Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

 

XXXVI ГЛАВА

— Жүрүңүз, мен сизге «чыныгы адамдарды» көрсөтөйүн, — деп калды Бриссенден Мартинге январдын бир кечинде.

Алар Сан-Францискодон тамактанып, Оклендке кетчү паромго жаңыдан отурганы атканда күтүлбөгөн жерден Бриссендендке Мартинге «чыныгы адамдарды» көрсөтөйүн деген азыгырык ой келе калбаспы. Ал артына бурулуп, пристанды бойлой басты, этеги шамалга желпилдеген калдыркан плащчан карааны кудум эле көлөкө жылып бараткандай, артынан ээрчип алган Мартин болсо араң жетишип келатты. Жолдон Бриссенден эки бөтөлкө эски портвейн сатып алып, аларды эки колуна кармаган бойдон Мишен-стритти көздөй бараткан трамвайга секирип түштү. Койнуна төрт бөтөлкө виски салып алган Мартин да артынан кетти. «Азыр мени Руфь көрүп калса эмне дээр эле» — деген ой Мартиндин башына кылт этип, кайра жок болду, себеби, эси дартынын баары экөө ашыгып бараткан «чыныгы адамдарда» болчу.

Бүгүн ал жерде эч ким болбосу ыктымал, — деди Бриссенден Мартин экөө трамвайдан түшүп, Маркет-стриттин түштүгүн көздөй кеткен жумушчу кварталдын караңгы бурчуна кире беришкенде. — Андай болсо сиз эчактан бери самап жүргөндөрдү көрө албайсыз!

— Деги алар эмне болгон кыйындар? — сурады Мартин.

Адамдар, баягыда экөөбүз жолугушкан кызыл кулактар байырлап алган ыплас жердеги келжиректер эмес, нукура акылдуу адамдар. Сиз китеп окуп, жалгыздыктын азабын тарттыңыз! Мен азыр сизди өзүңүздөй анча-мынча нерселерди окуган адамдар менен тааныштырам, анан эч качан жалгызсырабай каласыз.

— Мен алардын баш аягы жок талаштарына көп кызыга бербейм, — кошумчалады Бриссенден бир квартал баскандан кийин, — мен негизи эле китеп философиясына таптакыр чыдабайм, бирок ошондой болсо да алар буржуазиялык чочколор эмес, чыныгы адамдар экени шексиз! Бирок абайлаңыз, эмне туурасында сүйлөшө кетсеңиз да алар сизден ашып түшөт!  

— Ал жерде Нортон болот ко деген үмүттөмүн, — деди ал бир аздан кийин,  күйүгүп кышылдап чыкса да Мартинге колундагы бөтөлкөлөрүн көтөртүп алганга көнбөй. — Нортон — идеалист. Ал Гарвард университетин бүткөн! Эстутуму шумдук! Идеализм аны анархиялык философияга алып келгенден соң үй-бүлөсү андан баш тартып кетишкен. Анын атасы — темир жол кампаниясынын президенти, мультимиллионер, уулу болсо Сан -Францискодо айына жыйырма беш долларлык акыга анархиялык бир журналчаны редакторлоп, эптеп-септеп жанын багып жүрөт.

Мартин Сан-Францискону,  айрыкча шаардын ушул бөлүгүн жакшы билчү эмес, андыктан Бриссенден аны кайда алып бара жатканын таптакыр эч түшүнө албады.

— Алар жөнүндө мага дагы айта түшсөңүз, — өтүндү ал, — мен алар менен алдын ала таанышып алгым келип турат. Алар кантип жан багат? Быякка кайдан келип калышкан?

— Бүгүн Гамильтон келип калар, — деди Бриссенден бир аз демин басып алыш үчүн токтой калып. — Страун-Гамильтон — өтө байыркы фамилия, жакшы атанын баласы, бирок өзү кудайдан жөө качкан селсаяк, анан да жанда жок жалкоо, социалисттик кооперативде жумасына алты доллар үчүн кызмат кылат, тагыраак айтканда, кызмат кылымыш этип жүрөт. Айтор, оңоп болгус бир түгөткүр. Сан-Франциского деле тентип келип калган. Көп жолу ушундай болду, ал керели кечке наар татпай, тишинин кирин соруп, бак ичиндеги орундукта отурганын көрөсүң. Анан бооруң ачыйт да. Жүрү, эки квартал ары турган ресторандан тамак алып берейин десең, билесизби, ал ойрон эмне жооп айтарын? «Анчалык түйшүктүн эмне кереги бар, достум. Андан көрө мага бир пачке тамеки алып берсең болду!» — деп коет. Ал да Крейз аны материалисттик монизмдин жолуна буруп жибергичекти сиздей спенсерианчы болчу. Эгерде колуман келсе мен аны монизм туурасында кеп козготконго аракет кылам. Нортон да монист, бирок ал духтан башка эч нерсени мойнуна албайт. Ал Гамильтон жана Крейз экөө менен өмүр бою кармашып келатканы келаткан.

— Крейз деген ким? — сурады Мартин.

Азыр экөөбүз так ошого баратабыз. Университеттен куулуп кеткен мурдакы профессор, — буга таң калып деле кереги жок. Акылы тимеле устарадай курч, өз оокатын ар кандай жол менен таап жүрөт. Бир кезде факир да болуп да кеткен. Тартынуу деген анда жок, ким эмне деп атат, ага баары бир. Керек болсо өлгөн кишинин да кепинин сыйрып алгандан кайра тартпайт. Анын буржуйлардан айырмачылыгы уурулукту каратып туруп жасаганында. Ал Ницше, Шопенгауэр, Кант жөнүндө, деги кой, кимисин болбосун кеп кыла берет, бирок кызыкканы бир гана монизм (дүйнө, жаратылыш жөнүндө философиялык окуу — Б.Ш.). Монизм жөнүндө өзүнүн аялы Мэрини ойлогондон көрө көбүрөөк ойлонот болушу керек. Геккелди тимеле кудайындай көрөт. Аны акаарат кылгың келсе — Геккелге тийишип кой, болду. Мына, келип да калдык.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.