Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

— Бирок башкалар жөнүндө да ойлосоңуз боло! — кыйкырып жиберди Мартин. — Анткени сулуулуктун максаты — кубандыруу менен рахат тартуулоо эмеспи!

Мени ушул эле кубандырып, рахат тартуулай берсин.

— Өзүмчүл болбоңуз!

— Мен таптакыр өзүмчүл эмесмин!

Бриссенден кийинки айтар сөзүн камдагансып суз, табалай жылмайып койду.

— Мен ач камандай башкалар үчүн жанымды таштап жиберем.

Мартин аны чечиминен баш тарттырууга куру бекер аракеттенген экен.  Мартин Бриссенденди журналдарды жек көргөнү болбогон кеп, фанаттык экенин, анын бул жоругу Диана Эфесскаянын сарайын өрттөп жиберген Геростраттын кылган кылмышынан жүз эсе уяттуураак экенин айтып ишендирүүгө аракет кылды. Бриссенден болсо анын айткандарын угумуш болуп, сеники туура дегендей башын ийкеп коюп, грогдон ууртап отура берди, алтургай, журналдарга тиешелүү эмес айткандарынын баарына макул болуп да жатты.  Анын редакторлорго карата болгон жек көрүүсүнө чек жок эле, аларды ал Мартинден да катуурак сөкчү.

— Сураныч Мартин, мага ушул поэманы машинкеге жакшылап басып берсеңиз, — деди ал, — сиз муну ар кандай машинисткадан миң эсе жакшы кыласыз. Эми мен сизге пайдалуу бир кеңеш бергим келет, — Бриссенден чөнтөгүнөн көлөмдүү кол жазманы сууруп чыкты. — Мына, сиздин «Күндүн осолдугу» деген чыгармаңыз. Муну мен үч кайталап окуп чыктым! Бул менин  сиздин чыгармаңызга берген эң чоң мактоом. Сиздин «Эфемерида» жөнүндө мага айткандарыңыздан кийин мен албетте унчукпоом керек. Бирок сизге муну айтып коёюн: эгерде «Күндүн осолдугу» басылып чыга турган болсо, чуулганы чоң чыгат. Андан улам талаш –тартыш катуу жүрөт, бул болсо сиз үчүн ар кандай рекламадан артык эмеспи.

Мартин каткырып жиберди.

— Сиз мага бул макалаңды журналдардын бирине жибер дегиңиз келип турабы?

— Жок, эч качан, эгерде өзүңүз эле журналга басып чыгарууну каалабасаңыз. Мунуңузду ири басмаканалардын бирине сунуштап көрүңүз. Мүмкүн аны ал жактагы келесоо чалыштардан же аракка абдан тоюп алган рецензенттерден бирөө окуп калып,  дурус пикирин айтып калса ажеп эмес. Ооба, сиздин китепти көп окуганыңыз көрүнүп турат! Анын баары тең Мартин Идендин мээсинде кайнап келип, «Күндүн осолдугунда» айтылган экен. Мартин Иден бир кезде абдан атактуу болот жана ал атагынын кыйла бөлүгүн мына ушул нерседен табат. Ошондуктан Мартин, муну баса тургандарды издеңиз, канчалык эрте тапсаңыз, ошончолук жакшы болот!

Бриссенден бул кечте Мартиндикинде узакка чейин отуруп калды. Мартин аны узатып барды, трамвайга түшүп атып Бриссенден күтүлбөгөн жерден досуна уйпаланган бир кагазды сунду.

— Муну алып коюңуз, — деди ал, — бүгүн ат чабыштан жолум болду эле!

Коңгуроо шыңгырап, трамвай ордунан жылды, Мартин болсо колундагы уйпаланган кагазды кармаган бойдон эч нерсеге түшүнбөй, таң кала узатып кала берди. Бөлмөсүнө келип, колундагы кагазды ачып караса банктын жүз долларлык чеги экен.

Мартин аны эч бир тартынбастан пайдаланды. Ал досунун акчасы көп экенин жакшы билчү, анүстүнө карызын кыска мөөнөт ичинде кайтара аларына ишеними бекем эле. Эртеси ал өзүнүн бардык карыздарынан кутулду, Марияга жатакана акысын үч ай алдын ала төлөп, өзүнүн ломбарддагы бардык буюмдарын кайра чыгарып алды. Мэриендин тоюна, Руфь менен Гертрудага рождествого белектерди сатып алды. Акырында Мариянын топураган балдарын

 Оклендге ээрчитип барып, өзү убада кылгандай (бир жыл кечигип болсо да) Мариянын өзүнө да, балдарынын бирин койбой баарына тең батиңке сатып берди. Толтура оюнчук, татуу-патуулардан да алып берген соң анын баары балдардын мыйтыйган колдоруна араң батып турду.

Булардын баарын топурата ээрчитип кондитердик дүкөнгө кирип бараткан жерден Мартин кокусунан Руфь менен миссис Морзго карпа-күрп жолугушуп калды. Миссис Морз оозу ачылган бойдон туруп калды, алтургай, Руфь да эмне кыларын билбей, уяла түштү. Руфь адамдын сырткы келбетине абдан маани бере  турган, андыктан сүйгөн жигитин жайнаган самтыраган португал балакайлар менен көрүү ага абдан жагымсыз болду. Мындай намыссыздык менен өзүн сыйлабагандык Руфка катуу тийди. Ушул окуядан ал Мартиндин эч качан өз чөйрөсүнөн жогору боло албастыгынын дагы бир далилин көрдү. Бул өзүнөн өзү жагымсыз нерсе эле, минтип элдин баарына, анын жакындарынын көзүнчө мактаныштын түк кереги жок болчу. Алардын баш кошо турганы купуя сыр болгону менен, экөөнүн мамилеси эч кимге деле жашыруун эмес болучу,  анан да так ошол маалда өчөшкөнсүп дүкөндө Руфтун жайнаган тааныштары да жүрүшкөн экен, баары тең моюндарын созо миссис Морздун сүйгөн жигитин курчап алган таң калыштуу чөйрөгө карап калышты. Руфь деле пенделердин ушак-айыңынан өйдө туралбас эле, Мартиндин мындай жүрүм –туруму ага таптакыр түшүнүксүз болду. Анын бөтөнчө сезимтал натурасы бул окуяны шермендечилик катары кабыл алды, ошол күнү Морздордукуна келген Мартин күтүлбөгөн жерден Руфтун абдан толкунданып алганын көрүп, чөнтөгүндөгү ала келген белегин да чыгара алган жок. Ал биринчи мертебе Руфтун көз жашын — ачуусу менен ызасынан келген көз жашын көрдү, бул ушунчалык анын эсин оодаргандыктан, айыбы эмнеде экенин жакшылап биле албаса деле өзүн орой айбан экенсиң деди ичинен. Өзүнүн чөйрөсүндөгү адамдардан уялам деген Мартиндин оюна да келген эмес, Мария Сильванын балдарына майрамга карата белек сатып берүү үчүн дүкөнгө барганы Руфка эч кандай акаарат келтире турган иш эмес экенин көрүп турду. Бирок ал Руфтун айткандарын угуп, таарынычын түшүнгөнгө даяр эле, андыктан бул арзыбаган майда окуяны аялдын кадыресе эле алсыздыгы деп түшүндү, а мындай алсыздык кыязы, эң мыкты деген аялдарга деле таандык болот турбайбы деди.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.