Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

Эмне экен билбесе! Эми ал улам бийикти көздөй умтула берет. Руфту да артынан ээрчитет. Руфту ушунчалык бериле сүйгөндүктөн, аны кайда болбосун, өзгөчөлөнүп турат деп эсептечү.  Эми ал Руфь өсүп чоңойгон чөйрө, өзүнүн чөйрөсү бир кезде коё бербегендей эле, аны да колдон буттан тушап турганын түшүнүп турду. Руфь ушул убакка чейин бир жолу да өзүн көрсөтө алган жок. Анын атасынын кабинетиндеги китептер, дубалдагы сүрөттөр, өзүнүн роялда ойногону — мунун баары сырткы гана кооздук гана болчу. Чыныгы адабиятка, чыныгы живописке, чыныгы музыкага Морздор менен алардын бардык тааныштары сокур, дүлөй эле.  Мунун баарынан да жашоо маанилүү экени туурасында аларда ныпым түшүнүк да жок болчу. Алар өзүлөрүн билармандар эсептеп, эркин ой жүгүрткөндөрдүн жасалма маскасын тартынып алышканы менен нукура пайдалуу илимден, бери эле дегенде, эки кылым артта калышкан; алар орто кылымдагыдай ой жүгүртүшөт, алардын дүйнөгө жана анын жаралышына болгон көз караштары болсо жаңыдан гана пайда болгон жаш расаны, үңкүрдө жашаган адамдарды эске салып, байыркы жана кийинки жаңы метафизиктердин көз караштарын элестете турган. Бул болсо алгачкы маймыл кебете адамды караңгылыктан коркууга мажбурлаган, иудейге Умай эненин Адам атанын кабыргасынан жаралган деген ойго ишендирген так баягы метафизиканын дал өзү болчу. Бул метафизика Декартка дүйнөнү жарыбаган «мен» деген өзүнүн сүрөтү катары кароону үйрөткөн, ал эми англиялык бир таанымал попту аёосуз мыскыл аркылуу эволюцияны шылдыңдаганга шыкактаган, анын бул аракети ишке ашып,  шумдук суктанууну жараткан жана  анын ысмын тарых бетине балчайган кара боёк менен калтырып кеткен.

Мунун баарын Мартин канчалык көбүрөөк ойлонгон сайын ошончолук бекем бир ишенимге келип турду: мобул адвокаттар, офицерлер, ишмерлер, банкирлер менен кара тамандардын ортосундагы болгон айырмачылык эле алардын башкача тамактанып, башкача жашап анан кийингенинде гана тура. Байкаса булардын баарына тең ал китептен таап, өзүнөн сезген эң башкы нерселер жетишпейт экен. Морздор Мартинге өз чөйрөсүнүн каймактарын көрсөтүштү, бирок Мартин буга жетине албай кубанган жок. Итке минген мандикер кедей да ага Морздордун үйүнөн кездештирген адамдардан өйдө көрүнчү болду. Ломбарттан кайра алган кара кастүмүн кийип алып келген Мартин булардын арасында өзүн малчылардын арасында отурган канзаададай сезчү болду.

— Сиз социалисттерди жек көрөсүз жана алардан коркосуз? — деди ал бир күнү дасторкон үстүндө мистер Морзго бурулуп, — бирок эмнеге? Сиз алардын өзүлөрүн да, көз караштарын да билбейсиз да.

Социализм туурасындагы кеп миссис Морз мистер Хэпгудду дагы бир жолу жер-сууга тийгизбей мактагандан кийин козголду. Мартин дымагы асман чапчыган бул немени көрөйүн деген көзү жок, ошондуктан ал туурасындагы ар кандай кеп итиркейин келтирип, чыдай албай калчу.

— Ооба, — деди Мартин, — Чарли Хэпгуддун келечеги алдыда, элдин баары айтып атат муну, бул чын. Менимче, ал өлөөрүнө али көп болсо да губернатордук орунду ээлейт деген ойдомун, алтургай, сенатор да болуп кетиши ажеп эмес.  

— Эмне үчүн сиз минтип ойлойсуз? — сурады миссис Морз.

— Мен анын шайлоо алдындагы сүйлөгөн сөзүн уктум. Анын сөздөрү ушунчалык акылдуусунган келесоо, тажатма, анан да ишенимдүү экен, лидерлер аны эң коопсуз, ишеничтүү адам деп эсептеши керек го дейм. Ал эми анын оройлугу орто шайлоочунун оройлугуна куп гана жарашып турат. Кимге болбосун, өзүнүн көз карашын кафедрадан уккан жагымдуу эмеспи.

— Мага жагып турганы сиз мистер Хэпгудга суктанып жаткандай көрүнөсүз, — деди Руфь.

— Кудай сактасын!

Мартиндин көздөрүндөгү пайда боло түшкөн жек көрүү миссис Морзго жага бербей калды.

— Сиз эми мистер Хэпгудду акмак деп айткыңыз келбесе керек? — сурады ал заар какшык аралаш.

— Бирок орто республикачыдан же орто демократтан келесоорок эмес, — деди каршы чыккан Мартин. Алардын баары же митаам, же дөөпайлар, бирок митаамдары азыраак. Бирден-бир акылдуу республикачылар — булар миллионерлер менен алардын кол астындагы аң-сезимдүү малайлары. Булар жок дегенде кайсы жерден чуу чыгаарын жана ал эмнеликтен чыгаарын абдан жакшы билишет.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.