повесть
Касымалы Баялинов: Ажар
От бастап, өчүүгө айланды. Кайтып алыстан карышкырлар улушту, жакындашты, Ажардын алды-артын тороп, айлантып, курчап алышты.
Ажар чындап эми жанынан үмүт үздү. Таянган жалгыз отунан ажырарын, жоосунун колуна түшөрүн, райымсыз жырткычтарга жем болорун билди, көңүлү караңгылады. Акылы, алы кетти. Эси ооду. Көзүнө жер, чөптөр, тоо-таш — баары да жоо болуп көрүндү. Арбайып-тарбайып, оозун ачып, жакындап келе жаткан сыяктанат. Ага айла кылмакчы, каршы турмакчы болду. Колу менен чоктуу күлдү шилеп, жан жагына ыргытты, чачты. Карышкырлар болбоду, күчүнө алды, кыңшылашып туш-тушунан качырышты.
— Мына эми, мен силердики, алгыла! —деди Ажар. Башка сөз айтууга кубаты келбеди. Жыгылып кетти…
Үстүнө карышкырлар үймөлөктөшүп калды. Жемди талашты, ырылдашты, ары-бери сүйрөштү. Чырылдаган Ажардын аянычтуу үнү гана угулду…
Асмандагы көп жылдыздар Ажарды аяшты, кызганышты, сулуу ай да муңайып, Ажарга актык нурун берип, кош айтышты.
Кош, боорум! Сага окшоп, өз боштондук, өз теңдигин талашып, кулдуктан кутулууну самаган эчен миңдеген ага-туугандарың, эже-сиңдилериң канкор падышанын куугуну, сүргүнү астында тепселишти, көбү максатына жете алышпай, арманда кетти. Кыргыздын далай кыздары, балдары жер-суусунан, эли-журтунан, ата-энесинен ажырашып, кан какшады… Сен ошолордун бирөөсүң. Сен көздөгөн тилегиңе жете албастан, азаттык, теңдик жолунда, ээн жер, элсиз чөлдө арманда кеттиң…
Кош, боорум Ажар!