Жек Лондон

Мартин Иден

Жек Лондон

 

XXIX ГЛАВА

Мартин Иден үчүн бул жай өтө оор болду. Редакторлор менен басмакерлер эс алууга кетип калышып, демейде үч жумада кайтып келип калуучу кол жазмалар эми редакцияларда үч ай бою жатып калчу болду. Мунун бир гана жакшы жери, маркага акча коротуунун кереги жок эле. Бир гана шылуун журналдар баягыдай эле чыгып атышты. Мартин аларга бүт алгачкы чыгармаларын: «Акак кармоочуларды», «Матростун кесибин», «Таш бака кармоону», «Түндүк-чыгыш шамалын» жөнөтүп жиберди. Бирок бул очерктердин бирине тыйын төлөп коюшкан жок. Чынында алты ай кат алышып атып «Таш бака кармоо» деген очеркинен өндүргөн тыйынына устара сатып алды, ал эми «Акрополь» болсо ага «Түндүк-чыгыш шамалы» үчүн беш доллар жана жылдык жазылуунун беш санына бекер жазып коюуга убада берип, бирок ал айткандарынын экинчи бөлүгүн гана аткарды.

Стивенсон жөнүндөгү сонетине Мартин акчага битирирек бостондук бир басмадан эки доллар алды. Мартиндин жаңы жазып бүтүргөн «Пери жана акак» деген поэмасы темир жолдук ири компаниянын каржылоосу менен чыгуучу Сан-Францисконун бир журналынын редакторуна бөтөнчө жагыптыр. Редактор бул поэмасынын акысына Мартинге поюзга акысыз мингенди сунуш кылды эле бирок Мартин редакторго кайрылып, мындай укукту башка бирөөгө берсе болот деп сурады. Бирок ал акысыз белеттин укугу башка адамга берилбей тургандыгын, демек, тыйын да ала албай турганын түшүнгөн Мартин кол жазманы кайтарып бергиле деп талап кылды. Кол жазма кайра бат эле келип калды, оңбогон редактор поэманын басылбай калганына “терең өкүнгөнүн” да айтып, кошумчалап коюптур. Мартин эми поэмасын Сан-Францискодон чыкчу «Шершень» аттуу журналга жиберди, баса, аны бир мыкты калемгер— журналист негиздеп, анан журналды бат эле өзү кайра сызга отургузуп кеткен экен.  Ошентип бул журналдын жарык жылдызы Мартин төрөлө электе эле томолонуп кеткен эле. Редактор Мартинге поэмасы үчүн он беш доллар сунуш кылып, бирок, поэма басылып чыккандан кийин айткан убадасын унутуп койгон окшойт. Кайра-кайра сурай берип тажаган Мартин жооп келбегенден соң болгон ачуусу менен кат жазып жиберди. Көп өтпөй жаңы редактордон ага чейин иштеп кеткен редактордун кемчилигине жоопкер эмес экенин, «Пери жана акак» жөнүндө болсо пикири анчалык деле жогору эмес экенин айткан салкын жооп алды.

Башкадан көрбөгөн кордукту Мартинге өзгөчө Чикагонун «Глобус» деген журналы көрсөттү. Чыгарсамбы же жокпу деп көпкө чейин олку-солку болуп, анан да ачкачылыктын азабы өткөн Мартин акыры «Деңиз ырларын» басып чыгарсам деген чечимге келди. Он чакты журнал тарабынан кайтарылган бул ырлар акырында «Глобус» журналынан өзүнүн тынч ордун тапкандай болду. Циклде баш аягы болуп отуз ыр бар эле, ар бирине бирден доллар алганда да, Мартин отуз доллар алмак. Алгачкы эле айда анын төрт ыры басылып чыгып, ага улай эле төрт доллар алды, бирок журналды ачып көрүп ал чочуп кетти. Себеби ырлардын аттары өзгөртүлүп, «Finis» деп жазуунун ордуна «Финиш»1 делип, «Деңиз аскасынын ыры» дегендин ордуна «Деңиз үлүлдөрүнүн аскасынын ыры» деп жазылып калыптыр. Бир ырдын темасы болсо таптакыр ылайык келбеген аталыш менен алмаштырылыптыр. «Медузанын жарыгы» дегенди редактор «Арттагы из» деп өзгөртүп салыптыр. Ырлардын өзү болсо, тамтыгы чыгып, каалагандай туш келди бурмаланыптыр. Мартин тишин кычыратып, чачын жулмалап калды. Фразалар, саптар, бүтүн бир строфалар чалды –куйду аралашып, дегеле киши окугус болуп калыптыр. Кай бир саптар болсо таптакыр эле башка саптар менен алмаштырылыптыр. Мартин эс-акылдуу редактор кантип эле ушундай кара санатайлык кылсын деп, мындай жорук басмаканада иштеген кайсы бир балакайдын же текстти кайрадан тергендердин иши болсо керек деди. Ошол замат бул ырлар циклин басууну токтотууну талап кылып урушуп да, жалдырап да, коркутуп да удаасы менен үч кат жазып жиберди. Бирок каттары ошол бойдон жоопсуз калды.  Тамытыгы кеткен ырлары ай сайын чыга берди, Мартин болсо басылгандарына ай сайын чек ала берди.  

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.