Жек Лондон
Мартин Иден
— Мына мен республикачымын, — деди жылмайып мистер Морз, — сиз мени кандайча тариздер элеңиз?
— Сиз эрки жок малайсыз.
— Малай?!
— Албетте. Сиз корпорациянын мүчөсүсүз. Сизде жумушчу табынын билими жана кылмыш иштериндеги юридикалык тажрыйба жок. Сиздин кирешеңиз аялдарын урган эркектер менен чөнтөкчүлөргө көз каранды эмес. Сиз коомдогу башкы ролду ойногон адамдардын эсебинен жан багып келатасыз; ал эми ар бир адам курсагын ким тойгузса, ошого кызмат кылат, анын сөзүн сүйлөйт. Албетте, сиз малайсыз! Сиз өзүңүз кызмат кылган капиталисттик уюмдардын кызыкчылыгын коргогонго кызыкдарсыз.
Мистер Морз кызара түштү.
— Мен сизге эскертип коёюн сэр, — деди ал, — сиз ашынган социалист катары сүйлөп жатасыз.
Мына ушул жерден эми Мартин социализм боюнча эскертүү жасады.
— Сиз социалисттерди жек көрөсүз жана алардан коркосуз. Эмне үчүн? Сиз алардын өзүлөрүн, алардын көз караштарын да билбейсиз го.
— Канткен менен сиздин көз карашыңыз социалисттердин көз караштары менен дал келгенсип турат, — каршы чыкты мистер Морз.
Руфь аңгемелешип жаткандарга кабатырлана көз чаптырса, ал эми миссис Морз болсо, ичинен өзүнүн душманынын үй-бүлө башчысынын каарына тийип алганына сүйүнүп турду.
— Эгерде мен республикачыларды келесоо деп атап, эркиндик, теңдик жана бир туугандык — бул самындын көбүгү деп айткан болсом, мындан улам мени социалист экен деп айтууга болбойт, — деди Мартин жылмайып, — эгерде мен Джефферсонго жана ага таалим тарбия берген берки дөөпөрөс французга ишенбесем, бул да мени социалист деп эсептегенге жетишсиз. Ишенсеңиз, мистер Морз, мага караганда социализмге сиз алда канча жакыныраак турасыз, мен болсом анын эзели келишпес душманымын.
— Сиз албетте тамашалап жатсаңыз керек? — сурады мистер Морз, кекеткендей.
— Кенедей да тамаша жок. Мен болгонун айтып жатам. Сиз теңдикке ишенесиз, бирок ушул теңдикти кантип көргө көмсөк деп гана баш катырган капиталисттик корпорацияга кызмат кыласыз. Ал эми мени болсо сиз теңдикти четке какканым үчүн жана өзүңүз бүткүл өмүрүңүз менен далилдеп келе жаткан принципти ырастаганым үчүн гана социалист атап жатасыз. Республикачылар — кай жерде болбосун, теңдикти ооздорунан түшүрбөгөнү менен өзүлөрү анын анык душмандары. Алар теңдиктин урматына дайыма теңдикти бузуп келатышат. Ошондуктан мен аларды келесоолор деп эсептейм. Мен болсом идеалистмин. Мен жарышта күлүк, күрөштө күчтүү жеңерине ишенем. Мен бул чындыкты биологиядан, айтор, биологиядан үйрөндүм окшойт. Дагы кайталап айтайын, мен идеалистмин, ал эми идеалисттер болсо, социалисттердин эзелтен келаткан түбөлүк душманы.
— Ошентсе да сиз социалисттик митингдерге барып жүрөсүз го, — деди итиреңдеген мистер Морз.
— Албетте. Чалгынчы душмандын чебине баргандай эле барам. Башкача жол менен душмандын сырын кантип билесиң? Мындан тышкары, ал жерде болуу абдан көңүлдүү. Социалисттер — мыкты кара талаштар, анан да алар жакшыбы, же жаманбы, айтор, бир нерсени үйрөнгөн. Кимиси болбосун, социология жана ар кандай башкача «логиялар» жөнүндө катардагы капиталистке караганда кыйла көбүрөөк билет. Ооба, мен социалисттик митингдерде он жолу болдум, бирок мындан Чарли Хэпгуд ашкере чеченсингенинен республикачы болбой калган сыяктуу эле, мен да социалист болуп калган жерим жок.
— Билбейм, билбейм, — деди жүүнү бошой түшкөн мистер Морз, — мага эмнегедир сиз баары бир социализмге жан тартып аткандай сезилесиз.
«Шайтан алгырдыкы — ойлоду Мартин, — бул бир сөздү да түшүнбөптүр! Мен киши эмей эле, дубал менен сүйлөшүп жаткандай! Мунун алган билими кайда кеткен?
Мына ушинтип Мартинге өзүнүн өсүш жолунда буржуазиялык таптык мораль менен бетме-бет кагылышты жана көп өтпөй бул ага кишини коркуткан каракчы болуп калды. Ал өзү интеллектуалдуу моралист эле, ошондуктан тегерегиндеги адамдардын моралы алардын керсейген дымагынан көрө көбүрөөк кыжырын кайнатып жиберер эле, бул болсо, экономиканын, метафизиканын, сентименталдуулуктун жана тууроочулуктун таң каларлык аралашмасы болчу.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.