бойдон эмеспи.  Анда айырма эмнеде? Китептеринин жарыкка чыкканыбы? Бирок алар эчак эле жазылбады беле? Андан бери ал бир сап да жазган жок. Китептеринин баары дал ошол судья Блоунт жалпыга маалым көз карашты коргоп, аны да, Спенсерди да шылдыңга алган кезде жазылган эмес беле. Эми судья Блоунт аны азыркы жараткан ийгиликтери үчүн эмес, ириде алардын көлөкөсү үчүн чакырып атпайбы.

Мартин бул чакырууну жылмая гана кабыл, алып, өзүнүн кичи пейилдигине өзү таң калды. Дасторкон үстүндө айымдардан башка беш-алты менменсинген мырзалар олтурган экен, алардын арасында Мартин өзүн шексиз «арстан» сезип отурду. Судья досу Хэнуэллдин кызуу колдоосу менен судья Блоунт Мартинден аны жалаң байлар эмес, кандайдыр бир өзгөчө жетишкендиктери менен айырмаланган адамдар кире ала турган «Стикс» клубунун кадырлуу мүчөсү кылып жазып коюуга уруксат сурады. Мартин буга ого бетер таң калды, бирок сунуштан акырын гана баш тартып койду.

Ал мурдагыдай эле өзүнүн кол жазмаларын басмаканаларга бөлүштүрүп таратуу менен алек болуп жатты. Басмаканалар болсо ага үстөк-босток мактоо менен жактыруу каттарын жаадырып жатышты. Алар бир ооздон аны мыкты стилист деп эсептеп, анда форманын кооздугу астында бай мазмуун катылып жатат дешти. «Түндүк баяндамасы» анын «Сулуулуктун бешиги» аттуу көлөмдүү макаласын басып чыгарып, андан дагы ушул сыяктуу беш-алты мазмундуу макаланы жиберүүсүн өтүнүп кайрылды, Мартин болгон эски запасын коротуп, алардын өтүнүчүн аткарууга эмеле киришти эле, күтүлбөгөн жерден «Бэртондун журналы» ага ар бири беш жүз доллардан турган беш макала жазып берүүгө буйрутма кылып калбаспы.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.