повесть
Касымалы Баялинов: Ажар
Турмуш жөнүндөгү Ажардын бар билими ушул. Бирок бөтөн журттун колундагы аялдардын турмушу кандай болуп күн кечери Ажарга белгисиз. Алардын тили, үрп-адаты Ажарга жат нерсе. Ажар бул сыяктуу журтту биринчи гана көрүп олтурат. Андай болсо, Ажарга кантмек керек? Сааракан сыяктуу өзүнүн теңин таап, бирөө менен качмак керекпи? Качканда ким менен качмакчы? Кимди издемекчи? Азыркы саатта ак көңүл, адал ниет, эр жүрөк жаш жигит Ажарга кайдан табылат? Ажар бактысыз. Ажар турмуш кулу. Эмесе, ал, күнү үстүнө бармакчы, үчтүн бири болмокчу.
Бир кезде эшик кычырап, ачылгандай болду. Ал жактан делдек таноо, кара чаар, көзү кылмыйып уясына кирген, ээгинде сербейген буурул сакалы бар, жашы 50—55 тер чамасында, эң сүйкүмсүз бир киши көрүндү. Бул биздин күйөө — Чыр.
Ажар чочуп кетти. Жүрөгү туйлай баштады. Бүткөн боюна калтырак кирди. Анын басканы, дем алганы Ажардын кулагына угулду. Жакындай баштады. Бүркүттүн бутуна окшоп, арбайган кол келип жуурканга жармашты. Чарымдай катуу, муздак дене жылып төшөккө кирди. Ажар жыйрылды, качмакчы, бакырмакчы болду, бирок алы кетти, үнү бүттү, дени өлдү. Колу-буту кыбыроого келбей барып, суук дененин кучагына кирди. Ал жулмалады, кучактады, бооруна кысты… чоп-чоп эткен үн чыкты…
Алты ай өттү. Чырдын сонуну таркады. Мурун Ажарга үзүлүп түшүп, Ажарды кысып-кысып сүйүп, күн сайын койнунда боло турган болсо, азыр жумасында бир, болбосо жок. Чырдын эки катыны да Ажардын кырына чыгып, жакшылык көрсөтүшпөдү. Ажарды таманга чаап, жумушка салышты. Күл чыгарган, чай койгон, от жаккан ким? Ажар. Ажарга ал да аздык кылды. Байбичелердин таягы да тие баштады. Ажар жүдөдү, арыктады, өчтү…
Соңку кездерде алардын көрсөткөн кордугу айтып бүтүргүсүз Ажардын жанына батты. Ажарга өлүүдөн, болбосо тентип, бир жакка кетүүдөн башка эч бир айла калбай калды.
IV
Майдын аяк кези. Түн… Асман ачык… Мончоктой тизилип көк деңизинде сүзүп жүргөн сансыз жылдыздар бир-бирине ым кагышып жымыңдашат. Жаратылыш койнундагы нерселердин бардыгы да көшүлүңкү тартып, май айынын түнкү коңур, салкын абасына батып, жай алып, таттуу уйкуга бастырылган. Бирок кыбыладан жумшак жел согуп, өсүмдүктөрдүн жазгы жаш жалбырактарын кыймылдатып, желбиретип турат. Алыста ышкырып, «айтаттаган» күзөтчүлөрдүн үнү угулат.
Акырын басып, Чырдын дарбазасынан Ажар чыкты. Ажарда өң жок, жүдөгөн, узун кара чачы чубалып аркасында. Элең-селең этип кылчактап ал арт жагын карайт, жүгүрөт, шашат… Ажар чуркап отуруп, энесинин мүрзөсүнө келди. Мүрзөнү кучактады. Капкайдагы бук болгон ичтеги арманын көз жашы менен айтып, буркурап, боздоп, энесинин мүрзөсү менен коштошту. Түбөлүк таттуу уйкуда жаткан Батманын өлүгү да алыска сапар кетип бара жаткан жетимин аягандай болду, күңгүрөндү…
Ажар Какшаалды бет алды. Себеби: Какшаалда турган кыргыздар бар экендигин уккан. Какшаал Турпандын кайсы жагында нече күнчүлүк жер экендигин да ал жакшы билет. Ажар иш кылып ошол кыргыз элине барып, башын жашырып, Чырдан кутулмакчы.
Ажар чуркап жүрүп олтуруп, таң сүрүүгө жакын калганда, бир калың чычырканактуу токойго келип бекинди. Токой ичиндеги майышкан жаш чөптөр Ажарды аягандай болду; шоодурап, баштарын кыймылдатып, Ажардын кайгысына тең орток боло тургандай, качкан жоосунан кутказып, ээн-эркин өз жолуна сала тургансыды. Буралган көк жашыл сабактары, жаш жалбырактары менен Ажарды жашырды, койнуна алды.
Күн чыкты. Түнү бою тилден калгандай үнсүз жаткан токой ичиндеги барлык нерселер эртеңки күндүн таза, күмүш нуруна балкыды. Ажар да бирге балкып, кечке жатты. Бирок уктай албады. Бүткөн боюнун ооруганы, таманынын сыздаганы, жүрөгүнүн дүпүлдөп соккону—аны жалоорутуп, онтолотту. Бул гана эмес, бир жагынан курсагы ачты, эрди кеберсиди. Алы да начарлайын деди. Байкуш, анысына карабай, каш карайып, ымырт жабылган кезде, сенделип ордунан туруп, кайта жолуна түштү.
Көп убакыт өттү. Таң саргайып ата баштады. Ажар Турпандын четинен өтүп, кургакка чыгып, Какшаалдын четине келди. Какшаал суусуз чөл, ээн жер боло турган. Бириндеп ар кайсы жерине чыккан алтыгана, табылгы, жылгындары гана болбосо, башка жерлери чөпсүз, кумдуу мейкин талаа.