повесть
Касымалы Баялинов: Ажар
I
Күн кылтылдап, уясына батып бара жатат. Ала-Тоонун чокусуна токтогон бирин-серин үлбүрөгөн ак булуттар күндүн батарда чачкан нуруна боёлуп, кызгылт тартып, дүйнөгө жаңылык киргизгендей. Учу түбү жок туңгуюк көк да, казанбактай көмкөрүлүп, бүткүл макулукту кучагына алып, өзүнүн кечки жумшак илеби менен алда кимди сүйүнткөндөй болот. Калың бейитти бет алган жалгыз аяк жол менен үч аял келе жатты. Бирөөнүн үстүндө шайы ала чапаны бар, жоолугу бош ийинине түшүп, жылаң баш, аягында кепич, маасы, өңү саргайыңкы, жүдөңкү, ак жүзүнүн көркү кетип, көзүнүн алды карарган. Жашы 15—16 чамасында, сенделип, буту араң гана шилтөөгө келип, муңдуу жумшак көз жашы тыйылбай, үшкүрүгү таш жарат. Бул — биздин азыркы сөз баштамакчы болуп олтурган Ажар деген кыз болуп, беркилери — Ажарга жолдош болуп бирге чыккан ошол жердик аялдар. Булар, кедейдин алачыгына окшоп, көп бейиттин четинде турган бир кичирээк мүрзөгө келип токтошту. Ал Ажардын энесинин мүрзөсү. Ажар мүрзөнү көргөндө, токтоп тура албай, мүрзөнү кучактап, буркурап-боздоп ыйлап жиберди.
— Жаным, апа! —деди Ажар.
Үн жок… Жымжырт…
— Жаным, апа, тур! Жетим тайлактай боздоп, жетимсиреп, артыңда калган жалгызың келип, жалооруп жаныңда олтурат. Жалгызыңдын сөзүн ук, ая! Жалгызың бүгүндөн баштап, ата-бабасы тааныбаган бөтөн журттун бирөөнө башы байланганы, ага сатылганы жатат. Андан куткар, ал азапты көрсөтпө, койнуңа ал, ач, койнуңду!..
Сенин өлгөнүңө кайгылуу болуп, кан жутуп, сабыркап, санаа тартып жүргөн кезимде, багат-көрөт деген тууганың мени бул күнгө түшүрүп, бир жат кишиге сатып кетип, сай-сөөгүмдү сыздатты, зарлантты, муңдантты, мага да өлүм керексинтти. Бирок сага берген ажалды кудай мага ыраа көрбөдү. Жасаган ай, мунуң эмне? Анык бар болсоң, мени эмне көрбөдүң?
Кантейин, эң болбогондо, теңтуш болсо, кыздын барар жери күйөө дегендей, жаттыгына карабай, «мейли» деп да коёт элем. Бирок ал, маркум атамдан да карыган киши экен. Ага канткенде барам? Кантип аны өмүрлүк жолдош кылам? Андан канткенде кутулам? Кимден кеңеш, кимден жардам сурайм? Айт, апа! Мага айла тап! Менин сенден башка барар жерим, таянар тоом, жашынар караган-бутам калбай калды. Бирок сен, апа, жоксуң… Сен боору суук кара жердин койнунда түбөлүк уйкуда жатасың…— деп, боздоп Ажар ыйлады. Көзүнүн жашы он талаа болуп, бетин жууду…
Ажардын ким экендигин окуучуга айта кетелик. Ажар 16-жылкы үркүндө кытай элине сатылган кыргыз кыздарынын бири. Атасы Айткулу үркүндө окко учкан, энеси Батма кече жакында, кытай жеринде өлдү.
Ажар Айткулунун карыганда көргөн жалгызы болучу. Батманын мурунку балдары токтобой, бардыгы жаш кезинде өлгөн. Батманын боюнан түшкөн балдары да болгон. Айткулу ага көп аракет кылды. Айылдагы бакшы, молдолорго Батманы көрсөтүп, далай чыгымданды, карызданды, Кашкардан келген азрети аппак кожого да көрсөттү. Ал, Батманын мойнуна тумар тагып, чыныга аят жазып, эзип ичирип, бир топ күнү жаткан. Түн ортосуна чейин исми агзам дубасынан бир нечесин кабаттап окуп чыгып, бир канча ырым-жырымдарын жасаган. Түшүндө Батманы айлантып жүргөн кара чаар, көк жал жолборс менен күрөшүп, кырк чилтен менен сүйлөшүп, көп-көп кереметтер көргөн. Мунун бардыгын мыктап туруп эртеңки чайга олтурганда кожокем Айткулу менен Батмага айткан. Көп кечикпей, арысы эки, бериси бир айдын ичинде Батманын боюна шексиз бир эркек бала бүтүп, анын аман-эсен туулушуна Батманы да, Айткулуну да ишендирген. Бирок ал үчүн кырк чилтендин тапшырган жумушу деп, бир жылкы кудайы керек экендигин айтып жатып, Айткулунун жалгыз көк чологун алып, кожокем жолго түшкөн. Мындан үч жыл өткөндөн кийин кожосуз, молдосуз, бакшысыз эле Батманын боюна бүтүп, Ажар туулган.
Ажар үркүнгө чейин эч бир жаманчылык көрбөй, бир үйдүн эркеси болуп өстү. Эл үрктү. Чүй боорундагы эл келип, Коңур-Өлөң, Ала-Башты каптап конушту. Түтүнгө бир кишиден ирет болуп, аскерликке чыксын деп, манаптар буйрук кылышты. Ал иретке Айткулуну да чыгармакчы болушту. Айткулу андан калмакчы болуп, айыл манабы Сагындын алдына барды.